Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 3-октябры № 582-т
Республиканын кен казуу жана энергетика тармагына инвестицияларды, трансферди тартуу жана инновациялык технологияларды адаптациялоо жолу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын аткарууну камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (мындан ары - КР УИА) жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (мындан ары - КМТУ) сунушу боюнча түздүктөгү дарыялардын, нугу эңкейиш эмес сугат жана башка каналдардын потенциалын пайдалануу менен чакан гидроэлектр станцияларында энергияны генерациялоо технологиясын өздөштүрүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жактырылсын.
2. Пилоттук долбоордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
- сугат жерлерин машина менен сугаруу жана жаңы айыл чарба жерлерин өздөштүрүү маселелерин чечүү;
- суудан суутек өндүрүү жана аны энергетикалык максаттар үчүн жана транспортто колдонуу;
- буу генераторлорун өндүрүүнү өздөштүрүү жана өнөр жай-жарандык имараттар жана айыл жериндеги калк үчүн көмүртексиз жылытуу системаларын түзүү маселелерин чечүү.
3. Суу чарба объекттеринин магистралдык каналдарында жаңы конструкциядагы чакан ГЭСтерди жайгаштыруу менен энергияны генерациялоо технологиясын өздөштүрүү боюнча (мындан ары - "АТЭК" пилоттук долбоору) базалык мекеме катары КМТУга караштуу "КОНАС" илимий-инженердик борбору (мындан ары - "КОНАС" ИИБ) аныкталсын.
4. 2023-жылдын 22-февралындагы Уставдын негизинде иштеген "КОНАС" ИИБ дирекциясы белгиленген тартипте гранттык/кредиттик каражаттарды жана инвестицияларды тартуу жолу менен практикада "АТЭК" пилоттук долбоорун ишке ашыруу үчүн КР УИАнын тийиштүү институттарынын адистеринин жана КМТУнун профессордук-окутуучулук курамынын ичинен жумушчу топторду түзүүгө укуктуу деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өз ыйгарым укуктарынын бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "АТЭК" пилоттук долбоорун ишке ашырууда "КОНАС" ИИБ дирекциясына ар тараптуу көмөк көрсөтсүн жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында каралган каражаттар менен көмөк көрсөтсүн.
6. "АТЭК" пилоттук долбоорунун алкагында архитектура-курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 3-1-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 114 "Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобонун 37-пунктуна ылайык параллель долбоорлоого, курууга жана эксплуатациялоого киргизүүгө уруксат берилсин.
7. "АТЭК" пилоттук долбоорун уюштурууга жана ишке ашырууга жоопкерчилик "КОНАС" ИИБге жүктөлсүн. Долбоорду ишке киргизүүнүн болжолдуу мөөнөтү - 2023-жылдын декабры.
8. "КОНАС" ИИБ 2024-жылдын 31-январына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча отчет киргизсин.
9. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |