Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 23-октябры № 639-т
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жаатындагы кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Монголия Өкмөтү,
эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди кеңейтүүнү жана өнүктүрүүнү каалап,
билим берүү жаатындагы кызматташуу эки өлкөнүн элдерин түшүнүүгө өбөлгө болоруна ишенип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар ар бир мамлекетте колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык өнөктөштүк жана өз ара урматтоо принциптеринин негизинде билим берүү жаатында кызматташуунун ар кандай формаларын колдойт.
2-берене.
Тараптар билим берүү жаатында тажрыйба алмашууга, эки мамлекетте билим берүү системасын уюштурууга тиешелүү болгон маалыматтарды жана эки тараптын ийгиликтүү кызматташуусу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды алмашууга көмөк көрсөтөт.
3-берене.
Тараптар билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташууну колдойт, биргелешкен долбоорлордун алкагында илимий кызматташууга, окуучулардын, студенттердин, окутуучулардын, билим берүү кызматкерлеринин, академиялык персоналдын, илимий кызматкерлердин, эксперттердин жана адистердин мобилдүүлүгүнө көмөк көрсөтөт.
4-берене.
Тараптар жогорку билим берүү, жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү, окутуучулар, академиялык кызматкерлер, илимий кызматкерлер жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн стажировкалар жаатында гранттарды берүү мүмкүнчүлүгүн караштырат. Киргизүү жана каржылоо жол-жобосу эки өлкөнүн мыйзамдарына жана болгон финансылык ресурстарга ылайык өзүнчө программа менен белгиленет.
Бул Макулдашуунун ушул беренесин координациялоо жана ишке ашыруу максатында Тараптар Кыргыз Республикасында жана Монголияда кеминде үч (3) жылда бир жолу кезеги менен жолугуша турган жана ар бир Тараптын үч (3) өкүлүнөн турган туруктуу жумушчу комиссия түзөт.
5-берене.
Аталган иш-чараларды каржылоо ар бир Тараптын финансылык каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт.
6-берене.
Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошумча протоколдор формасында өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Бул Макулдашууну чечмелөө жана ишке ашыруу боюнча Тараптардын ортосунда келип чыккан пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
7-берене.
Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу беш (5) жылдык мөөнөткө түзүлөт. Тараптардын бири тиешелүү мезгил аяктаганга чейин кеминде алты (6) ай калганда экинчи Тарапка ушул Макулдашууну колдонууну токтотууну каалагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтмөйүнчө, аны колдонуу кийинки беш жылдык мезгилдерге ар бир жолу автоматтык түрдө узартылат.
2023-жылдын 24-октябрында Бишкек шаарында ар бири кыргыз, орус жана монгол тилдеринде эки түп нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Монголия Өкмөтү үчүн |
____________________________________ |
| ____________________________________ |