РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 220-т (Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңешке жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешине Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө) тескемеси

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2023-жылдын 4-майы № 220-т

 

 2010-жылдын 19-ноябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо жаатында кызматташуу жана Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө макулдашуунун 2-беренесине жана 1994-жылдын 9-сентябрында кол коюлган Евразия патенттик конвенциясына ылайык:

1. Төмөнкүлөр дайындалсын:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору - Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңештеги жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары - Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңештеги жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары - Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңештеги жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 331-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.У.Жапаров