Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 6-июлу № 410-т
Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда жетишилген инвестициялык келишимдерди практикалык ишке ашыруу маселелерин талкуулоо боюнча эмират тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Эмират тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ инвестициялык келишимдерди практикалык ишке ашыруу боюнча толук чараларды көрсүн.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров |
Тиркеме |
Эмират тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Амангельдиев Данияр Джолдошевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Даникеев Улан Оскенович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Аширбеков Талгат Аширбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Баймурзаев Темирлан Арапбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти; |
Жакыпов Манас Жакыпович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Сыдыков Орозбек Кадырбекович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Айтымбетов Ренат Калкабаевич | - | Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары; |
Салиев Алмаз Абдылдаевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Атаханов Авазбек Койлубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин экономикалык дипломатия департаментинин директору; |
Таиров Медет Маратович | - | "РСК Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары; |
Малдыбаев Адилет Абдымуталипович | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү; |
Самыкбаев Айдарбек Аманбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин бажы саясаты башкармалыгынын бажы саясаты жана инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Кенжебаев Омурбек Абдиназарович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин тышкы жардам башкармалыгынын эл аралык финансылык институттар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы. |