Редакцияот 15.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

 

2023-жылдын 15-августу № 475-т

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Синьдзян-Уйгур автономиялуу районунун Элдик Өкмөтүнүн ортосундагы Трансчек аралык электрондук сооданы өнүктүрүү жана почтаны тез өткөрүүнү илгерилетүүнү активдештирүү үчүн эки өлкөнүн почта кызматтарынын кызматташуусун кеңейтүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

 

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Элдик Өкмөтүнүн ортосундагы Трансчек аралык электрондук сооданы өнүктүрүү жана почтаны тез өткөрүүнү илгерилетүүнү активдештирүү үчүн эки өлкөнүн почта кызматтарынын кызматташуусун кеңейтүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ

Эл аралык почтаны жана эл аралык электрондук коммерция товарларын ташууну чек аралык контролдоо процессин тездетүү үчүн,

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - "кыргыз тарап") жана Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Элдик Өкмөтү (мындан ары - "кытай тарап") бирге айтылганда "Тараптар" деп аталып, төмөнкүдөй маселелер боюнча макулдашууга келди:

Макулдашуунун максаттары: Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достук коңшулук мамилелерди андан ары өнүктүрүү; өз ара пайда жана тең укуктуулук принциптеринин негизинде эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, сооданы ар тараптуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү; Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кол коюлган Биргелешкен билдирүүнү ишке ашыруу; эки өлкөнүн почта ишканаларынын кызматташуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана эл аралык электрондук коммерцияны өнүктүрүүнү колдоо.

1-берене. Негизги аныктамалар, түшүнүктөр жана терминдер

Ушул Макулдашууда төмөнкүдөй аныктамалар, түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

1) "почтаны тез өткөрүү методу" - "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун эл аралык почта алмашуу жеринен" "Кытай Эл Республикасынын Синцзян-Уйгур автономиялуу районунун "Кашгар" эркин экономикалык зонасынын аймагындагы "Кытай почтасы" эл аралык почта алмашуу жерине" чейин жана кайра бери карай маршруту боюнча чек ара аркылуу эл аралык почта жиберүүлөрдү жана трансчек аралык электрондук соода товарларын ташуунун жана өткөрүүнүн биринчи кезектеги жана артыкчылыктуу жол-жобосу, ошол эле учурда эки Тарап мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү процессин негиздүү оптималдаштырууга, көзөмөлдүн бардык процессинин натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшөт жана мүмкүн болгон учурда Тараптардын мамлекеттеринин почта кызматтарынын почта же ыйгарым укуктуу транспорт каражаттарынын ылдам өтүүсүн артыкчылыктуу камсыз кылат;

2) "Кыргыз почтасы" ААК - Кыргыз Республикасынын почта байланышынын дайындалган оператору, "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому;

3) "Кытай почтасы" - Кытай Эл Республикасынын почта байланышынын дайындалган оператору, "Кытай ПочтаКорпорациясы" ачык акционердик коому;

4) "мамлекеттик жол-жоболор" - Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык белгиленген, Тараптардын мамлекеттеринин мамлекеттик чек арасы аркылуу эл аралык почта жөнөтүүлөрүн жана трансчек аралык электрондук соода товарларын өткөрүүнү контролдоо менен байланышкан жол-жоболор;

5) "Эл аралык почта алмашуу жери" (мындан ары - ЭПАЖ) -Тараптардын мамлекеттеринин почта байланышынын дайындалган операторлору тарабынан Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жана Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Кашгар шаарында уюшулган эл аралык почта жөнөтүү пункттары;

6) "эл аралык почта жөнөтүүлөрү" - Дүйнөлүк почта бирлигинин актыларына ылайык почта алмашуу объекттери болуп саналган посылкалар жана жазуу корреспонденциясынын жөнөтүүлөрү;

7) "трансчек аралык электрондук соода товарлары" - жеке жактарга сатууга арналган, Тараптардын мамлекеттеринин аймагына ташылып келген, Тараптардын бири жеке жак болуп саналган бүтүмдүн алкагында же Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында туруктуу же убактылуу жашаган (убактылуу болгон) жеке жактар менен үчүнчү мамлекеттин жагынын ортосундагы бүтүмдүн алкагында же болбосо үчүнчү мамлекеттин аймагында туруктуу же убактылуу жашаган (убактылуу болгон) жеке жак менен Тараптардын мамлекеттеринин жагынын ортосундагы бүтүмдүн алкагында маалыматтык-телекоммуникациялык тармактын ресурстарын пайдалануу менен жеке жактар тарабынан электрондук соода аянтчаларында сатып алынган, Тараптардын мамлекеттеринин чек арасы аркылуу мындай товарларды алуучу болуп эсептелген жеке жактардын дарегине эл аралык почта жөнөтүүлөрүндө же ташуучу тарабынан өткөрүлүүчү электрондук соода товарлары;

8) "почтаны тез өткөрүү методу үчүн транспорт каражаттары" (мындан ары - "транспорт каражаттары") - Тараптардын мамлекеттеринин дайындалган почта операторлорунун жана/же эл аралык почта жөнөтүүлөрүн жана трансчек аралык электрондук соода товарларын эл аралык ташуунун ыйгарым укуктуу ташуучуларынын автотранспорт каражаттары.

2-берене. Почтаны тез өткөрүү методу

2.1. Эл аралык почта жөнөтүүлөрүн жана трансчек аралык электрондук соода товарларын кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу ташууну жана өткөрүүнү тездетүү максатында Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын жана эл аралык милдеттенмелеринин эрежелеринин жана жол-жоболорунун алкагында "почтаны тез өткөрүү методун" аныктайт.

2.2. Эки Тарап тең почта жөнөтүүлөрүн кабыл алуу, жөнөтүүнү иштетүү процесстерин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн ЭПАЖды, алмашуу пункттарын, ошондой эле башка базалык инфраструктуралык мекемелерди түзүүнү колдойт.

2.3. Тараптардын макулдашуусу боюнча кийин Ош ш. "Кыргыз почтасы" ЭПАЖ - "Кашгар" ЭПАЖ эркин экономикалык зонасы маршруту боюнча "почтаны тез өткөрүү методун" уюштуруу маселеси иштелип чыгууга тийиш.

2.4. "Почтаны тез өткөрүү методу" боюнча ташуу үчүн мамлекеттик жол-жоболорду жүргүзүү ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу максаттары үчүн Тараптардын мамлекеттеринин почта байланышынын дайындалган операторлору тарабынан уюштурулган ЭПАЖдын чегинде ишке ашырылууга тийиш.

3-берене. Тараптардын коммуникациясы жана кызматташуусу

3.1. Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашырууга төмөнкүлөрдү жооптуу органдар деп аныктайт:

Кыргыз Тараптан:

- "почтаны тез өткөрүү методу" боюнча жөнөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу бөлүгүндө - "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомун;

- "почтаны тез өткөрүү методу" боюнча жөнөтүүлөргө карата мамлекеттик жол-жоболорду жүзөгө ашыруу бөлүгүндө - Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу/компетенттүү мамлекеттик органдарын.

Кытай Тараптан:

- "почтаны тез өткөрүү методу" боюнча жөнөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу бөлүгүндө - Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун "Кытай почтасы корпорациясы" филиалын;

- "почтаны тез өткөрүү методу" боюнча жөнөтүүлөргө карата мамлекеттик жол-жоболорду жүзөгө ашыруу бөлүгүндө - Кытай Эл Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу/компетенттүү мамлекеттик органдарын.

3.2. Бул Макулдашууну иш жүзүндө ишке ашыруу үчүн Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин почта байланышынын дайындалган операторлоруна консультацияларды, тажрыйба жана маалымат алмашууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берет, алардын мезгилдүүлүгү Тараптардын мамлекеттеринин почта байланышынын дайындалган операторлору тарабынан аныкталат.

4-берене. Талаш-тартыштарды чечүү

4.1. Ушул Макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын мамлекеттеринин дайындалган почта байланыш операторлорунун ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.

4.2. Эгерде талаш-тартыш ушул берененин 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечилиши мүмкүн болбосо, анда ал акылга сыярлык мезгилдин ичинде соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын кароосуна киргизилет.

5-берене. Күчүнө кириши жана колдонулушун токтотуу

5.1. Бул Макулдашуу кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет.

5.2. Бул Келишимдин белгисиз мөөнөткө түзүлдү. Ар бир Тарап экинчи Тарапка өзүнүн мындай ниети жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо аркылуу анын колдонулушун токтото алат. Мындай учурда бул Макулдашуу экинчи Тарап мындай кабарламаны алган датадан тартып алты (6) ай өткөндөн кийин колдонулушу токтотулат.

5.3. Бул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу, эгерде Тараптар жазуу жүзүндө башкача макулдашпаса, Тараптар алар боюнча милдеттенмелерин толук аткарганга чейин, анын алкагында жүзөгө ашырылып жаткан жана анын колдонулушу токтотулган учурда аяктай элек иштин жана программалардын аткарылышына таасирин тийгизбейт.

 

Макулдашуу 2023-жылдын "___" _____________ августунда Үрүмчү шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, орус жана кытай тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн:

 

Кытай Эл Республикасынын Синцзян-Уйгур автономиялуу районунун Элдик Өкмөтү үчүн:

_____________________________________

 

______________________________________