Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 28-августу № 503-т
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Палестина Мамлекетинин Айыл чарба министрлигинин ортосундагы Айыл чарба жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Палестина Мамлекетинин Айыл чарба министрлигинин ортосундагы Айыл чарба жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана Палестина Мамлекетинин Айыл чарба министрлиги эки өлкөнүн ортосундагы достук байланыштарды, элдеринин жыргалчылыгы жана бакубатчылыгы үчүн айыл чарба кызматташтыгын кеңейтүүгө жалпы умтулууну көңүлгө алып жана айыл чарба сектору экономикалык өнүгүүдө жана азык-түлүк коопсуздугунда маанилүү ролду ойной тургандыгын эске алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Ушул Макулдашуунун максаттары төмөнкү артыкчылыктуу тармактарда кызматташууга көмөктөшүүнү камтыйт, бирок алар менен чектелбейт:
1) айыл чарба изилдөөлөрү;
2) жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү генетикалык жактан жакшыртуу;
3) айыл чарба жана түшүм жыйноодон кийинки кайра иштетүү;
4) зайтун жана зайтун майы сектору, атап айтканда өндүрүш, сапат жана маркетинг;
5) жер жана суу ресурстарын өздөштүрүү;
6) жайыт жерлер жаатында тажрыйба алмашуу;
7) фитосанитардык диагностикалык иш-чараларды жүргүзүү тажрыйбасын алмашуу;
8) айыл чарба жүргүзүүнүн заманбап методдору жаатында тажрыйба алмашуу.
2-берене.
Тараптар эки өлкөнүн айыл чарба көргөзмөлөрүн уюштурууга жана айыл чарба продукцияларын илгерилетүүгө активдүү катышууну карап чыгууга макулдашты. Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн айыл чарба тармактарына инвестициялар үчүн өз ара мүмкүнчүлүктөрдү илгерилетүүнү макулдашты.
3-берене.
Тараптар, эгерде алардын ортосунда ар бир конкреттүү учурда жазуу жүзүндө башкача макулдашылбаса, ушул Макулдашууну аткаруу менен байланышкан өздөрүнүн чыгымдарын өз алдынча тартат.
Келген өлкөгө визиттин ниети жөнүндө эки айдан кем эмес алдын ала маалымдалууга тийиш.
4-берене.
Ушул Макулдашууну чечмелөөгө жана/же колдонууга байланыштуу келип чыгуучу ар кандай талаш-тартыштар же пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда консультациялар же сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
5-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптардын өз ара макулдугу боюнча анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор формасында өзгөртүлүшү жана/же толукталышы мүмкүн.
6-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптар жана алардын мамлекеттери катышуучулары болуп саналган эки тараптуу, ошондой эле көп тараптуу башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
7-берене.
Ушул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет, 5 жыл колдонулат жана эгерде Тараптардын бири көрсөтүлгөн беш жылдык мөөнөт аяктаганга чейин кеминде 6 ай мурда ушул Макулдашууну бузуу ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирбесе, ушундай эле мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат. Бирок кайсы Тарап болбосун башка Тарапка тиешелүү жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү менен ушул Макулдашууну каалаган убакта токтото алат. Бул учурда Макулдашуу мындай жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин өз аракетин токтотот.
Тараптар жазуу жүзүндө башкача макулдашкан учурларды кошпогондо, ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтүн токтотуу же узартпоо ага ылайык ишке ашырылуучу, башталган, бирок колдонуу мөөнөтү токтотулган же узартылбаган учурга карата бүтпөгөн биргелешкен иш-чараларга, программаларга жана долбоорлорго алар толук аяктаганга чейин таасирин тийгизбейт.
Бишкек шаарында 2023-жылдын "___"-августунда эки нускада, ар бири кыргыз, орус, араб жана англис тилдеринде кол коюлган, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө кандайдыр бир кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги үчүн |
| Палестина Мамлекетинин Айыл чарба министрлиги үчүн |