Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 19-июну № 348-т
Кыргыз Республикасынын Джалал-Абад облусунун Джалал-Абад шаарын тездетилген социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыздоо үчүн бөлүнгөн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин максаттуу трансферттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 41-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
2023-жылга Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш чаралар | Милдеттер | Каражаттардын суммасы | Аткаруу мөөнөттөрү | Күтүлүүчү натыйжалар (индикаторлор) | Каржылоо булагы | Жооптуу аткаруучулар |
Бюджетти түзүүчү долбоорлор (320,6 млн. сом) | |||||||
1 | Асфальт-бетон заводун куруу | Техникалык шартты иштеп чыгуу жана подряддык уюмду тандоо | 112,2 млн. сом | 2023-жыл | Шаар жолдорун куруу жана оңдоо үчүн асфальт өндүрүү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги |
2 | Таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу | Техникалык шартты иштеп чыгуу жана подряддык уюмду тандоо | 133,4 млн. сом | 2023-жыл | Шаардын экологиясын жакшыртуу үчүн таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги |
3 | Балдар үчүн оюн комплексин куруу | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана балдар үчүн оюн комплексин куруу | 75,0 млн. сом | 2023-жыл | Балдар үчүн муниципалдык оюн комплексин ачуу | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги |
Инфраструктуралык долбоорлор (779,1 млн. сом) | |||||||
4 | Шаар жолдорун капиталдык оңдоо | Көчөлөрдү капиталдык оңдоо: - В.Ленин; - А.Пушкин; - Т.Байзаков; - Манас; - Б.Осмонов; - М.Бабкин; - Курманбек | 731,0 млн. сом | 2023-жыл | Шаардын көчөлөрү оңдолду | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
5 | Тротуар жана велосипед жолун куруу | Шаардан "Жалал-Абад" санаторийине чейин 3,6 км узундуктагы тротуарды жана велосипед жолун куруу | 35,8 млн. сом | 2023-жыл | Шаар меймандары жана тургундары үчүн шарттарды түзүү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
6 | Шаардын аймагында суу менен камсыздоо системаларын жакшыртуу үчүн скважиналарды куруу жана реконструкциялоо | Техникалык суу алуу үчүн төрт кошумча скважинаны түзүү | 12,3 млн. сом | 2023-жыл | Шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн шарттарды түзүү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
Социалдык долбоорлор (890,3 млн. сом) | |||||||
7 | Шаар жаштары үчүн спорттук интернатты ачуу | А.Пушкин көчөсүндөгү № 1 кесиптик лицейди капиталдык оңдоо жана шаардын спорт интернатына багытын өзгөртүү | 120,0 млн. сом | 2023-жыл | Өлкөнүн түштүк регионунда спортчуларды даярдоо үчүн шарттарды түзүү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги |
8 | Инновациялык IT-борборун куруу | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана Ж.Бакиев көчөсүндө инновациялык IT-борборун куруу | 65,3 млн. сом | 2023-жыл | Инновациялык IT-технологияларга окууга жаштардын кызыкчылыгын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги |
9 | Облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы корпусун куруу | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана Облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы корпусун куруу | 356,0 млн. сом | 2023-жыл | Инфекциялык контролдоонун бардык деңгээлине ылайык келген облустук кургак учукка каршы күрөшүү диспансеринин жаңы корпусун ачуу | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги, ССМ |
10 | Облустук оорукананын жаңы корпусун куруу | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана облустук оорукананын жаңы корпусун куруу | 252,0 млн. сом | 2023-жыл | Облустук клиникалык оорукананын терапия, неврология жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрү үчүн жаңы корпусту ачуу | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги, ССМ |
11 | Бала бакча куруу | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана М.Исакулов көчөсүндө 150 орундуу бала бакча куруу | 97,0 млн. сом | 2023-жыл | Шаардын жашоочуларын бала бакчалар менен камсыздоо маселелерин чечүү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги |
12 | Долбоорлорду даярдоо | Долбоордук уюмдарды тандоо | 10,0 млн. сом | 2023-жыл | Тиешелүү долбоорлор даярдалды | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
| Жалпы |
| 2000,0 млн. сом |
|
|
|
|
Кыскартуулардын тизмеси:
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |