Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 6-октябры № 597-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Бишкек шаарындагы ишинин шарттары жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Бишкек шаарындагы ишинин шарттары жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Россия Федерациясынын Өкмөтү,
1992-жылдын 10-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө келишимге, 1997-жылдын 17-январындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин бирдиктүү (жалпы) билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге, 1998-жылдын 24- ноябрындагы Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн, Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү, окумуштуулук даражалары жана наамдары жөнүндө документтерди оз ара таануу жана эквиваленттүүлүгү тууралуу макулдашууга, 2004-жылдын 15-сентябрындагы Орто (жалпы) билим берүү, башталгыч кесиптик жана орто кесиптик (атайын) билим берүү жөнүндө документтерди өз ара таануу жана эквиваленттүүлүгү тууралуу макулдашууга, 2013-жылдын 31-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жогорку/жогорку кесиптик билим берүү жөнүндө документтерди өз ара таануу тууралуу макулдашуусуна негизденип,
Тараптардын мамлекеттеринин билим берүү жана элдеринин маданияттары жаатында өз ара аракеттенүүсүн андан ары өркүндөтүү үчүн бир кыйла жагымдуу шарттарды түзүү максатында,
1993-жылдын 9-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарында Кыргыз-Россия Славян университетин уюштуруунун жана ишинин шарттары жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Уюштуруу макулдашуусу) ылайык Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетине карата укуктук жөнгө салуунун укук улантуучулугун камсыз кылууга умтулуп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты.
1-берене. Укуктук жобо
Ушул Макулдашуу менен Тараптар Уюштуруу макулдашуусу менен түзүлгөн Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин (мындан ары - Университет) ишинин шарттарын бекемдейт.
Университет Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын биргелешкен карамагындагы жогорку билим берүүнүн мамлекеттер аралык билим берүү уюму болуп саналат.
Университет Кыргыз Республикасында мамлекеттик университеттин жана Россия Федерациясында жогорку билим берүүнүн федералдык мамлекеттик билим берүү уюму статусуна ээ.
Университет юридикалык жак болуп саналат.
Университет Тараптардын Ыйгарым укуктуу органдары бекиткен Уставдын негизинде иштейт.
Университет ишин ушул Макулдашууда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
Университетте иш кагаздары орус тилинде жүргүзүлөт. Кыргыз тили Университеттин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана ведомстволору менен кат алышуусунда колдонулат.
Университет өзүнүн толук аталышы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар тегерек мөөргө жана өзүнүн толук аталышы жана Россия Федерациясынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар тегерек мөөргө, штамптарга, бланктарга жана юридикалык жактын башка реквизиттерине, товардык белгиге ээ.
2-берене. Ыйгарым укуктуу орган
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу органдар (мындан ары - Ыйгарым укуктуу органдар) болуп төмөнкүлөр саналат:
Кыргыз Тарабынан - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары - Кыргыз Тарабынын ыйгарым укуктуу органы);
Россия Тарабынан - Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги (мындан ары - Россия Тарабынын ыйгарым укуктуу органы);
Ыйгарым укуктуу органдын аталышынын өзгөрүшү жана (же) анын функцияларын мамлекеттик бийликтин башка органына (башка органдарына) өткөрүп берүү жөнүндө Тараптардын бири экинчи Тарапка жазуу жүзүндөгү кабарлоону дипломатиялык каналдар аркылуу токтоосуз жиберет.
3-берене. Университеттин милдеттери
Университеттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- дүйнөлүк гуманитардык жана илимий-техникалык мейкиндикте Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ролун күчөтүү;
- Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын жана Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын позитивдүү имиджин түзүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана Россия Федерациясынын федералдык мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана федералдык мамлекеттик талаптарына ылайык жогорку билимдүү, анын ичинде илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо;
- инсандын билим алуу керектөөлөрүн канааттандыруу, Тараптардын мамлекеттеринин элдеринин маданиятын, тилин, тарыхый жана улуттук каада-салттарын сактоого, өнүктүрүүгө жана өз ара байытууга көмөктөшүү;
- илимий жана инновациялык ишти жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жогорку билим берүүнүн алдынкы билим берүү уюмдары жана илимий уюмдары, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттер жана башка мамлекеттердин уюмдары менен биргеликте колдонмо жана фундаменталдык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын илим жана билим берүү жаатында топтолгон тажрыйбаны жана жетишкендиктерди колдонуунун негизинде илимий жана кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- орус тилин окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу борборун түзүү жана өнүктүрүү;
- орус тилин жана орус маданиятын илгерилетүү боюнча агартуучу иш-чараларды жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында жана илимий уюмдарында академиялык алмашуу жана стажировкалар программаларын ишке ашыруу.
Университеттин милдеттерин жүзөгө билим берүү жана илим жаатындагы алдынкы технологияларды колдонуу, мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны пайдалануу аркылуу ашыруу жетишилет.
4-берене. Билим берүү иши
Университетте окутуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана Россия Федерациясынын федералдык мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана федералдык мамлекеттик талаптарына ылайык кыргыз тилин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттарында белгиленген көлөмдө милдеттүү түрдө окутуу менен орус тилинде, ошондой эле билим берүү процессинде колдонуу үчүн тиешелүү шарттар түзүлүүчү чет тилдерде жүргүзүлөт.
Университет тарабынан иштелип чыгуучу билим берүү программалары Тараптардын мамлекеттеринин маданий жана тилдик өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарында жана Россия Федерациясынын федералдык мамлекеттик билим берүү стандарттарында жана федералдык мамлекеттик талаптарында каралган билим берүүнүн сапатын сактоо (кепилдөө) менен билим берүү компонентин камтууга тийиш.
Университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн орус тилин билүү деңгээли коммуникативдик керектөөлөрдү канааттандырууга жана адистиктерге, илимий адистиктерге жана даярдоо багыттарына ылайык кесиптик ишин орус тилинде жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүгө тийиш.
Билим берүү программаларын толук көлөмдө өздөштүргөн жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өткөн адамдарга Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мыйзамдарында белгиленген тартипте билими жана/же квалификациясы жөнүндө документтер тиешелүү түрдө берилет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган билим берүү программаларын ишке ашыруунун алкагында билим берүү ишин лицензиялоо жана мамлекеттик аккредитациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Россия Федерациясынын мыйзамдарында каралган билим берүү программаларын ишке ашыруунун алкагында билим берүү ишин лицензиялоо жана мамлекеттик аккредитациялоо Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Университет менен тиешелүү уюмдардын ортосундагы келишимдердин негизинде Университетте россиялык билим берүү жана/же илимий уюмдардын кафедралары жана башка түзүмдүк бөлүмдөрү түзүлүшү мүмкүн.
5-берене. Университеттин башкаруу органдары
Башкаруу кеңеши Университеттин жогорку коллегиялуу башкаруу органы болуп саналат.
Университеттин жалгыз аткаруучу органы болуп Университеттин ректору саналат.
Окумуштуулар кеңеши Университеттин туруктуу иштөөчү коллегиялуу башкаруу органы болуп саналат.
Университеттин Уставында Тараптардын мыйзамдарына ылайык башка башкаруу органдарын түзүү каралышы мүмкүн.
6-берене. Университеттин башкаруу кеңеши
Башкаруу кеңеши ар бир Тараптан алты адамдан турган Ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт.
Университеттин Башкаруу кеңешинин ишин жетектөөнү Башкаруу кеңешинин курамына кирген Ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүнүн ичинен ротация принциби боюнча 1 жылдык мөөнөткө шайлануучу төрага жүзөгө ашырат.
Башкаруу кеңешинин түзүмү, курамын түзүү жана төраганы шайлоо тартиби, мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, ыйгарым укуктары жана ишинин тартиби Тараптардын Ыйгарым укуктуу органдары тарабынан бекитилүүчү Башкаруу кеңеши жөнүндө жобо менен аныкталат.
Университеттин Башкаруу кеңешинин жыйналыштарына улуттук илимдер академияларынын, коомдук уюмдардын жана бизнестин өкүлдөрү катыша алат.
Башкаруу кеңеши Университетти өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктайт, Университеттин бюджетин бекитет, Университеттин ректорунун отчетторун жактырат, ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу менен байланышкан башка маселелерди карайт.
7-берене. Университеттин ректору
Университеттин ректору (мындан ары - Ректор) Университеттин ишин учурдагы, түздөн-түз жетектөөнү жүзөгө ашырат.
