Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 20-декабрындагы № 818-т
тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 15-ноябры № 690-т
"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясын, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2024-жылга Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. 2024-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-январындагы № 2-б буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 705-т тескемеси.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
2024-жылга Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына КВОТА
Региондор | Экономика тармактары (адамдардын саны) | Жыйынтыгы | ||||||
Өнөр жай, транспорт, коммуникациялар жана курулуш | Айыл чарбасы, кайра иштетүүчү өнөр жай | Энергетика, геологиялык чалгындоо жана кен казуу өнөр жайы | Соода, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү, коомдук тамактануу жана башка экономикалык иш | Саламаттык сактоо, билим берүү, илим, маданият жана искусство | Кредит берүү, банк сектору, камсыздандыруу | |||
Бардыгы | Анын ичинде жеке ишкердик иш | |||||||
Баткен облусу | 350 | 20 | 130 | 20 | 5 | 30 | 5 | 555 |
Жалал-Абад облусу | 2020 | 25 | 1530 | 100 | 10 | 120 | 5 | 3800 |
Ысык-Көл облусу | 1150 | 20 | 100 | 20 | 0 | 50 | 5 | 1345 |
Нарын облусу | 340 | 20 | 150 | 20 | 0 | 30 | 5 | 565 |
Ош облусу | 750 | 30 | 450 | 200 | 130 | 20 | 5 | 1455 |
Талас облусу | 200 | 15 | 15 | 20 | 0 | 30 | 5 | 285 |
Чүй облусу | 2400 | 140 | 460 | 155 | 5 | 140 | 5 | 3300 |
Бишкек шаары | 8000 | 120 | 500 | 2700 | 775 | 1500 | 30 | 12850 |
Ош шаары | 500 | 20 | 20 | 150 | 30 | 150 | 5 | 845 |
Республика боюнча жыйынтыгы | 15710 | 410 | 3355 | 3385 | 955 | 2070 | 70 | 25000 |