Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-ноябры № 4466-V
"Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 22-августундагы № 481 токтому) 1050000,0 миң сом суммасында кирешенин табылган кошумча резервдерин эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору 2015-жылга республикалык бюджеттин төмөнкүдөй негизги параметрлери менен биринчи окууда кабыл алынсын:
ИДПга карата 23,4 пайыз салыштырма салмагы менен 103752722,4 миң сом жалпы суммасында республикалык бюджеттин кирешелери;
ИДПга карата 26,7 пайыз салыштырма салмагы менен 118436031,2 миң сом жалпы суммасында республикалык бюджеттин чыгашалары;
ИДПга карата 3,3 пайыз салыштырма салмагы менен 14683308,8 миң сом жалпы суммасында Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин дефицитинин чектик өлчөмү жана анын ордун жабууга каржылоонун тышкы жана ички булактарынын каражаттары жөнөтүлсүн.
"Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун жоболоруна ылайык жалпы мамлекеттик салыктарга пландагы түшүүлөрдөн 2015-жылга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосундагы кирешелерди бөлүштүрүүнүн нормативдери;
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карыздарынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карыздарынын жогорку чеги;
республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы суммасына 0,15 пайыз өлчөмүндө 2015-жылга жана 2016-2017-жылдарга болжолго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фонддорунун республикалык бюджеттеги нормативдик көлөмү.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2014-жылы кабыл алынган курулуштарды толук бүткөрүү жана объектилерди реконструкциялоо артыкчылыгын эске алуу менен аталган мыйзам долбооруна аны өзүнчө тиркеме катары кароо менен 2015-жылга курулуштардын жаңы объектилеринин, имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоонун тизмесинин долбоорун экинчи окууга киргизсин;
- төмөндөгүлөр боюнча чечимдерди кабыл алсын:
салыктык карыздарды жоюу;
ички алкоголдук продукцияга акциз салыгын тескөө;
пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетип жаткан (аны алып жаткан) жеке жана юридикалык жактардын чегерүүсүнөн түзүлгөн, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү үчүн арналган Региондорду өнүктүрүү фонду жөнүндө ченемдик укуктук актыны киргизүү;
тийиштүү мамлекеттик органдарда салык төлөөчүлөрдү каттоонун тартибин караган мыйзамдардын жоболорун кыйшаюусуз аткаруу жана анын бирдиктүү эсебин камсыз кылууда өз ара аракеттенүү;
- төмөндөгүлөрдүн эсебинен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча сунуштарды киргизүү:
мамлекеттик мүлктүн ижарасы үчүн акыны жогорулатуунун;
улутташтырылган мамлекеттик мүлктү сатып өткөрүүнүн;
ташылып жаткан алтын кен концентранттарына бажылык алымдарды киргизүүнүн;
республикалык бюджетте кароо менен жайыттардын ижарасы үчүн төлөмдөрдү иретке келтирүүнүн;
- 2015-2017-жылдардын бюджеттик параметрлеринин деңгээлине таасир этүүчү акча алмашуу курсунун андан ары өсүшүнүн тобокелчилигин алдын-алуу;
- төмөндөгүлөр үчүн кошумча каражаттарды табуу:
2015-жылга стимулдаштыруучу гранттардын көлөмүн жогорулатуу;
"Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад областтарынын калктуу конуштарында 2010-жылдын июнунда болгон окуяларда мүлкү таланып-тонолгон же өрттөлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарына (ишкердиктин субъекттерин кошпогондо) мамлекеттик жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 354 токтомунда каралган чараларды жүзөгө ашыруу.
3. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери жогоруда аталган Мыйзамдын долбооруна өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн негиздемеси менен 15 күндүн ичинде экинчи окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жана бир учурда эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жөнөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети (К.С.Дыйканбаев) жазуу жүзүндө келип түшкөн жана жыйналышта айтылган сунуштарды стенограммага ылайык эске алуу менен жогоруда аталган Мыйзамдын долбоорун жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков |