Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 14-августу № 468-т
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин айкындуулугун, ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыз кылуу, бирдиктүү маалыматтык системаны түзүүнүн эсебинен финансылык башкаруунун сапатын жогорулатуу максатында, "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" жана "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик башкаруу секторунда "Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизүү аркылуу Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын колдонуу менен бухгалтердик эсепти киргизүү боюнча иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) мамлекеттик башкаруу секторунда "Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизүү аркылуу Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын колдонуу менен бухгалтердик эсепти киргизүү боюнча реформаларды жүргүзсүн;
2) 2023-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте "Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасында "Негизги каражаттар", "Кызмат орундар" жана "Товардык-материалдык баалуулуктардын номенклатурасы" бирдиктүү маалымдамаларын иштеп чыксын;
3) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте укук коргоо органдары жана коргоо органдары үчүн жашыруундуулук режимин камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун кошпогондо, мамлекеттик башкаруу секторунун бардык бюджеттик мекемелери 2024-жылдын 1-январынан тартып "Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасында Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын колдонуу менен бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө өтүүнү камсыз кылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Мамлекеттик башкаруу секторунда "Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизүү аркылуу Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын колдонуу менен бухгалтердик эсепти киргизүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар |
1 | Казыналык документтер жана отчеттор боюнча бизнес-процесстерди иштеп чыгуу | 2023-жылдын 1-августу | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы |
2 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын, аймактык башкармалыктарынын кызматкерлерин жана бюджеттик мекемелердин бухгалтерлерин Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын пайдалануу боюнча окутуу | 2023-жылдын 1-августу | |
3 | Башка маалыматтык системаларды интеграциялоо | 2023-жылдын 1-сентябры | |
4 | Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын пайдалануу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | 2023-жылдын 1-сентябры | |
5 | "Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын жеткире иштеп чыгуу | 2023-жылдын 1-сентябры | |
6 | "Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасында Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын пайдалануу боюнча бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин окутуу | 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып 1-декабрына чейин | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Окуу борбору, мамлекеттик башкаруу секторунун бюджеттик мекемелери |
7 | Маалыматтар менен системаны акыркы тестирлөө | 2023-жылдын 1-декабры | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы, мамлекеттик башкаруу секторунун бюджеттик мекемелери |
8 | Системага киргизүү үчүн баштапкы маалыматтарды даярдоо. Бюджеттик мекемелерге жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү | 2023-жылдын 31-декабры | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, мамлекеттик башкаруу секторунун бюджеттик мекемелери, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктары |
9 | "Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын өнөр жайлык пайдаланууга киргизүү | 2024-жылдын 1-январынан тартып | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы, мамлекеттик башкаруу секторунун бюджеттик мекемелери |