Редакцияот 21.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2023-жылдын 21-ноябры № 714-т

 

1. 2014-жылдын 17-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо (Атайын операциялар) (БАРЭК (Бишкек - Ош автожолу) 3-коридорун өркүндөтүү боюнча долбоору, 4-фаза) жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу катынын расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Макулдашуу катына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

АӨБдүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгү

19-сентябрь, 2023-жыл.

№ 23-340

 

Алмаз Бакетаев мырза, финансы министри, АӨБдүн башкаруучусу,

Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы

 

Урматтуу Бакетаев мырза:

 

Төмөнкү маселе боюнча: Кредит № 3056-KGZ (SF)/Грант № 0366-KGZ (SF):

"БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу боюнча долбоору" (Бишкек-Ош автожолу), 4-Фаза.

Каржылоо келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1. Жогоруда аталган долбоор боюнча 2021-жылдын 26-апрелинде жана 2022-жылдын 8-сентябрында киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен, Кыргыз Республикасы ("Бенефициар") менен Азия өнүктүрүү банкынын ("АӨБ") ортосундагы 2014-жылдын 17-январындагы Каржылоо жөнүндө келишимге ("Каржылоо келишими") шилтеме жасайбыз. Эгерде, контекст башка нерсени талап кылбаса, баш тамгалар менен жазылган, Каржылоо келишиминде көрсөтүлгөн, бирок, учурдагы документте белгиленбеген бардык терминдер мааниге ээ.

2. 2023-жылдын 23-августундагы Бенефициардын өтүнүчү боюнча АӨБ 2023-жылдын 13-сентябрында долбоор боюнча төлөө пайыздары, гранттык каражаттарды кайра бөлүштүрүү жана каржылоо Планына карата тиешелүү өзгөртүүлөрдү жактырды. Өзгөртүүлөрдүн күчүнө киришин камсыз кылуу максатында, АӨБ "Каржылоо келишимге" төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт:

(a) 1-Тиркемедеги 2-пункттун (b) (iii) пунктчасы толугу менен алынып салынат жана төмөнкүдөй пункт менен алмаштырылат:

"(iii) ушул пункттун (а) пунктчасында белгиленген жол участогун деталдуу долбоорлоо жана курулушун көзөмөлдөө үчүн жана долбоорду башкаруу үчүн колдоо көрсөтүү".

(b) 1-Тиркемедеги 2-пункттун (с) пунктчасы толугу. менен алынып салынат.

(c) 3-Тиркемеге карата 1-Толуктоодогу 1-таблица толугу менен алынып салынат жана ушул каттын Тиркемесине ылайык алмаштырылат.

(d) 3-Тиркемеге карата 2-Толуктоодогу 2-таблица толугу менен алынып салынат жана ушул каттын Тиркемесине ылайык алмаштырылат.

3. Жогоруда жана ушул документтин Тиркемесинде көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, "Каржылоо келишими" өзгөртүүсүз калат.

4. АӨБдүн маалыматка жетүү саясатына (2018-ж.) ("МЖС") ылайык, Каржылоо келишимине өзгөртүүлөр Бенефициар тарабынан көрсөтүлгөн, МЖСтин өзгөчө шарттарына дуушар болгон бардык маалыматтар өчүрүлгөндөн кийин, өзгөртүүлөр күчүнө кирген күндөн тартып, 2 жуманын ичинде АӨБдүн веб-сайтында жарыяланат.

5. Ушул Макулдашуу-каттын эки түп нускасынын ар бирине төмөндө көрсөтүлгөн жерде кол коюу менен, ушул Макулдашуу-каттын 2-пунктунда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр жана ушул Макулдашуу-каттын шарттары менен Бенефициардын макулдугун ырастоону суранабыз. Кол коюлган ушул Макулдашуу-каттын түп нускасын өзүңүздө сактап, ал эми экинчисин АӨБгө жөнөтүүңүздөрдү өтүнөбүз. Ушул Макулдашуу-каттын кол коюлган түп нускасын АӨБ алган күндөн баштап, сунушталган өзгөртүүлөр күчүнө кирет.

 

Урматтоо менен,

 

Чжэн Ву

колу

АӨБдүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору

 

A. Кабыл алынды жана макулдашылды.

B. Каржылоо келишимине киргизилген өзгөртүүлөрдө МЖСтин өзгөчө шарттарына дуушар болгон маалыматтар жок экендиги тастыкталды,

 

Бенефициар үчүн жана анын атынан

Аты-жөнү: ________________________________________

Кызмат орду: ___________________________________

Датасы: ________________________________________

 

Көчүрмөсү:

Тилек Текебаев мырза, министр, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

 

Ырысбек Бариев мырза, министрдин орун басары, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

 

Санжар Ибраимов мырза, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу тобунун жетекчиси

 

 

 

Тиркеме

Кредит № 3056-KGZ (SF)/Грант № 0366-KGZ (SF): "БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу боюнча долбоору" (Бишкек-Ош автожолу), 4-Фаза

1. 3-Тиркемеге карата 1-Толуктоодогу 1-Таблица толугу менен алынып салынат жана төмөнкүдөй пункт менен алмаштырылат:

КАЙРА КАРАЛГАН БӨЛҮШТҮРҮҮ ЖАНА КРЕДИТТИК КАРАЖАТТАРДЫ АЛУУ

("БАРЭК 3, (Бишкек-Ош) транспорттук коридорун жакшыртуу долбоору", 4-Фаза)

Номери

Аталышы

АӨБдүн каржылоого бөлүнгөн жалпы суммасы (SDR)

Кредиттин эсебинен каражаттарды алуу үчүн негиз

1

Иштер - долбоордук жол

38,130,273.59

Чыгымдардын жалпы билдирилген суммасынын 60 пайызы

2

Пайыздарды чегерүү

1,413,000.00

Төлөөгө тийиш болгон сумманын 100 пайызы

 

Бардыгы

39,543,273.59

 

2. 3-Тиркемеге карата 2-Толуктоодогу 2-Таблица толугу менен алынып салынат жана төмөнкүчө алмаштырылат:

КАЙРА КАРАЛГАН БӨЛҮШТҮРҮҮ ЖАНА КРЕДИТТИК КАРАЖАТТАРДЫ АЛУУ

("БАРЭК 3, (Бишкек-Ош) транспорттук коридорун жакшыртуу долбоору", 4-Фаза)

Номери

Аталышы

АӨБын каржылоого бөлүнгөн жалпы сумма (АКШ долл.)

Гранттын эсебинен каражаттарды алуу үчүн негиз

Категориялар

Субкатегориялар

1

Иштер - долбоордук жол

23,192,150.37

 

Чыгымдардын жалпы билдирилген суммасынын 82 пайызы

2

Институционалдык чыңдоо

8,365,146.51

 

 

2А

Натыйжага багытталган, жолдорду күтүү боюнча пилоттук Келишим

 

2,072,581.05

Чыгымдардын жалпы билдирилген суммасынын 41 пайызы

2В

Консультациялык кызматтар

 

6,292,565.46

Чыгымдардын жаппы билдирилген суммасынын 90 пайызы

3

Долбоорду башкаруу боюнча учурдагы чыгымдар

1,506,000.00

 

Чыгымдардын жалпы билдирилген суммасынын 90 пайызы

4

Жерлерди алып коюу жана көчүрүү

710,960.11

 

Чыгымдардын жалпы билдирилген суммасынын 100 пайызы

5

Бөлүнбөгөнү

1,225,743.01

 

 

 

Бардыгы

35,000,000.00