Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 29-ноябры ПБ № 210
1. Төмөнкү тиркелген долбоорлор жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишим;
- Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Берүү жөнүндө келишим.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жогоруда аталган келишимдерге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берисин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттары (мындан ары "Тараптар" деп аталуу менен), Тараптардын ортосундагы достук мамилелерди жетекчиликке алып, Тараптардын ортосундагы тыгыз кызматташтыкты чыңдоого умтулуп жана кылмыштарды тергөөнүн жана соттук куугунтуктоонун жана кылмыш жолу менен жана андай иштин натыйжасында алынган кирешени конфискациялоонун жүрүшүндө Тараптардын компетенттүү органдарынын таасирдүүлүгүн жогорулатуу жолу менен жазык иштери 1 боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүүдө көмөктөшүү зарылчылыгын таанып эки Тараптын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Колдонуу чөйрөсү
1. Тараптар ушул Келишимдин жоболоруна ылайык жазык иштери боюнча бири-бирине укуктук жардам көрсөтөт.
2. Ушул Келишимдин максаттары үчүн жазык иштери деп Суратуучу Тараптын компетенттүү органдарынын юрисдикциясына кирген укук тартибин бузууга байланыштуу суроо-талап келип түшкөн учурга карата жүргүзүлгөн тергөө, жазыктык куугунтуктоо же соттук жазалоо түшүнүлөт.
3. Укуктук жардам салык алуу, бажы алымдары, валюта алмашууну жөнгө салуу же киреше менен байланышкан башка ар кандай маселелердин чөйрөсүндөгү укук бузууларга байланыштуу көрсөтүлүшү мүмкүн.
4. Укуктук жардам көрсөтүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
a) адамдардан далилдерди же арыздарды алуу;
b) маалыматтарды, документтерди, материалдарды жана заттык далилдерди берүү;
c) адамдардын же заттардын турган жерин аныктоо жана идентификациялоо;
d) документтерди тапшыруу;
e) тинтүү жүргүзүү жана буюмдарды алуу жөнүндө суроо-талаптарды аткаруу;
f) камактагы адамдардын жана башка адамдардын көрсөтмө берүүлөрүн камсыз кылуу, ошондой эле Суратуучу Тараптын тергөө, жазыктык куугунтуктоо же соттук териштирүү жүргүзүүсүнө жардам көрсөтүү;
g) кирешени жана/же укук бузуу каражатын көзөмөлдөө, жол бербөө, конфискациялоо жана кайтаруу;
h) Суратуучу Тарапка зарыл болгон жана ушул Келишимдин максаттарына ылайык жана Суратылуучу Тараптын мыйзамдарында каршы келбеген башка жардам көрсөтүүнүн каалагандай түрлөрү.
5. Ушул Келишим Тараптардын ортосунда өз ара укуктук жардам көрсөтүү үчүн гана колдонулат. Ушул Келишимдин жоболору кайсыл бир жеке жактарга далил катары алууга, жашырууга же кабыл албай коюуга же жардам көрсөтүү жөнүндө ар кандай өтүнүчтү аткарууга тоскоолдук кылуучу укуктардын пайда болушуна алып келбейт.
2-берене. Маалымат алмашуу
Тараптар ушул Келишимдин аткарылышына тиешеси бар тийиштүү мамлекеттерде колдонулган мыйзамдарга жана сот практикасына карата маалыматтарды алмаша алат.
3-берене. Колдонбоо
1. Бул Келишим төмөнкү маселелерди козгобойт:
a) адамды берүү максатында аны камоо же кармоо;
b) Суратылуучу Тараптын мыйзамында уруксат берилген учурларды кошпогондо, Суратуучу Тараптын жазык иштери боюнча чыгарган өкүмдөрдүн Суратылуучу Тараптын аткаруусу;
c) жаза өтөө үчүн камактагыларды берүү; жана
d) жазык иштери боюнча өндүрүштөрдү өткөрүү.
2. Ушул Келишимдеги эч нерсе өзүнүн улуттук мыйзамдарындагы башка Тараптын органдарынын гана компетенциясына кирген юрисдикцияны жана милдеттерди ал Тараптын аймагында ишке ашыруу укугун Тараптардын бирине ыйгара албайт.
4-берене. Башка милдеттенмелер
Бул Келишим Тараптардын башка келишимдеринен, макулдашууларынан же башка документтерден келип чыгуучу милдеттенмелерин козгобойт жана башка келишимдерге, макулдашууларга ылайык бири-бирине жардам көрсөтүүгө же жардам көрсөтүүсүн улантууга тоскоолдук кылбайт.
5-берене. Борбордук органдар
1. Тараптардын борбордук органдары ушул Келишимге ылайык өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтөрдү иштеп чыгат.
2. Кыргыз Республикасы үчүн Башкы прокуратура борбордук орган болуп саналат, Бириккен Араб Эмираттары үчүн Юстиция министрлиги борбордук орган болуп саналат.
3. Тараптардын ар кимиси өзүнүн Борбордук органын өзгөртө алат, мындай учурда ал өзгөртүү туурасында экинчи Тарапка маалымдайт.
4. Ушул Келишимдин максаттары үчүн жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтөр жана кат алышуу дипломатиялык каналдар боюнча жөнөтүлөт.
6-берене. Өтүнүчтөр
1. Жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүч Суратылуучу Тараптын Борбордук органы шашылыш учурларда факс же электрондук почта боюнча өтүнүчтү кабыл алуу мүмкүнчүлүгү болгон учурларды кошпогондо, жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүч жазуу түрүндө түзүлүүгө тийиш. Мындай учурларда өтүнүч дипломатиялык каналдар аркылуу жыйырма (20) күндүн ичинде жазуу жүзүндө ырасталууга тийиш.
2. Жардам көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүчтө төмөнкүлөр камтылат:
a) өтүнүчкө байланыштуу текшерүү же соттук териштирүү жүргүзгөн компетенттүү органдын аталышы;
b) өтүнүчтүн максатын жана суратылуучу жардамды кыскача баяндоо;
c) өтүнүч келип түшкөн кылмыш жосунунун квалификациясын баяндоо жана анын учурдагы статусу, ошондой эле фактыларды же тийиштүү мыйзамдардын тексттерин, анын ичинде тартип бузуу үчүн жазалоонун максималдуу мөөнөтүн баяндоо;
d) далилдерди, маалыматтарды же башка суратылуучу жардамды баяндоо;
e) Суратуучу Тарап аткарылышын камсыз кылууну сураган кандайдыр бир конкреттүү жол-жобону же талапты колдонуунун себептери жана толук баяндалышы;
f) өтүнүчтү аткарууда күтүлгөн бардык убакытты көрсөтүү;
g) купуялуулукка карата кандайдыр бир өзгөчө талаптар, анын себептери; жана
h) Суратылуучу Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык талап кылынышы мүмкүн болгон же башка бир себептер менен өтүнүчтү талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка бир маалымат же жобо.
3. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтөр канчалык зарыл жана мүмкүн экендигине жараша төмөнкүлөрдү да камтууга тийиш:
a) текшерүүнүн же соттук териштирүүнүн субъекти болуп саналган адамдын же адамдардын ким экендиги, жарандыгы жана турган жери жөнүндө маалыматтар;
b) далил алуу зарыл болгон адамдын ким экендиги жана турган жерине байланыштуу маалыматтар;
c) документтерди тапшыруу зарыл болгон адамдын ким экендиги жана турган жери, анын сот процессине мамилеси жөнүндө маалыматтар жана документтерди тапшыруу тартиби;
d) издөөдөгү адамдын ким экендиги жана турган жери жөнүндө маалыматтар;
e) көрсөтмөлөрдү жана арыздарды алуу жана каттоо тартибинин баяндалышы;
f) адамга берилүүчү суроолордун тизмеси;
g) документтердин баяндалышы, жазууларды же күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн предметтерин түзүү, ошондой эле жазуулар түзүлүүгө жана кол коюлуп күбөлөндүрүлүүгө тийиш болгон башка формаларга кирбей турган документтерди түзгөн тийиштүү адамдын сүрөттөлүшү;
h) күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү же арыздары ант менен алынууга жана ырасталууга тийиш экендиги туурасында арыз;
i) өтүнүч таандык болгон мүлктүн, активдердин же предметтердин, анын ичинде алардын турган жеринин сүрөттөлүшү, ошондой эле
j) суратылуучу жардамга таандык соттун каалагандай чечими жана бул чечимдин акыркы экендиги тууралуу арыз.
4. Өтүнүчтөр, аларга тиркелген документтер Суратылуучу Тараптын расмий тилиндеги же англис тилиндеги котормосу менен коштолууга тийиш, ошондой эле расмий түрдө кол коюлуп, тийиштүү органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.
7-берене. Кошумча маалымат
Эгерде Суратылуучу Тарап өтүнүчтө камтылган маалымат өтүнүчтү кароо үчүн жетишсиз деп эсептесе, Суратылуучу Тарап кошумча маалыматты талап кыла алат. Суратылуучу Тарап өтүнүчтү аткаруу үчүн зарыл деп эсептеген кошумча маалыматты Суратуучу Тарап берет.
8-берене. Жардам көрсөтүүдөн баш тартуу
1. Төмөнкү учурларда жардам көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн:
a) өтүнүч Суратылуучу Тарап саясий мүнөздөгү кылмыш катары караган укук бузуу менен байланышса;
b) өтүнүч аскердик мыйзамдарга гана тийиштүү кылмыш менен байланышса;
c) өтүнүч Суратылуучу Тараптын аймагында өкүм чыгарылып, акталып, кечирим берилип же жазасын өтөгөн адамды соттук жазалоого тиешеси болсо;
d) жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүч адамдын расасына, жынысына, туткан динине, жарандыгына же саясий көз караштарына байланыштуу же ушул себептердин бири боюнча мындай адамдын абалына зыян келтириши мүмкүн болгон текшерүү, жазыктык куугунтуктоо же жазалоо максатында жасалып жатат деп болжолдоого Суратылуучу Тараптын жүйөлүү негиздери болсо;
e) жардам көрсөтүү Суратылуучу Тараптын эгемендигине, коопсуздугуна, коомдук тартибине же негизги кызыкчылыктарына зыян келтирсе.
2. Төмөнкү учурларда Суратылуучу Тарап жардамдан баш тарта алат:
a) өтүнүчкө тиешеси бар укук тартибин бузууну түзүп жаткан аракеттер же аракетсиздик Суратылуучу Тараптын юрисдикциясынын чегинде жасалып, укук тартибин бузуу болуп саналса;
b) жардам көрсөтүү адамдын Суратылуучу Тараптын аймагынын чегинде же андан тышкары жерде тургандыгына карабастан бардык адамдардын коопсуздугуна зыян келтирсе же зыян келтириши мүмкүн болсо;
c) өтүнүч текшерүүнүн же соттук териштирүүнүн предмети болуп саналган укук бузуу менен байланышса же Суратылуучу Тараптын юрисдикциясынын чегинде анын аймагында ал боюнча акыркы чечим чыгарылса;
d) өтүнүчтү аткаруу Суратылуучу Тараптын улуттук мыйзамдарына каршы келсе.
3. Жардам банктардын жана алар сыяктуу финансы институттарынын жашыруун негизинде же кылмыш салык маселелери менен байланышкандыгынын негизинде четке кагылышы мүмкүн эмес.
4. Өтүнүчтү аткаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин Суратылуучу Тарап ал зарыл деп эсептеген кайсы шарттарда жардам көрсөтүлүшү мүмкүндүгүн карап чыгууга тийиш.
5. Эгерде Суратуучу Тарап жардамды ушул берененин 4-пунктуна ылайык талап кылынган шартта кабыл алса, анда ал ошол шартты сактоого тийиш.
6. Эгерде Суратылуучу Тарап жардам көрсөтүүдөн баш тартса, анда баш тартуунун негиздери жөнүндө Суратуучу Тарапка токтоосуз билдирет.
9-берене. Өтүнүчтү аткаруу
1. Жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүч Суратылуучу Тараптын мыйзамдарына ылайык анын компетенттүү органдары тарабынан ыкчам түрдө жана Суратуучу Тараптын мыйзамдарында уруксат берилген даражада жана тартипте аткарылат.
2. Суратылуучу Тарап өтүнүчтүн аткарылышын кыйла кечиктирүүгө алып келиши мүмкүн болгон шарттар белгилүү болоору менен Суратуучу Тарапка бул туурасында дароо кабарлайт.
3. Өтүнүчтү токтоосуз аткаруу Суратылуучу Тараптын жакын арадагы ар кандай жазык иштерине тоскоолдук кылса, өтүнүчтүн аткарылышын создуктура алат. Ошондой эле жеткирилүүчү документтер бул Суратылуучу Тараптын жарандык сот өндүрүшү үчүн зарыл болсо, аны жеткирүүнү создуктура алат, мындай учурда Суратылуучу Тарап өтүнүч боюнча документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн сунуштайт.
4. Өтүнүчтүн аткарылышын кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим кабыл алаардын алдында Суратылуучу Тарап белгилүү шартта жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууга тийиш.
5. Эгерде Суратылуучу Тарап жардам көрсөтүүнү создуктурса, анда мунун себеби жөнүндө Суратуучу Тарапка маалымат берет.
10-берене. Суратылуучу Тарапка материалдарды кайтаруу
Суратылуучу Тараптын талабы боюнча Суратуучу Тарап өтүнүчкө тиешеси бар жазык иштери үчүн материалдардын кереги жок болуп калганда, ушул Келишим боюнча берилген материалдарды кайтарып берет.
11-берене. Купуялуулукту сактоо жана пайдаланууну чектөө
1. Суратылуучу тарап өтүнүчтүн, анын мазмунунун, тиркелүүчү документтердин жана өтүнүчкө ылайык жасалган ар кандай аракеттердин купуялуулугун сактоо үчүн бардык күч аракетин жумшайт. Эгерде өтүнүч купуялуулукту бузбастан аткарылышы мүмкүн болбосо, Суратылуучу Тарап бул туурасында Суратуучу Тарапка кабарлайт, ал буга байланыштуу өтүнүчтү аткаруу маселесин аныктайт.
2. Суратуучу Тарап өтүнүчтө көрсөтүлгөн текшерүүнү жана сот процессин жүргүзүү үчүн мындай маалымат же далил зарыл экендигин же Суратылуучу Тарап башка жагдайга уруксат бере алган чектерди кошпогондо, өтүнүчкө ылайык Суратылуучу Тарап берген маалыматтардын жана далилдердин купуялуулугун сактайт.
3. Суратуучу Тарап маалыматтарды же далилдерди жоготуп жиберүүдөн, санкцияланбаган пайдалануудан, өзгөртүүлөрдөн, сырын ачуудан же туура эмес пайдалануудан кепилдик берүү үчүн бардык күч аракетин жумшайт.
4. Суратуучу Тарап Суратылуучу Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз ар кандай маалыматты же далилди өтүнүчтө көрсөтүлгөндөн башка максат үчүн пайдаланбай же бербей тургандыгына кепилдик берүүгө тийиш.
12-берене. Документтерди тапшыруу
1. Суратылуучу Тарап жазык ишине карата документтерди тапшыруу жөнүндө өтүнүчтү өзүнүн мыйзамында жол берилген чекте ишке ашырат.
2. Суратуучу Тарапка күбө катары келүүгө чакыруу кагазын тапшыруу жөнүндө өтүнүч пландалган келүүгө чейинки мөөнөттүн ичинде Суратылуучу Тарапка берилүүгө тийиш.
3. Суратылуучу Тарап Суратуучу Тарапка документтердин тапшырылгандыгы жөнүндө ырастама жөнөтөт. Эгерде тапшыруу мүмкүн болбосо, Суратуучу Тарап бул туурасында жана анын себептери жөнүндө эскертилет.
4. Тапшыруунун ар кандай процессин сактабаган адам Суратуучу Тараптын же Суратылуучу Тараптын мыйзамдарына ылайык жаза тартууга же мажбурлоо чараларына алынбайт.
13-берене. Күбөлүктөрдү алуу
1. Суратылуучу тарап өзүнүн мыйзамдарына ылайык жана өтүнүч түшкөн учурда көрсөтмө же адамдардан башка жол менен арызын алат, же болбосо Суратуучу Тарапка берүү үчүн алардан заттык далилдерди берүүнү талап кылат.
2. Суратылуучу Тарап өз мыйзамдарына ылайык өтүнүчтө көрсөтүлгөн адамдардын катышуусуна уруксат берет, өтүнүчтү аткарууда андай адамдарга же мыйзамдуу өкүлдөргө көрсөтмө берген же далил келтирген адамга суроо берүүгө уруксат бере алат. Эгерде тике кайрылууга уруксат берилбесе, мындай адамдарга суроону жазуу жүзүндө берүүгө уруксат берилет.
3. Суратылуучу Тарапка көрсөтмө берүү талап кылынган адам ушул беренеге ылайык эгерде Суратылуучу Тараптын же Суратуучу Тараптын мыйзамдарында көрсөтмө берүүдөн баш тартууга жол берилсе, көрсөтмө берүүдөн баш тарта алат.
4. Эгерде Суратылуучу Тараптагы кандайдыр бир адам Суратуучу Тараптын мыйзамдарына ылайык көрсөтмө берүүдөн баш тартууга укугу же милдети бар экендигин ырастаса, Суратуучу Тарап өтүнүч боюнча мындай укуктун бар экендиги жөнүндө Суратылуучу Тарап үчүн тастык кат берет. Анын тескерисинче далил болбогон учурда, сертификат көрсөтүлгөн укуктун жетиштүү ырасталышы болуп саналат.
5. Ушул берененин максаттары үчүн далилдерди жыйноо өзүнө документтерди жана башка материалдарды даярдоону камтыйт.
14-берене. Камактагы адамдардын көрсөтмө берүүнү же тергөө жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүнү камсыз кылышы
1. Суратылуучу тарапта камакта турган адам Суратуучу Тараптын өтүнүчү боюнча жазыктык текшерүү жүргүзүүгө экинчи тарапка көрсөтмө берүү же көмөк көрсөтүү үчүн Суратуучу Тарапка убактылуу берилет.
2. Суратылуучу Тарап Суратуучу Тарапка камактагы адамды төмөнкү учурларда гана өткөрүп бере алат:
a) адам өзүн өткөрүп берүүгө макулдук берсе; жана
b) Суратуучу Тарап Суратылуучу Тарап көрсөткөндөй берилип жаткан адамдын коопсуздугуна камкордук көрүүгө багытталган ар кандай шарттарды сактоого милдеттенсе.
3. Эгерде Суратылуучу Тарап Суратуучу Тарапка берилген адамды камакта андан ары кармоонун зарылчылыгы жок деп билдирсе, бул адам бошотулат жана бул адамды катыштыруу өтүнүчүнө ылайык Суратуучу Тарапта катышып жаткан адам катары каралат.
4. Суратуучу Тарап берилген камактагы адамды кабыл алган учурдан тартып отуз (30) күндүн ичинде же Тараптар макулдашкан башка ар кандай мезгил аралыгында Суратылуучу Тарапка кайтарып берет.
5. Берилген камактагы адам Суратуучу Тараптын камагында өткөргөн мезгили үчүн Суратылуучу Тарап чыгарган өкүмдү өтөөдө жеңилдик алууга тийиш.
6. Эгерде камактагы адам көрсөтмө берүүгө же Суратуучу Тараптын жазык өндүрүшүнө көмөк көрсөтүүгө макул болбосо, анда Суратуучу Тараптын же Суратылуучу Тараптын мыйзамдарына ылайык жаза тартпайт же кыйноо чараларына кабылбайт.
15-берене. Адамдардын көрсөтмө берүүнү же текшерүү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүнү камсыз кылуусу
1. Суратуучу Тарап Суратылуучу Тарапта сот процессинде күбө катары көрсөтмө берүү же Суратуучу Тарапка көмөк көрсөтүү үчүн ушул Келишимдин 14-беренесинде жак болуп саналбаган адамды чакырууга жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүч жасай алат. Суратуучу Тарап бул адамдын коопсуздугу боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө милдеттенет.
2. Суратылуучу Тарап адамды чакырат жана Суратуучу Тарапка адамдын жообу жөнүндө токтоосуз маалымат берет. Эгерде адам макул болсо, Суратылуучу Тарап өтүнүчкө көмөктөшүү үчүн бардык зарыл чараларды көрөт.
3. Көрсөтмө берүүгө же ушул беренеге ылайык жардам көрсөтүүгө макулдук бербеген адам жаза тартпайт жана Суратуучу Тараптын же Суратылуучу Тараптын мыйзамдарына ылайык мажбурлоо чараларына кабылбайт.
16-берене. Камалган адамдарды жардам көрсөтүү үчүн транзиттөө
1. Ар кандай тарап өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык, Экинчи Тарап сураган камактагы адамды транзиттөө жөнүндөгү өтүнүчкө байланыштуу өз аймагы аркылуу алып кетүүгө уруксат бере алат.
2. Транзит болуп жаткан тарап өзүнүн улуттук мыйзамдарын эске алуу менен ташуу учурунда камактагы адамдын сактыгын камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүүгө укуктуу жана милдеттүү.
17-берене. Атайын укук
1. Ушул берененин 2-пунктуна ылайык эгерде адам ушул Келишимдин 14 жана 15-беренелеринин негизиндеги өтүнүчкө ылайык Суратуучу Тараптын аймагында болсо:
a) адам Суратылуучу Тарапта болуп өткөн же анын болушу менен байланышкан ар кандай жазыктык укук бузуулар үчүн Суратуучу Тараптын аймагында кармалышы, жоопко тартылышы же жеке эркиндигине чек киргизилиши мүмкүн эмес;
b) Эгерде бул адам Суратуучу Тараптын аймагында болбосо анда жарандык сот өндүрүшүнө тартылышы мүмкүн эмес, жана
c) Адам өзүнүн макулдугусуз өтүнүчкө байланыштуу жазык ишин кошпогондо ар кандай жазык ишинин жүрүшүндө далил келтирүүгө же ар кандай жазык ишинде көрсөтмө берүүгө же башка ар кандай жазык ишин тергөөгө жардам көрсөтүүгө милдеттүү боло албайт.
2. Эгерде бул адам анын катышуусу мындан ары талап кылынбай тургандыгы туурасында расмий түрдө кабарландырылгандан кийин 30 (отуз) күндүн ичинде эркин болуп, Суратуучу Тараптын аймагынан чыгып кетпесе же кайтып келсе ушул берененин 1-пункту күчүн жоготот.
3. Ушул Келишимдин 14 же 15-беренелерине ылайык көрсөтмө берүүгө макулдук берген адам жалган маалымат берген же сотко урмат көрсөтпөгөн учурларды кошпогондо, өзүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде жазыктык куугунтукка алынбайт.
18-берене. Элге жеткиликтүү жана расмий документтерди жеткирүү
1. Суратылуучу Тарап Суратуучу Тарапка жалпы пайдалануу үчүн ачык документтердин жана материалдардын көчүрмөлөрүн берет.
2. Суратылуучу Тарап өзүнүн укук коргоо жана сот органдары берген жана жалпыга көрсөтүлбөгөн башка ар кандай документтин же материалдын көчүрмөсүн бере алат.
19-берене. Тинтүү жана алып коюу
1. Суратылуучу Тарап өзүнүн мыйзамдарында жол берилген чекте Суратуучу Тараптын өтүнүчү боюнча жазык ишине карата тинтүү жана конфискация жөнүндө өтүнүчтү аткарат.
2. Суратылуучу Тараптын тийиштүү органы тинтүү жана алып коюу өтүнүчүн аткарганда, Суратуучу Тарап талап кылган формада маалымат берет.
3. Суратылуучу Тарап берген маалымат, атап айтканда, ар кандай тинтүүнүн натыйжаларына, алып койгон жерге, материалдарды алып коюу жагдайларына жана аны сактоого байланыштуу Суратуучу Тарапка зарыл болгон маалыматтарды бере алат.
4. Суратуучу Тарап алынган жана Суратуучу Тарапка жөнөтүлгөн ар кандай маалыматка карата Суратылуучу Тарапка зарыл болгон бардык шарттарды сактайт.
20-берене. Укук бузуу каражаттары жана укук бузуунун натыйжасында алынган мүлк
1. Суратылуучу Тарап кылмыштын натыйжасында алынган ар кандай мүлктү бар экендигин аныктоо үчүн өзүнүн юрисдикциясынын чегинде өтүнүч боюнча бардык чараларды көрөт жана Суратуучу Тарапка өзүнүн териштирүүсүнүн натыйжалары жөнүндө маалымат берет. Өтүнүчтү түзгөн учурда Суратуучу Тарап Суратылуучу Тарапка мындай мүлк анын юрисдикциясынын чегинде турат деп болжоого өзүнүн негиздери жөнүндө маалымдайт.
2. Эгерде ушул берененин 1-пунктуна ылайык кылмыштын натыйжасында алынган деп болжолдонгон мүлктүн жайгашкан жери аныкталды деп эсептесе, Суратылуучу Тарап Суратуучу Тараптын соту тарабынан мындай кирешеге карата биротоло чечим кабыл алынганга чейин ар кандай операцияларды, шектүү кирешени жана/же кылмыш жасоо каражатын берип жиберүүнү же тескөөнү болтурбоо үчүн мыйзамдарда каралган чараларды көрөт.
3. Суратылуучу Тарап өзүнүн мыйзамында жол берилген чекте уруксат берсе, Суратуучу Тараптын соту чыгарган кирешени жана/же укук тартибин бузган каражатты конфискациялоого биротоло буйрукту аткарат.
4. Ушул берене колдонулганда үчүнчү тараптын - ак ниет сатып алуучулардын укуктары Суратуучу Тараптын мыйзамдарына ылайык сакталат. Эгерде үчүнчү тараптын дооматтары болсо, Суратылуучу Тарап Суратуучу Тараптын кызыкчылыгын көздөп, Суратуучу Тараптын компетенттүү соту биротоло токтом чыгарганга чейин укук тартибин бузуу кирешесин жана/же каражатын кармап турууга умтулат.
5. Суратылуучу тарап ушул берененин 3-пунктунда айтылган кирешелерди жана/же укук тартибин бузуу каражаттарынын же укук тартибин бузуу менен алынган кирешенин жана/же каражаттын наркын Суратуучу Тарапка кайтарат, бул иш анын улуттук мыйзамдарында жол берилген деңгээлде жана ал зарыл деп эсептеген шарттарда жасалат.
21-берене. Документтерди күбөлөндүрүү жана ырастоо
1. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтүн 2-пунктуна жана ага коштомо документтерге, ошондой эле өтүнүчкө жооп катары жөнөтүлгөн документтерге же башка материалдарга күбөлөндүрүүнүн же ырастоонун кандайдыр бир түрү талап кылынбайт.
2. Эгерде конкреттүү учурда, Суратылуучу же Суратуучу тарап документтердин түп нуска экендиги күбөлөндүрүлүүгө тийиш экендигин өтүнсө, анда тийиштүү органдар тарабынан талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлүшү керек.
22-берене. Өкүлчүлүк жана чыгымдар
1. Ушул Келишимде башкача каралбаса, Суратылуучу Тарап жардам туурасында өтүнүчкө байланыштуу пайда болгон бардык соттук териштирүүлөрдө Суратуучу Тараптын атынан бардык зарыл чараларды көрөт, ал эми башка учурларда Суратуучу Тараптын кызыкчылыгын коргойт.
2. Суратылуучу Тарап Суратуучу Тарап өзү тарта турган төмөндөгү учурларды кошпогондо, укуктук жардам жөнүндө өтүнүчтү аткаруу боюнча чыгымдарды өзүнө алат:
а) ушул Келишимдин 14 же 15-беренесинин негизиндеги өтүнүчкө ылайык Суратуучу Тараптын өтүнүчү боюнча Суратылуучу Тараптын аймагына же аймагынан ар кандай адамды өткөрүп берүү менен байланышкан чыгымдар;
b) эксперттердин чыгымдары жана алардын гонорарлары, ошондой эле документтерди которуу чыгымдары.
3. Эгерде өтүнүчтү аткаруу үчүн бөтөнчө чыгымдар талап кылынса, Тараптар кеңешүү жолу менен шарттарын аныктап алышат, ага ылайык суралган жардам көрсөтүлүшү мүмкүн.
23-берене. Талаштарды чечүү
Ушул Келишимди колдонуунун же чечмелөөнүн жүрүшүндө пайда болгон ар кандай талаштар Борбордук Органдар макулдаша албаганда, дипломатиялык каналдар боюнча кеңешүү жолу менен чечилет.
24-берене. Келишимдин ратификацияланышы, күчүнө кириши жана бузулушу
1. Бул Келишим ратификацияланууга тийиш жана ратификациялык грамоталар алмашылгандан кийин отузунчу (30) күнү күчүнө кирет.
2. Бул Келишим тийиштүү аракеттер же аракетсиздиктер бул датага чейин орун алган болсо да, ал күчүнө киргенден кийин жөнөтүлгөн өтүнүчтөргө карата колдонулат.
3. Бул Келишим эки Тараптын өз ара макулдугу боюнча ар кандай учурда өзгөртүлүшү мүмкүн, түзөтүүлөр бул Келишимде каралган ратификациялоо жол-жоболоруна ылайык күчүнө кирет.
4. Эки тараптын ар кимиси бири-бирине жазуу жүзүндө кабарлоо менен ушул Келишимди токтото алат. Келишимдин токтотулушу кабар алынган мөөнөттөн кийин алты (6) айдан кийин күчүнө кирет. Ошондой болсо да, келишимди токтотуу жөнүндө маалымат алынган датага чейинки ар кандай өтүнүчтөр мурункусундай эле өтүнүч бүткөнгө чейин ушул Келишим менен жөнгө салынууга тийиш.
Айтылгандарды ырастап, төмөндө кол койгондор, тийиштүү ыйгарым укуктарга ээ болуу менен ушул Келишимге кол коюшту.
201__-жылдын "___" ______________ _______________________ шаарында кыргыз, орус, араб жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей аутенттүү. Чечмелөөдө пикир келишпестик пайда болгон учурда англис тилиндеги версия артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Бириккен Араб Эмираттары үчүн |
Долбоор
Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттары (мындан ары "Тараптар" деп аталып),
мамлекеттердин эгемендүүлүгүн урматтоо жана өз ара пайда келтирүү негизинде кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатууну ниеттенип,
эки Тараптын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Берүүнүн милдеттенмелери
Ар бир Тарап экинчи Тарапка суроо-тарап келип түшкөн учурда жана ушул Келишимдин жоболорун эске алуу менен Суратылуучу Тараптын аймагында табылган жана Суратуучу Тарапта издөөдө жүргөн адамды берүүгө алып келген Суратуучу Тараптын юрисдикциясынын чектеринде соттук куугунтуктоо же укук бузгандыгы үчүн өкүм чыгаруу же аткаруу максатында аны берүүгө макулдук берет.
2-берене. Берүүгө кириптер кыла турган мыйзам бузуулар
1. Ушул Келишимдин максатына ылайык берүүгө кириптер кыла турган мыйзам бузуу болуп эки Тараптын тең мыйзамдарына ылайык бир жылдан кем эмес мөөнөттө же катуу жаза берүү менен түрмөгө камакка алуу менен жазалана турган мыйзам бузуулар эсептелет.
2. Эгер берүү жөнүндө суроо-талап өткөрүп берүүгө кириптер кыла турган мыйзам бузууга карата чыгарылган түрмөгө камоо же эркиндигинен ажыратуунун башка чарасы жөнүндө өкүмдү аткаруу максатында изделип жүргөн адамга тиешелүү болсо, бул жазанын бүтөөр мөөнөтүнө чейин 6 (алты) айдан аз убакыт калган учурда гана берүүгө уруксат берилет.
3. Кандайдыр-бир мыйзам бузуу эки Тараптын мыйзамдарына ылайык жазага тарта турган мыйзам бузуу болуп эсептелинээри белгиленгенде, төмөнкү пункттар мааниге ээ болбойт:
а) ушул мыйзам бузууну түзгөн аракет же аракетсиздик Тараптардын мыйзамдарына ылайык мыйзам бузуунун ушуга окшош категориясына киреби же бул мыйзам бузуу окшош термин менен берилеби;
b) тараптардын мыйзамдарына ылайык ушул мыйзам бузууну түзүүчү элементтер айырмаланабы, мында Суратуучу Тарап жүргүзгөн аракеттин же аракетсиздиктин бардык жыйындысы Суратылуучу Тараптын мыйзамдарына ылайык берүүгө алып келген мыйзам бузууну камтый турганы көңүлгө алынат.
4. Эгер берүү жөнүндөгү суроо-талап өзүнчө бир нече мыйзам бузууларга тиешелүү болсо, алардын ар бири эки Тараптын тең, мыйзамдарына ылайык жазаланат, бирок алардын кээ бирлери ушул берененин 1-пунктунда жазылган башка шарттарга жооп бербесе, Суратылуучу Тарап берүүгө кириптер кылган бир мыйзам бузуу үчүн берүүгө тиешелүү адамды акыркы мыйзам бузууларга карата берүүгө уруксат берет.
5. Ушул берененин 1-пунктунун максатында, берүүгө кириптер кылган мыйзам бузуу болуп, эгер ушул мыйзам бузууну түзгөн аракет же аракетсиздик аны жасаган учурда, ошондой эле берүү жөнүндө суроо-талапты алган учурда эки Тараптын тең мыйзамдарына ылайык берүүгө кириптер кылган мыйзам бузуу болуп эсептелсе, эки Тараптын тең мыйзамдарына ылайык жазалануучу мыйзам бузуу болуп эсептелет.
6. Мыйзам бузуу болуп ошондой эле, эгер ал жасоо максатында аракет кылса же кутум жасаса, аткарууда жардам кылса же азгырса, ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кандайдыр бир мыйзам бузуу фактысына чейин же кийин жасоо же кошо катышуу үчүн консультация берсе же сатып алса берүүгө кириптер кыла турган мыйзам бузуу болуп эсептелет.
7. Эгер адамды берүү салык салуу, бажы алымы, валюталык контроль же киреше менен байланыштуу башка маселелерге тиешелүү кандайдыр-бир мыйзам бузгандыгы үчүн суратылса, Суратылуучу Тараптын мыйзамдарында Суратуучу Тараптын мыйзамдарында каралгандай салык же алым алынгандыгынын же салык, бажы алымдары же валютаны алмаштыруу жөнүндө кандайдыр бир жобо камтылбагандыгынын негизде баш тартылышы мүмкүн эмес.