Ректордун ыйгарым укуктары Университеттин Уставы менен аныкталат.
Ректордун кызмат ордун ээлеген адамдын жаш курагынын чеги 70 жаштан ашпоого тийиш.
Ректордун кызмат ордуна талапкерлерге коюлуучу талаптар жана Ректорду шайлоону өткөрүү тартиби Университеттин Уставы менен белгиленет.
Ректор кызмат ордуна 5 жылга чейин мөөнөткө бекитилет. Бир эле адам Ректордун кызмат ордун катары менен эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт.
Ректордун кызмат ордуна шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди аттестациялоо жүргүзүү тартиби жана мөөнөттөрү Россия Тараптан Ыйгарым укуктуу орган Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык белгилейт.
Ректор Россия Тараптан Ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна бекитилет жана кызмат ордунан бошотулат. Ректор менен эмгек жана башка түздөн-түз байланышкан мамилелер Россия Федерациясынын мыйзамдары менен жөнгө салынат жана бул адам менен иш берүүчү катары чыккан жана Университеттин уюштуруучуларынын атынан аракеттенген Россия Тараптан Ыйгарым укуктуу органдын ортосунда түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде келип чыгат.
8-берене. Окумуштуулар кеңеши
Окумуштуулар кеңеши Университетти өнүктүрүүнүн учурдагы жана келечектеги милдеттерин чечүү үчүн Университеттин кызматкерлеринин жана окугандардын ичинен түзүлөт.
Окумуштуулар кеңешинин түзүмү, курамын түзүү тартиби, мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, ыйгарым укуктары жана ишинин тартиби Университеттин Уставы менен аныкталат.
9-берене. Академиялык укуктар жана эркиндиктер
Университеттин илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерине жана окугандарга Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында каралган академиялык укуктар жана эркиндиктер берилет.
Университетке окууга кабыл алуу укугун тиешелүү деңгээлдеги билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары, Россия Федерациясынын жарандары, башка мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар жынысына, жаш курагына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк, социалдык жана кызматтык абалына, жашаган жерине, динге болгон мамилесине, ынанымдарына, коомдук бирикмелерге тиешелүүлүгүнө, ошондой эле башка жагдайларга карабастан Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык пайдаланат.
10-берене. Кабыл алуу эрежелери
Университетке кабыл алуу эрежелери Университет тарабынан Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык белгиленет.
Кыргыз Республикасынын билим берүү программалары боюнча окууга кабыл алуу Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Россия Федерациясынын билим берүү программалары боюнча окууга кабыл алуу Россия Федерациясынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин каражаттарынын эсебинен окууга кабыл алуу үчүн орундардын саны жыл сайын Кыргыз тараптын Ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү жана каралуучу Университеттин өтүнмөсүнүн негизинде Кыргыз тараптын ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.
Россия Федерациясынын федералдык бюджетинин каражаттарынын эсебинен окууга кабыл алуу үчүн орундардын саны жыл сайын Россия тараптын ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү жана каралуучу Университеттин өтүнмөсүнүн негизинде Россия тараптын ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.
Университет акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдер боюнча жеке жана (же) юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен билим берүү ишин жүзөгө ашырууга укуктуу.
11-берене. Билимди, квалификацияларды, окумуштуулук даражаларды жана наамдарды таануу
Университетте алган билимди жана квалификацияны өз ара таануу Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана Тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы колдонулуп жаткан жана билимди жана квалификацияны өз ара таануу маселелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
Россия тараптан ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Макулдашуу колдонулган мезгилде белгиленген тартипте Университеттин өтүнүч каттары боюнча анын базасында илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын алууга, илимдин доктору окумуштуулук даражасын алууга диссертацияларды жактоо боюнча кеңештерди түзүүгө уруксат берилиши, бул кеңештердин курамдары аныкталышы (өзгөртүлүшү), бул кеңештерге жактоо үчүн диссертацияларды (мындан ары - диссертациялык кеңештер) кабыл алуу укугу берилген илимий адистиктердин тизмектери аныкталышы мүмкүн.
Ушул берененин экинчи абзацында каралган диссертациялык кеңеш тарабынан ыйгарылган окумуштуулук даражалары Кыргыз Республикасында ушул Макулдашуунун негизинде алардын ээлеринин кесиптик ишин жүзөгө ашырууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында таанылат.
Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык изденүүчүнү илимий наамга көрсөтүүнүн негизинде Университет тарабынан ыйгарылган илимий наамдар Кыргыз Республикасында ушул Макулдашуунун негизинде алардын ээлеринин кесиптик ишин жүзөгө ашырууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында таанылат.
12-берене. Илим жана билим берүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташуу
Орус тилинин потенциалын бекемдөө жана Тараптардын мамлекеттеринин жалпы маданий, билим берүү жана илимий мейкиндигин түзүү максатында Ыйгарым укуктуу органдар Университетке Тараптардын мамлекеттеринин билим берүү жана илимий уюмдары менен кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Ыйгарым укуктуу органдар Университетке Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларга катышуу мүмкүндүгү жөнүндө Университеттин билим алуучуларын, илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерин аталган программаларды ишке ашырууга тартуу максатында маалымдайт.
Университет дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу үчүн Университеттин окуучуларынын, педагогикалык, илимий, илимий-педагогикалык жана башка кызматкерлеринин эл аралык академиялык мобилдүүлүгү аркылуу гуманитардык байланыштарды өнүктүрөт.
Университет тарабынан кызматташуу жөнүндө макулдашууларды түзүү Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
13-берене. Университеттин инфратүзүмү
Университеттин Уставында каралган ишин камсыз кылуу максатында ага имараттар, курулмалар, жабдуулар, ошондой эле керектөөчүлүк, социалдык, маданий жана башка багыттагы башка зарыл мүлк ыкчам башкаруу укугунда бекитилет.
Университетке жеке жана юридикалык жактар тарабынан белек, кайрымдуулук түрүндө берилген акча каражаттарына, мүлккө жана башка менчик объекттерине менчик укугу, Университеттин интеллектуалдык ишинин натыйжаларына, ошондой эле өз ишинен алынган кирешелерге жана ушул кирешелерден сатып алынган мүлктөргө өзгөчө укуктар таандык. Аларды ээликтен ажыратуу маселелери Башкаруу кеңеши тарабынан белгиленген тартипте чечилет.
Бюджеттен тышкары каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлк Университеттин өз алдынча тескөөсүнө келип түшөт жана өзүнчө баланста эсепке алынат.
Университетке белгиленген тартипте бөлүнүп берилген, мурда өткөрүп берилген жер участокторун пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Кыргыз тарабы Университеттин өнүгүшүнө байланыштуу имараттарды, курулмаларды жана объекттерди куруу үчүн талап кылынышы мүмкүн болгон башка жер участокторун ыкчам башкаруу укугунда Университетке берүүгө көмөк көрсөтөт.
Тараптар имараттарды оңдоону жана реконструкциялоону каржылоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды андан ары Университетке өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү менен жаңы имараттарды, курулмаларды жана объекттерди курууга жана сатып алууга катышууга укуктуу.
14-берене. Университеттин ишин каржылоо
Университеттин ишин финансылык жактан камсыз кылууну Тараптар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин жана Россия Федерациясынын федералдык бюджетинин каражаттарынын, киреше алып келүүчү иштерден алынган акча каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырат.
Кыргыз тарабы Университетке жогорку билимдүү адистерди даярдоого, Университеттин студенттерине, аспиранттарына жана ординаторлоруна стипендия төлөөгө, жетим студенттерди тамактандырууга чыгымдарды камсыз кылуу максатында мамлекеттик билим берүү заказы түрүндө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарын берет.
Россия тарабы Университеттин кызматкерлерине эмгек акыны жана ага чегерүүлөрдү төлөөгө, кесиптик өнүктүрүүгө, коомдук маанилүү иш-чараларга, көргөзмөлөрдү, жарманкелерди, фестивалдарды, конференцияларды, семинарларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдарды финансылык жактан камсыз кылуу максатында Университетке Россия Федерациясынын федералдык бюджетинин каражаттарын, анын ичинде чет элдик юридикалык жана жеке жактардын катышуусу менен берет.
Университетке Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнгөн каражаттарды пайдалануунун мыйзамдуулугун жана натыйжалуулугун текшерүү Кыргыз тарабынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Университетке Россия Федерациясынын федералдык бюджетинен бөлүнгөн каражаттарды пайдалануунун мыйзамдуулугун жана натыйжалуулугун текшерүү Россия тарабынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Университет тарабынан башка булактардан алынган каражаттарды, анын ичинде киреше алып келүүчү иштен алынган каражаттарды пайдалануунун мыйзамдуулугун жана натыйжалуулугун текшерүүнүн тартиби Башкаруу кеңеши тарабынан бекитилет.
Финансылык отчетторду түзүүдө Университет бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун бирдиктүү методологиясын жана стандарттарын сактоо менен ведомстволук (ички) актыларды колдонот.
Бюджеттен тышкары каражаттардын чегинде Университет окуучуларды жана педагогдорду социалдык жактан колдоо боюнча чараларды өз алдынча иштеп чыгат жана ишке ашырат.
Ушул Макулдашуунун 3-беренесинде аныкталган Университеттин милдеттерин ишке ашырууну финансылык камсыз кылуу анын максаттуу багытына жана каржылоо булактарынын көптүгүнө негизделет жана Тараптар тарабынан алардын улуттук мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен алардын улуттук стратегиялык документтерине ылайык, ошондой эле киреше алып келүүчү иштен жана башка бюджеттен тышкары каржылоо булактарынан түшкөн каражаттардын эсебинен Университет тарабынан жүзөгө ашырылат.
Университет жарандык укуктук келишимдердин негизинде иштерди аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө, эгерде бул Университеттин милдеттерине же Университеттин Уставында каралган анын ишинин максаттарына карама-каршы келбесе, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө укуктуу.
Жарандык-укуктук келишимдердин негизинде келип чыгуучу жарандык укуктук мамилелерге карата ишти аткаруу, кызмат көрсөтүү орду боюнча Тараптардын мамлекетинин мыйзамдары колдонулат.
Университеттин иши Тараптардын жок дегенде биринин аймагында ошол мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте иши жагымсыз деп таанылган чет өлкөлүк же эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес.
15-берене. Сатып алуу иши
Университеттин сатып алуу ишин жүзөгө ашыруунун принциптерине жана тартибине карата негизги талаптар Башкаруу кеңеши тарабынан бекитилген Университеттин сатып алуулары жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
16-берене. Салыктык жана финансылык жеңилдиктер
Университет мүлктү кайтарымсыз алган учурда Тараптар Тараптардын мыйзамдарында жана Тараптар катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган бажы алымдарын, кыйыр салыктарды жана жыйымдарды төлөөдөн бошотулат.
17-берене. Укук тартибин сактоо
Кыргыз Тарабы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Университеттин аймагында коопсуздукту камсыз кылуу жана укук тартибин сактоо үчүн тиешелүү чараларды көрөт.
18-берене. Талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди чечүү
Ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууга жана (же) чечмелөөгө байланышкан Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер алардын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
19-берене. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
Тараптар ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизе алат, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
20-берене. Ушул Макулдашуунун күчүнө кириши жана колдонулушун токтотуу
Ушул Макулдашуу 10 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып күчүнө кирет. Эгерде Тараптардын бири да анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө кезектеги мезгил аяктаганга чейин 6 айдан кечиктирбестен жазуу жүзүндө билдирүү аркылуу билдирбесе, анын колдонулушу кийинки он жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат.
Ушул Макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда Тараптар Университеттин окуучуларын окутуунун аякталышын камсыз кылат, Университеттин мүлкүн жоюу балансын түзө турган жоюу комиссиясын дайындайт. Жоюу балансы Ыйгарым укуктуу органдарга бекитүүгө берилет.
Ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып Уюштуруу макулдашуусунун 1 -беренесинин экинчи абзацы жана 2-13-беренелери өз күчүн жоготот.
Ушул Макулдашууга кол коюуга байланыштуу Тараптар 2008-жылдын 30-апрелиндеги Кыргыз-Россия Славян университетинин ишинин шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун катышуучулары болбоо ниетин билдирет.
20___-ж. "____" ______________ шаарында эки нускада, ар бири орус жана кыргыз тилдеринде түзүлдү, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун тексттеринин ортосунда айырмачылыктар болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстти пайдаланат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |