Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2023-жылдын 3-ноябры № 678-т

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Түркия Республикасынын Соода министрлигинин ортосундагы Кинологиялык ишмердүүлүк боюнча кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө протоколдун мамлекеттик тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Түркия Республикасынын Соода министрлигинин ортосундагы Кинологиялык ишмердүүлүк боюнча кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө ПРОТОКОЛУ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Түркия Республикасынын Соода министрлиги мындан ары "Тараптар" деп аталып,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын Бишкек шаарында 1998-жылы 14-апрелде кол коюлган бажы иштеринде кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө макулдашууну жетекчиликке алып,

учурдагы достук мамилелерди эске алып, тажрыйба алмашууга умтулуу менен.

кинология жаатында кадрларды даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу жаатында эки тараптуу кызматташтыкты жана өз ара жардамды кеңейтүүгө ниеттенүү менен,

төмөнкүлөр жөнүндө өз ара макулдашты:

1-берене.

Тараптар өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык жана өз компетенциясынын чегинде кинологиялык кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну жүзөгө ашырат:

а) тажрыйба алмашуу жана кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу ыкмаларын биргелешип иштеп чыгуу;

б) детектордук ит багуу, ветеринария, алдын алуу жана дарылоо иш-чаралары маселелери боюнча кызматташуу жана тажрыйба алмашуу үчүн семинарларды өткөрүү, ошондой эле башка биргелешкен окуу-методикалык жана окуу-практикалык иш-чараларды уюштуруу;

в) ар бир Тараптын мекемелеринде кайра даярдоодон өткөн ит үйрөтүүчүлөрдүн санын көбөйтүү;

г) окуу адабияттарын жана окуу куралдарын түзүү боюнча биргелешип иш алып баруу;

е) кинологиялык даярдоо жаатында кызматташууга байланыштуу башка иш-чараларды уюштуруу.

2-берене.

Тараптар ушул Протоколдун 1-беренесинде көрсөтүлгөн иш-чараларды өткөрүү жол-жобосун жана шарттарын (каржылоого байланыштуу маселелерди кошкондо) үч айдан кечиктирбестен макулдашат.

3-берене.

1. Бул Протоколду ишке ашыруу үчүн жооптуу органдар болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген окутуу бажысы жана Түркия Республикасынын Соода министрлигинин иттерди даярдоо борбору дайындалат;

2. Тараптар ушул Протоколду ишке ашыруу үчүн түздөн-түз байланышта боло турган ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тизмеси менен алмашат;

3. Тараптар жогоруда аталган тизмедеги ар кандай өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине токтоосуз кабарлап турушат.

4-берене.

Бул Протоколду ишке ашыруу маселелери боюнча Тараптардын ортосундагы кат алышуулар англис тилинде жүргүзүлөт.

5-берене.

Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга байланыштуу келип чыккан ар кандай талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптар тарабынан достук сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.

6-берене.

Эгерде Тараптар ар бир конкреттүү учурда башкача макулдашпаса, ушул Протоколду ишке ашырууга байланыштуу тарткан чыгымдарынын ордун ар бир Тарап өз алдынча толтурат.

7-берене.

Бул Протоколдун жоболору Тараптардын алар кошулган башка эл аралык макулдашуулардан жана конвенциялардан келип чыккан укуктарын жана милдеттерин козгобойт.

8-берене.

Бул Протоколго Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.

9-берене.

Бул Протокол ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана белгисиз мөөнөткө түзүлөт.

Тараптардын бардыгы экинчи Тарапка өзүнүн ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү менен ушул Протоколдун аракетин токтото алат. Мындай учурда Протоколдун аракети мындай билдирүүнү алган күндөн тартып алты (6) айдан кийин токтотулат. Мындай токтотуу токтотуу мезгилине карата учурдагы жол-жоболорго таасирин тийгизбейт, алар ушул Протоколдун жоболоруна ылайык аяктоого тийиш.

 

20___-жылдын "_________" эки нускада, ар бири кыргыз, түрк жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ болуп саналат.

Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө айырмачылыктар келип чыкса англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ.

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн

 

Түркия Республикасынын Соода министрлиги үчүн