Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 6-октябры № 598-т
Экологиялык көйгөйдү чечүү, экологиялык жана санитардык коопсуздукту камсыз кылуу, тиричилик калдыктарынын айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна зыяндуу таасирин алдын алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктары менен иштөө боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Планды белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктары менен иштөө боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
| Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Каржылоо булагы | Ишке ашыруу мөөнөтү | Индикатор/ күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
1. Тиричилик калдыктары менен иштөө жаатындагы мыйзамдарды жана укуктук инструментарийлерди өркүндөтүү | ||||||
1 | Калдыктарды өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын өздөрү тарабынан калдыктар менен иштөө боюнча чыгымдарды компенсациялоону караган тиешелүү укуктук жана экономикалык негизди түзүү зарылдыгын аныктаган "булгоочу төлөйт" принцибин киргизүү | Товарларды жана таңгактарды өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар тарабынан калдыктарды кайра иштетүүгө кеткен чыгымдарды компенсациялоону караган өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилигин (ӨКЖ) киргизүү концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу. Бул темада коомдук талкуу өткөрүү | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин чегинде | 2023-жылдын IV кварталы - 2024-жылдын I кварталы | ӨКЖны киргизүү жөнүндө концепция кабыл алынды. Калдыктарды кайра иштетүү жана азайтуу үчүн "булгоочу төлөйт" принциби боюнча утилдештирүү жыйымын төлөө милдеттенмелери жөнүндө өндүрүүчүлөр, импорттоочулар арасында коомдук угуу өткөрүлдү | ЭКМ, ЖРЭТКМ, ФМ |
2 | Салык преференцияларын, мамлекеттик субсидияларды ж.б. берүүнү, ошондой эле лицензиялык-уруксат берүү системасын жакшыртууну караган калдыктар менен иштөө жаатындагы мыйзамдык базаны жана экономикалык жөнгө салуу механизмдерин талдоо жана өркүндөтүү | Калдыктар менен иштөө жаатында ӨКЖ экономикалык жөнгө салуу механизмин киргизүүнү караган "КРда өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун жаңы редакциясын иштеп чыгуу | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин чегинде | 2023-жылдын IV кварталы | Калдыктардын натыйжалуу кайра иштетилишин камсыз кылуу жана пайда болуу көлөмүн кыскартуу максатында экономикалык жөнгө салуунун заманбап механизмин киргизүүнү караган "Кыргыз Республикасында өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жаңы редакцияда кабыл алынды |
|
2.1 |
| Утилдештирүү жыйымын алуу, товарлардын керектөөчүлүк касиеттери жоголгондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын жана алардын таңгактарынын тизмесин, утилдештирүү жыйымын эсептөө методикасын аныктоо, калдыктарды утилдештирүү ченемдерин бекитүү тартибин иштеп чыгуу |
| 2023-жылдын IV кварталы | Керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарларды жана таңгактарды ӨКЖ системасынын иштешин камсыз кылуу боюнча КР МК чечими (токтому) кабыл алынды |
|
2.2 |
| Калдыктар менен иштөө маселелери боюнча КР мыйзамдарына салык преференцияларын берүүнү, лицензиялык-уруксат берүү системасын өркүндөтүүнү, салыктык эмес киреше катары утилдештирүү жыйымын төлөө үчүн калдыктардын бардык түрлөрүн киргизүүнү регламенттөөчү өзгөртүүлөрдү киргизүү |
| 2024-жылдын I, III квартал-дары | "Калдыктар менен иштөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КР Мыйзамы кабыл алынды, атап айтканда: 1. КР Салык кодекси; 2. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө КР кодекси; 3. "Лицензиялык уруксат берүү тутуму жөнүндө" КР Мыйзамы. Укуктук база өркүндөтүлдү, кайра иштетүү тармагын жакшыртууга жана мыйзамдаштырууга дем берүү каралды | ЖРЭТКМ, ЭКМ, ФМ |
3 | Тиричилик калдыктары менен иштөө, анын ичинде аларды өзүнчө чогултуу чөйрөсүндө укук бузуулардын алдын алуу жана жоопкерчиликти күчөтүү | Калдыктарды өзүнчө чогултуу, утилдештирүү жыйымын төлөө жана кайра иштетүү тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин чегинде | 2024-жылдын I, III кварталдары | Калдыктар менен иштөө тартибин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде административдик чаралар белгиленди, бул укук бузуулардын санын кыскартууга жана ишти мыйзамдаштырууга алып келет | ЖРЭТКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
