Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 4-майы № 218-т
2023-жылдын 9-майынан тартып 15-майына чейинки мезгилде Сауд Аравия Королдугунун Жидда шаарында өтүүчү Ислам өнүктүрүү банкынын Тобунун башкаруучуларынын ар жылдык 48-жолугушуусунун ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясынын мүчөлөрү Сауд Аравия Королдугунун Жидда шаарына 2023-жылдын 9-майынан тартып 15-майына чейин иш сапарга жиберилсин.
3. Иш сапардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров |
Тиркеме |
Ислам өнүктүрүү банкынын Тобунун башкаруучуларынын ар жылдык 48-жолугушуусунун ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы
Касымалиев Адылбек Алешович(*)(**) | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, делегациянын башчысы; |
Бакетаев Алмаз Кушбекович(*)(**) | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Марипов Улукбек Асамидинович | - | Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси; |
Аширбеков Талгат Аширбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Жусупбеков Исламбек Жекшенович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Искендербекова Кундуз Искендербековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти; |
Мааткулов Данияр Рыскулович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти; |
Баянбек Тилек | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү, донордук жана гранттык жардамга мониторинг жүргүзүү секторунун эксперти; |
Темирбеков Алмаз Темирбекович(**) | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жардамчысы; |
Акжолов Нурбек Акжолович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын начальниги; |
Наспеков Марс Дамирович | - | Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору. |
Эскертүү:
(*) турак жайды ижаралоо боюнча чыгымдарды жана суткалык чыгымдарды чакырган тарап төлөйт, учууга кеткен чыгымдарды Кыргыз Республикасына келгенден кийин чакыруучу тарап төлөп берет;
(**) 2023-жылдын 10-майынан тартып 15-майына чейин Сауд Аравия Королдугунун Жидда шаарына иш сапарга жиберилет.