3-берене. Баш тартуу үчүн императивдик негиздер
1. Ушул Келишимге ылайык берүү төмөнкү жагдайлардын негизинде уруксат берилбейт:
a) Суратуучу Тараптын берүү жөнүндө келип түшкөн суроо-талабындагы мыйзам бузуу саясий мүнөздө болсо;
b) Суратылуучу Тарапта берүү жөнүндөгү суроо-талап расасына, дин тутуусуна, жарандыгына, этностук таандыктыгына, саясий көз карашына, жынысына, статусуна же мындай адамдын абалына ушул себептердин бири боюнча зыян келтирээрине байланыштуу соттук куугунтуктоо же жазалоо максатында экенине жүйөлүү негиздеме болсо;
c) эгер берүү жөнүндө келип түшкөн суроо-талаптагы мыйзам бузуу аскердик мыйзамда каралган мыйзам бузуу болуп эсептелип, бирок демейки жазык укугуна ылайык эсептелбесе;
d) эгер Суратылуучу Тарап берүү жөнүндө келип түшкөн суроо-талаптагы адамдын мыйзам бузгандыгы үчүн акыркы чечимин чыгарып койсо;
e) эгер берүү жөнүндө суроо-талап келип түшкөн адамга карата тигил же бул Тараптын мыйзамдарына ылайык кандайдыр-бир себеп боюнча соттук куугунтуктоодон же жазадан, мөөнөттүн эскириши же амнистияны кошо алганда иммунитетке ээ болсо;
f) эгер берүү жөнүндө суроо-талап келип түшкөн адам Суратуучу Тараптан кыйноолорго же ар-намысын тебелеген ырайымсыз, адам жасагыс мамилеге туш болсо;
g) эгер Суратуучу Тараптын соттук чечими сырттан чыкса, соттолуучу аны коргоону камсыздоо үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүгү болбосо жана анын катышуусунда ишти кайталап угууну жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүгү болбосо;
h) эгер берүү жөнүндө суроо-талап келип түшкөн адам ушул мыйзам бузууга же ошондой эле аракеттери же аракетсиздиги түзгөн башка мыйзам бузууга карата кайсы болбосун өлкөнүн мыйзамында каралган жазаны өтөп бүтсө же компетенттүү сот же орган тарабынан акталса же мунапыс чыгарылса.
2. Ушул Келишимдин максаты үчүн, саясий кылмыш төмөнкү мыйзам бузууларды камтыбашы керек:
a) Мамлекет башчынын же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн же Өкмөт башчынын же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн же Бириккен Араб Эмираттарынын Жогорку Кеңешинин мүчөлөрүнүн же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө каршы кылмыш болсо;
b) эки Тарап тең белгилүү категориядагы мыйзам бузуулардын алдын алуу же бөгөт коюу максатындагы же жазыктык куугунтуктоо максатында өзүнүн компетенттүү органдарына изделген адамды берүү же ишти өткөрүп берүү болгон көп тараптуу эл аралык конвенцияларга ылайык милдеттенмелери болгон мыйзам бузуу болсо;
c) киши өлтүрүү;
d) террористтик актылар менен байланыштуу мыйзамдарга каршы мыйзам бузуулар; жана
е) ушул берененин (а)дан (d) чейинки пунктчаларында көрсөтүлгөн кылмыштардын бирин жасоо максатында кылмыш же кутум жасоого ар кандай аракеттер, азгырыктар.
3. Эгер изделип жүргөн адамдын мыйзам бузуусу саясий мүнөздөгү мыйзам бузуу болуп эсептелеби деген суроо жаралса, Суратуучу Тараптын чечими аныктоочу мааниге ээ.
4-берене. Баш тартуу үчүн факультативдик негиздер
Берүүдө төмөнкү жагдайлардын биринин негизинде баш тартылышы мүмкүн:
a) эгер Суратылуучу Тараптын компетенттүү органдары берүү жөнүндөгү суроо-талап келип түшкөн адамды мыйзам бузгандыгы үчүн соттук куугунтуктоону козгобоону же токтотууну чечсе;
b) эгер берүү жөнүндө суроо-талап келип түшкөн мыйзам бузууга карата соттук куугунтуктоо Суратылуучу Тарап жактан берүүгө каршы суроо-талап келип түшкөн адамга каршы козголсо;
c) эгер берүү жөнүндө суратылып жаткан мыйзам бузуу Суратылуучу Тараптын мыйзамдарына ылайык ошол Тарапта толук же жарым-жартылай жасалган катары каралып жатса;
d) эгерде өткөрүп берүү суратылып жаткан жасалган кылмыш, Суратуучу Тараптын мыйзамдары боюнча өлүм жазасы түрүндө жазаны караса же Суратылуучу Тараптын мыйзамдарына ылайык өлүм жазасы каралбаса, анда Суратылуучу Тарап, Суратуучу Тарап өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык, өлүм жазасы аткарылбастыгы жөнүндө кепилдик бергенге чейин өткөрүп берүүдөн баш тартууга укуктуу.
5-берене. Жарандарды берүү
1. Ар бир тарап өз жарандарын берүүдөн баш тарта алат.
2. Эгер берүүдөн баш тартылса, Суратылуучу Тарап, Суратуучу Тараптын өтүнүчү боюнча ишти өз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык кылмыш ишин козгоо максатында өзүнүн компетенттүү органдарына өткөрүп берет. Бул үчүн Суратуучу Тарап Суратылуучу Тарапка ишке таандык документтерди жана далилдерди берет. Суратуучу Тарап анын суроо-талабын канааттандыруу үчүн кабыл алынган ар кандай чаралар жөнүндө кабарлоону алат.
6-берене. Байланышуу жолдору
Ушул Келишимдин максаттары үчүн Тараптар дипломатиялык каналдар боюнча бири-бири менен өз ара кызматташат.
7-берене. Борбордук орган
1. Ушул Келишимди ишке ашыруу максатында ар бир Тарап Борбордук органды дайындайт.
2. Тиешелүү Борбордук органдар.
- Кыргыз Республикасынын Борбордук органы болуп Башкы прокуратура эсептелет.
- Бириккен Араб Эмираттарынын Борбордук органы болуп Юстиция министрлиги эсептелет.
3. Эгер Тараптардын бири өзүнүн Борбордук органын өзгөртсө, ал экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө мындай өзгөртүүлөр тууралуу кабардар кылат.
8-берене. Суроо-талап жана керектүү документтер
1. Берүү жөнүндө суроо-талап жазуу жүзүндө таризделет жана бардык тастыктоочу документтер дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтүлөт.
2. Берүү жөнүндө суроо-талап төмөнкү материалдар менен коштолот:
a) башка бир маалымат менен катар суроо-талап кылынган адамды мүмкүн болушунча так сыпаттоо, ал инсандыгын жана жарандыгын, жүргөн жерин белгилөөгө жардам берет жана ал адамдын жакында түшкөн сүрөтү же мүмкүн болсо бармак тагы кошо тиркелиши керек;
b) мыйзам бузуу фактысын кыскача баяндоо, анын ичинде мыйзам бузуу болгон убакыт, жер жана анын кесепеттери;
c) бул мыйзам бузууну жана мыйзам бузуу үчүн берилиши мүмкүн болгон жазалоону квалификациялоочу мыйзамдардын жоболорунун тексти, ошондой эле ишти козгоо же ушул мыйзам бузуу үчүн каалагандай жазалоону аткаруу үчүн мөөнөттүн эскириши менен байланышкан укуктук жоболор;
d) эгер талап кылынса камакка алуу жөнүндө өтүнүч.
