Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 66-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 6-июлу № 408-т
Жарандарга кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөттөрүн кыскартуу жана процесстерди оптималдаштыруу, ошондой эле аларды көрсөтүүдө заманбап техникалык чечимдерди киргизүү максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:
- 2023-жылдын 1-августунан тартып 2024-жылдын 1-августуна чейин Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн электрондук колтамга ачкычынын сертификаттарын аралыктан алуу мүмкүнчүлүгүн киргизүү боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары - пилоттук долбоор) жүргүзсүн;
- пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө калк арасында түшүндүрүү жана маалымат иштерин жүргүзсүн;
- пилоттук долбоордун жыйынтыгы оң натыйжа берген учурда Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук колтамганы аралыктан алуусун караган электрондук колтамга чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
2. Пилоттук долбоорду техникалык ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы:
- бир айлык мөөнөттө пилоттук долбоор иштеп жаткан мезгилде электрондук кол тамганын ачкычынын сертификаттарын аралыктан алуунун убактылуу тартибин бекитсин;
- пилоттук долбоорду техникалык ишке ашырууга байланышкан зарыл болгон уюштуруучулук-техникалык чараларды көрсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров |