Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 17-ноябры № 702-т
Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна координаттардын тик бурчтуу системасындагы бурчтук чекиттери менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан Макмал алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу тиркемеге ылайык берилсин.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан Макмал алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында участоктун тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Y |
1 | 13409720 | 4564682 |
2 | 13413288 | 4564685 |
3 | 13413832 | 4564021 |
4 | 13415116 | 4564691 |
5 | 13416380 | 4564710 |
6 | 13416380 | 4556175 |
7 | 13413493 | 4556161 |
8 | 13413053 | 4557084 |
9 | 13411322 | 4559756 |
10 | 13410837 | 4562611 |
11 | 13410200 | 4563030 |
12 | 13409737 | 4563591 |
Аянты 3924 га | ||