3. Сотко бара элек берүү жөнүндө суроо-талапка тиешелүү адамга карата берүү жөнүндө суроо-талапка ушул берененин 2-пунктунда каралган документтерге кошумча төмөнкүлөр тиркелет:
a) камакка алуу ордеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же Суратуучу Тараптын компетенттүү органы берген ошондой эле мыйзамдык күчү бар башка документ;
b) Суратуучу Тараптын мыйзамына ылайык күбөлөрдөн кылмыш жөнүндө алынган маалыматтар.
4. Суратуучу Тарап жактан соттолгон же өкүм кылынган адамга карата берүү жөнүндө талапка, ушул берененин 2 жана 3-пункттарына ылайык керектүү документтерден тышкары өкүмдүн же жазанын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелиши керек, жана:
а) эгер суроо-талап келип түшкөн адам соттолуп, бирок кесилбесе (өкүм кылынбаса), бул тууралуу тиешелүү соттун арызы; же
b) эгер суроо-талап келип түшкөн адамга өкүм чыгарылса, компетенттүү органдын өкүм аткарылууга тийиш жана жаза кайсы деңгээлине аткарылбай калганы жөнүндө билдирүүсү.
5. Суроо-талап келип түшкөн адам сыртынан соттолсо, Суратуучу Тараптын сотунун алдында өзүн коргоо жана аны камсыздоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө ал адам тиешелүү түрдө кабардар боло турган документтерди Суратуучу Тарап берет.
6. 2, 3, 4 жана 5-пункттарга ылайык Суратуучу Тарап берген берүү жөнүндө расмий суроо-талап жана башка тиешелүү документтери менен каты Суратуучу Тараптын компетенттүү органынын расмий түрдө колу коюлуп же мөөрү менен ырасталышы керек жана Суратуучу Тараптын тилине же англис тилине которулушу керек.
9-берене. Берүү жөнүндө чечим
1. Суратылуучу Тарап анын мыйзамдарында каралган жол-жобого ылайык берүү жөнүндө суроо-талапты карайт жана Суратуучу Тарапка дипломатиялык жолдор аркылуу өзүнүн чечими жөнүндө кабарлайт.
2. Эгер суроо-талаптын Суратылуучу Тараптан толук же кайсы бир бөлүгү четке кагылса, баш тартуунун себептерин Суратуучу Тарапка негиздеп берет.
10-берене. Кошумча маалымат
Эгер Суратылуучу Тарап берүү жөнүндө суроо-талапты негиздегенге берилген маалыматтар жетишсиз деп тапса, ал 30 (отуз) күндүн ичинде же Тараптардын ортосундагы макулдашылган мөөнөттүн ичинде ага кошумча маалымат берүүсүн талап кылат. Эгер Суратуучу Тарап аталган мөөнөттө кошумча маалымат бербесе, бул өзүнүн суроо-талабынан ыктыярдуу баш тартуу деп табылат. Ошентсе да, Суратуучу Тарап ошол эле адамга же мыйзам бузууга карата берүү жөнүндө жаңы суроо-талаптарды берүү укугунан ажыратылбайт.
11-берене. Убактылуу камакка алуу
1. Өзгөчө учурларда Суратуучу Тарап изделген адамды берүү жөнүндө суроо-талап бергенге чейин убактылуу камакка алуу жөнүндө өтүнүч менен кайрыла алат. Мындай суроо-талап ушул Келишимдин 6-беренесинде каралган жолдор же Тараптардын ортосунда макулдашылган башка жолдор аркылуу жазуу жүзүндө Жазык полициясынын эл аралык уюмуна (Интерпол) берилет.
2. Убактылуу камакка алуу жөнүндө суроо-талап ушул Келишимдин 8-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды, ушул Келишимдин 8-беренесинин 3 же 4-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин болушу жөнүндө арызды жана издөөдөгү адамды берүү жөнүндөгү формалдуу суроо-талап берилери тууралуу билдирүүнү камтышы керек.
3. Суратылуучу Тарап Суратуучу Тарапка суроо-талаптын натыйжалары тууралуу токтоосуз маалымат берет.
4. Издөөдөгү адам камалгандан кийин 60 (алтымыш) күндүн ичинде Суратылуучу тараптын компетенттүү органы берүү жөнүндө расмий суроо-талап албаса, убактылуу камакка алуу токтотулушу мүмкүн.
5. Ушул берененин 4-пунктуна ылайык убактылуу камакка алууну токтотуу, эгер Суратылуучу Тарап берүү жөнүндө кийин расмий суроо-талап алган соң, кийинки жолу кайталап камакка алууга жана издөөдөгү адамды берүүгө тоскоолдук кылбайт.
12-берене. Дал келген суроо-талаптар
Эгер суроо-талаптар эки же андан ашык мамлекеттен бир эле адамды берүү жөнүндө же бир эле мыйзам бузуу же ар кандай мыйзам бузуу үчүн алынса, Суратылуучу Тарап чечим чыгарарда бардык тиешелүү факторлорду төмөнкүлөр менен бирге, бирок чектелбестен карайт:
a) келишимге ылайык суроо-талаптар жасалдыбы же жокпу;
b) мыйзам бузуунун оордугу;
c) мыйзам бузуунун убактысы жана орду;
d) изделген адамдын жарандыгы жана туруктуу жашаган жери;
e) суроо-талап жөнөтүүнүн тиешелүү датасы; жана
f) тиешелүү тараптардын ортосундагы ар кандай берүү мүмкүнчүлүктөрү.
13-берене. Атайын эреже
1. Төмөнкү мыйзам бузуулардан тышкары, Ушул Келишимге ылайык өткөрүп берилүүчү адамга карата өткөрүп берүүгө чейин мыйзам бузуулары үчүн соттук куугунтуктоо, өкүм чыгаруу, кармоо, үчүнчү мамлекетке кайталап берүү ишке ашырылбайт жана ал Суратуучу Тараптардын аймагында жеке эркиндиги кандайдыр бир чектелбейт:
а) берүү жөнүндө уруксат берилген укук бузуу;
b) Суратылуучу Тарап өз макулдугун берген ар кандай башка мыйзам бузуулар. Эгер суратылып жаткан мыйзам бузуунун өзү ушул Келишимге ылайык берүүнү камтыса макулдук берилет.
2. Ушул беренеге ылайык Суратылуучу Тараптын макулдугун алууга суроо-талап ушул Келишимдин 8-беренесиндеги 2, 3, 4 жана 5-пунктунда эскерилген документтер менен коштолуп, мыйзам бузууга карата берилүүчү адам тарабынан жасалган ар кандай билдирүүлөр юридикалык жактан жазылып, таризделиши керек.
3. Ушул берененин 1-пункту, эгер адам Суратуучу Тараптын өлкөсүнөн чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү болуп, бирок аны мыйзам бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтен биротоло бошогондон кийин отуз (30) күндүн ичинде жасабаса, ага байланыштуу бул адам берилсе же ал Суратуучу Тараптын өлкөсүнөн мурда чыгып кетип, кайра ыктыярдуу кайтып келсе колдонулбайт.
14-берене. Менчикти берүү
1. Суратуучу Тараптын суроо-талабы боюнча, Суратылуучу Тарап мыйзам уруксат берген деңгээлде, мыйзам бузуунун кирешелерин жана жабдууларын же өзүнүн аймагында табылган башка мүлктү алып коет, ал далил катары талап кылынышы мүмкүн жана берүү жөнүндө суроо-талапты аткарып жатканда мүлк Суратуучу Тарапка өткөрүлүп берилет.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлк, изделген адамдын каза болгонуна, жоголгонуна же качып кеткенине же башка себептерге байланыштуу аткарылбаган күндө да, берүүгө уруксат берилгенде ал аткарылат.
3. Суратылуучу Тарап каралууда жаткан башка жазыктык куугунтукту ишке ашыруу үчүн көрсөтүлгөн мүлктүн мындай куугунтуктоого уруксат берилгенге чейин берүүнүн мөөнөтүн узарта алат, же ал мүлктү Суратуучу Тарап кайтарып берүүгө милдеттенген шартта өткөрүп бере алат.
4. Мындай мүлктү өткөрүп берүү Суратылуучу Тараптын же ушул мүлккө укугу бар кайсы бир үчүнчү тараптын мыйзамдуу укуктарына зыян келтирбеши керек. Бул укук бар болгон жерде, Суратуучу Тарап, Суратылуучу Тараптын өтүнүчүнө ылайык иш боюнча өндүрүш бүткөндөн кийин мүмкүн болушунча тезирээк менчикти Суратылуучу Тарап үчүн бекер кайтарып берет.
15-берене. Адамды өткөрүп берүү
1. Эгер берүү Суратылуучу Тарап жактан уруксат берилсе, Тараптар берүүнү аткарууга байланыштуу убакыт, орду жана башка маселелер жөнүндө макулдашат. Суратылуучу Тарап Суратуучу Тарапка өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгон адамды өткөрүп бергенге чейинки кармалган убактысын кабарлайт.
2. Эгер Суратуучу Тарап берүүнү аткаруу үчүн белгиленген датадан кийин отуз (30) күндүн ичинде берилүүгө тийиш адамдын милдеттенмелерин албаса, Суратылуучу Тарап бул адамды тезинен бошотуп, эгер ушул берененин 3-пунктунда башкача каралбаса, ал адамды ошол эле мыйзам бузгандыгы үчүн берүү жөнүндө Суратуучу Тараптын жаңы суроо-талабын аткаруудан баш тарта алат.
3. Эгер андан кез каранды болбогон кырдаалдан улам кайсы бир Тарап берүүгө тийиш болгон адамды Тараптардын ортосунда макулдашылган мөөнөттө бере же кабыл ала албаса, ал экинчи Тарапка бул тууралуу кабарлайт. Эки Тарап тең жаңы мөөнөттү жана жери жана берүүнү аткаруунун шарттарын биргеликте белгилейт. Муну менен ушул берененин 2-пунктунун жобосу колдонулат.
16-берене. Берүүнүн мөөнөтүн узартуу
1. Берүү талап кылынган адам башка күнөөсү үчүн тергөөдө болсо же Суратылуучу Тараптын аймагында жаза өтөп жатса, Суратылуучу Тарап аны берүүнүн мөөнөтүн жазасын өтөп бүткөнчө узартып кое алат.
2. Эгер берүүнүн мөөнөтүн узартуу Суратуучу Тараптын соттук куугунтуктоону жүргүзүүсүнө олуттуу тоскоолдук кылса, Суратылуучу Тарап талап кылынган адамды өтүнүч боюнча Суратуучу Тарапка убактылуу бере алат. Бул Суратылуучу Тараптын соттук куугунтуктоосуна тоскоолдук кылбаган шартта аткарылат жана Суратуучу Тарап бул адамды тиешелүү соттук териштирүүдөн кийин дароо кайтарып берүүгө милдеттенет.
17-берене. Транзит
1. Эгер адам башка Тараптын аймагы аркылуу үчүнчү мамлекеттен кайсы бир Тарапка берилиши керек болсо, ал адам берилүүчү Тарап экинчи Тараптан транзиттик ташууга уруксат сурайт. Мындай абал аба транспортун колдонгондо, экинчи Тараптын аймагына конуу пландалбаса колдонулбайт.
2. Суратылуучу Тарап, бул канчалык алардын улуттук мыйзамдарына каршы келбесин, Суратуучу Тарап берген транзиттик ташуу жөнүндө өтүнүчтү канааттандырат.
3. Экинчи Тараптын аймагына пландалбаган конуу учурунда, транзит 1-пунктка ылайык берилет. Ал Тарап, бул канчалык алардын улуттук мыйзамдарына каршы келбесин, транзиттик ташуу жөнүндө суроо-талап алганга чейин кырк сегиз (48) сааттын ичинде ташылып бара жаткан адам кайтарылууга тийиш.
18-берене. Чыгымдар
1. Берүүгө байланышкан бардык чыгымдарды анын аймагында келтирилген Тарап төлөйт.
2. Ташууга болгон чыгымдар жана берилүүчү адамды өткөрүп берүүгө же кабыл алууга байланыштуу транзиттик чыгымдарды Суратуучу Тарап тартат.
3. Эгер көрсөтүлгөн чыгымдар өзгөчө мүнөздөгү чыгымдар болсо, Тараптар маселени жөнгө салуу үчүн бири-бири менен кеңешүүсү керек.
19-берене. Башка келишимдер менен айкалышы
Ушул келишимдин жобосу алар катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарына жана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
20-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
Ушул Келишимди колдонуунун же чечмелөөнүн жүрүшүндө пайда болгон ар кандай талаштар Борбордук Органдар макулдаша албаганда, дипломатиялык каналдар боюнча кеңешүү жолу менен чечилет.
21-берене. Келишимдин ратификацияланышы, күчүнө кириши жана бузулушу
1. Бул Келишим ратификацияланууга тийиш жана ратификациялык грамоталар алмашылгандан кийин отузунчу (30) күнү күчүнө кирет.
2. Бул Келишим тийиштүү аракеттер же аракетсиздиктер бул датага чейин орун алган болсо да, ал күчүнө киргенден кийин жөнөтүлгөн суроо-талаптарга карата колдонулат.
3. Бул Келишим эки Тараптын өз ара макулдугу боюнча ар кандай учурда өзгөртүлүшү мүмкүн, түзөтүүлөр бул Келишимде каралган ратификациялоо жол-жоболоруна ылайык күчүнө кирет.
4. Эки тараптын кимиси болбосун бири-бирине жазуу жүзүндө кабарлоо менен ушул Келишимди токтото алат. Келишимдин токтотулушу кабар алынган мөөнөттөн кийин алты (6) айдан кийин күчүнө кирет. Ошондой болсо да, келишимди токтотуу жөнүндө маалымат алынган датага чейинки ар кандай суроо-талаптар мурдагыдай эле суроо-талап бүткөнгө чейин ушул Келишим менен жөнгө салынууга тийиш.
Айтылгандарды ырастап, төмөндө кол койгондор, тийиштүү ыйгарым укуктарга ээ болуу менен ушул Келишимге кол коюшту.
201__-жылдын "___" _________________ _____________________ шаарында кыргыз, орус, араб жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей аутенттүү. Чечмелөөдө пикир келишпестик пайда болгон учурда англис тилиндеги версия артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Бириккен Араб Эмираттары үчүн |