4 | Бааларды түзүүнү өркүндөтүү жана тарифтерди оптималдаштыруу, төлөм тартибин бекемдөө | Заманбап ыкманы жана дүйнөлүк практиканы эске алуу менен оптималдаштыруу максатында жергиликтүү деңгээлде баа саясатын жөнгө салуунун укук белгилөөчү механизмдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин чегинде | 2024-жылдын I, II кварталдары | Жергиликтүү деңгээлде калдыктар менен иштөө чөйрөсүндө баа саясатын жөнгө салуу, төлөм тартибин, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын оптималдаштыруу боюнча ЖӨБОнун, шаарлардын мэрияларынын, жергиликтүү кеңештердин чечимдери (токтом) кабыл алынды | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КРП облустардагы ЫУӨ |
5 | Тиричилик калдыктары менен иштөө жаатында кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти конкурстук негизде жүзөгө ашыруу процессинин ачыктыгы жана айкындыгы | "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына калдыктар менен иштөө жаатында кызматтарды көрсөтүүдө конкурстук тандоо жүргүзүүнүн ачыктыгы үчүн санариптик платформаны иштетүүнү караган өзгөртүүлөрдү киргизүү | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин чегинде | 2024-жылдын III кварталы | Калдыктар менен иштөө жаатында кызматтарды көрсөтүүдө конкурстук тандоону жүргүзүүнүн ачыктыгын камсыздоо максатында "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзам кабыл алынды | |
2. Тиричилик калдыктары менен иштөө жаатында инфраструктураны жана инновациялык технологияларды өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу | ||||||
6 | Тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу максатында санитардык тазалоонун материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын өнүктүрүү | Маркировкалары бар таштандыларды өзүнчө чогултуу үчүн контейнерлерди, фандоматтарды, электрондук таразаларды орнотуу, зыянсыздандыруу участогу уюштуруу, Беккари чуңкурунун, полигондордо крематорийлердин, тосмолордун, сорттоо үчүн жабдуулардын болушу ж.б. | Жергиликтүү бюджет, тартылган каражаттар | 2024-жылдын I, III кварталдары | Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү, аларды уюштуруу менен алектенген коммуналдык ишканалардын, ошондой эле полигондордун материалдык-техникалык базасы жана инфраструктурасы жабдылды | МКЖӨБМА, КРП облустардагы ЫУО, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
7 | Тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен калкты толук камтууну камсыз кылууга багытталган санитардык тазалоо инфраструктурасын өнүктүрүү | Калдыктар менен иштөөнүн бардык циклине байкоо жүргүзүү үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиянын (МКТ) негизинде мониторинг системасын киргизүү. Калдыктар боюнча статистикалык отчеттуулукту өркүндөтүү | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин чегинде; тартылган каражаттар | 2023-2025-жылдар | Калкты 100% камтуу камсыз кылынды, калдыктардын бардык түрлөрү боюнча статистикалык отчеттуулук, пайда болгондон баштап калдыктарды толук кайра иштетүүгө жана утилдештирүүгө чейинки бүткүл циклди эсепке алуу жана контролдоо түзүлгөн | СӨМ, УСК, ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
8 | Катуу тиричилик калдыктарын өз-өзүнчө чогултуу боюнча инфраструктураны өнүктүрүүгө, полигондорду оптималдаштырууга, тиричилик калдыктарын, таштандыларды сорттоочу жана кайра иштетүүчү ишканаларды курууга багытталган инвестицияларды өздөштүрүү | Донорлордун долбоорлорун тартуу жана ишке ашыруу (табыштамаларды, техникалык тапшырмаларды берүү, таштандыларды кайра иштетүүчү заманбап ишканаларды, таштандыларды сорттоочу линияларды куруу бөлүгүндө калдыктар менен иштөө системасын жакшыртууга багытталган долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча инвесторлордун суроо-талаптарын аткаруу | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин чегинде, тартылган каражаттар | 2023-2025-жылдар | Долбоорлордун алкагында шаарларда жана райондордо заманбап полигондор, таштандыларды сорттоочу жана кайра иштетүүчү ишканалар курулду. Калдыктарды башаламан таштоочу жайлардын саны 30%га чейин кыскартылды | УИА, МКЖӨБМА, КРП облустардагы ЫУО, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
9 | Тиричилик калдыктары менен иштөө жаатында кызмат көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу процессинин ачыктыгы жана айкындыгы | Процесстин ачык-айкындуулугун, ошондой эле реалдуу убакыт режиминде, анын ичинде ЖӨБОнун сайттарында чагылдырууну камсыз кылуу үчүн санариптик платформанын негизинде "Бирдиктүү терезе" системасын киргизүү | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин чегинде | 2023-2025-жылдар | Ишканалар арасында тиричилик калдыктары менен иштөө жаатында кызмат көрсөтүүлөрдү тандоодо 100% ачык-айкындуулук камсыз кылынды | СӨМ, МКЖӨБМА, КРП облустардагы ЫУО, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
10 | Катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүнүн натыйжалуу жана заманбап системасын түзүү | ЭКЖ системасы боюнча материалдык жардам көрсөтүү, салыктык жана башка преференцияларды берүү аркылуу калдыксыз технологияларды колдонуу үчүн кайра иштетүүчү компанияларга дем берүү | Жергиликтүү бюджет, тартылган каражаттар | 2023-2025-жылдар | Бир катар легалдаштырылган кайра иштетүү ишканалары түзүлдү, калдыктарды натыйжалуу кайра иштетүүнүн эсебинен алардын көлөмүнү 30%га чейин кыскарды | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖРЭТКМ, ФМ, ЭКМ, КРП облустардагы ЫУО |
11 | Катуу тиричилик калдыктарын көмүү үчүн заманбап полигондорду түзүү | Бири-бирине жакын жайгашкан калдыктар башаламан ташталган чакан жайларды борбордоштуруу. Калдыксыз технология жана кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстарды өндүрүү үчүн полигондорду эң мыкты долбоорлоо менен куруу жана керектүү жабдуулар камсыз кылуу | Жергиликтүү бюджет, тартылган каражаттар | 2024-2025-жылдар | Кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстарды максималдуу алуу жана кайра иштетүү менен калдыктар башаламан ташталган жайлардын саны 50%га кыскарды. Кайра иштетилбеген жана биологиялык калдыктарды көмүү үчүн заманбап полигондор, крематорийлер, Беккари чуңкурлары курулду | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КРП облустардагы ЫУО |
12 | Калдыктар башаламан ташталган жайларды жабуу жана рекультивациялоо боюнча чараларды көрүү, тиричилик калдыктар объекттерин альтернативдүү энергия булактары түрүндө пайдалануу | Альтернативдүү энергияны алуу менен тиричилик калдыктарын жайгаштыруучу жерлерди техникалык жана биологиялык рекультивациялоо боюнча ишти долбоорлоо | Жергиликтүү бюджет, тартылган каражаттар | 2024-2025-жылдар | Альтернативдүү энергияны, биогазды алуу менен таштандылар жайларынын астындагы бузулган жерлер рекультивацияланды жана күрдүүлүгү калыбына келтирилди | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КРП облустардагы ЫУО |
3. Калктын экологиялык маданиятын жогорулатуу, тиричилик калдыктарын өз-өзүнчө чогултуу боюнча маалыматтык камсыздоо | ||||||
13 | Тиричилик калдыктары менен иштөө жаатында экологиялык билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн методикалык жана маалыматтык камсыздоону түзүү | Орто жана жогорку билим берүү жайларында милдеттүү түрдө "экология" сабагын милдеттүү түрдө киргизүү. Мектепке чейинки мекемелерде таанып-билүүчүлүк интерактивдүү оюндарды өткөрүү, тематикалык анимациялык роликтерди, мультипликациялык фильмдерди көрсөтүү, иш-чараларды өткөрүү |
| 2023-2025-жылдар | Жаш муундун, калктын экологиялык билими жогорулады, таштандыларды башкарууга жана кайра иштетүүгө/утилдештирүүгө заманбап мамиле жасоо боюнча агартуу иштери жүргүзүлдү | БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМК, ӨЭУ, экологиялык активисттер, кызыкдар тараптар |
14 | Калктын экологиялык маданиятын жогорулатуу жана кеңири масштабдуу пропаганданы жүргүзүү | Заманбап маалыматтык инструменттерди жана креативдүү ыкмаларды колдонуу, ЖМКда, социалдык тармактарда үзгүлтүксүз чагылдыруу (тематикалык роликтер, жүгүрмө саптар, документалдык фильмдер) |
| 2023-2025-жылдар | Таштандыларды башкарууга карата заманбап мамиле жөнүндө кеңири масштабдуу агартуу ишин жүргүзүү, улуттук телерадио берүүдө, ЖМКда, социалдык тармактарда ж.б. чагылдыруу туруктуу негизде жүргүзүлүүдө | ММСЖСМ, ЖРЭТКМ, УТРК, ЖМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ӨЭУ, экологиялык активисттер, кызыкдар тараптар |
Кыскартуулардын тизмеси:
КР | - | Кыргыз Республикасы |
КР МК | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ИУА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
МКЖӨБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик |
УТРК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясы |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ӨЭУ | - | өкмөттүк эмес уюмдар |
КРП облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
РМА | - | райондук мамлекеттик администрация |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары |
ӨКЖ | - | өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилиги |