Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 27-апрели № 208-т
Лидер аялдарды тандоо, илгерилетүү жана колдоо боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу максатында, "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 699-т тескемеси менен бекитилген 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен:
1. Лидер аялдарды тандоо, илгерилетүү жана колдоо боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ үч айлык мөөнөттө лидер аялдарды тандоо, илгерилетүү жана колдоо боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2023-жылдын 1-сентябрына чейин лидер аялдарды тандоо, илгерилетүү жана колдоо боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө чечимдин долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топ белгиленген тартипте иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) кызматкерлерин, ошондой эле эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн ишке тартууга жана маалыматтарды сурап алууга укуктуу деп белгиленсин.
5. Министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча оперативдүү тартипте зарыл болгон маалыматты берсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
6. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аныкталсын.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров |
Тиркеме |
Лидер аялдарды тандоо, илгерилетүү жана колдоо боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Байсалов Эдил Жолдубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Карыпбеков Улан Кадырсултанович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Алыбаева Жаныл Ишенбековна | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Чаргынова Турсунгул Толепековна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы (макулдашуу боюнча); |
Дубанбаева Анар Сартбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Исаков Миргазы Маратович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы; |
Максутов Жаркынбек Бурукулович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары - аймактарды өнүктүрүү секторунун башчысы; |
Рысбекова Жыпариса Боронбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти; |
Абылкасымова Тамара Нурмамытовна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катчылыгынын спичрайтери; |
Абилова Миргул Талантбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти; |
Ашымбаева Токтобүбү Абасовна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Дуйшеева Жибек Курманбековна | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Усенбекова Айнура Доктурбаевна | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Орозов Бахтияр Сайпидинович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Жумалиев Зайнидин Калидинович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары; |
Абдыкадыров Нурлан Ыдырысович | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана жарандарды жана балдарды социалдык коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды аткарууну көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Кыштобаева Гульмира Алимбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Садырбеков Азиз Садырбекович | - | Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Окоева Гульмира Качкыновна | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону координациялоо бөлүмүнүн башчысы; |
Аманалиев Урмат Олжобекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору. |