Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-августу № 481
"Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 102702722,4 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 117386031,2 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын жеткен чегинин өлчөмү 14683308,8 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын жеткен чегинин өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 14683308,8 миң сом суммасында каражат 2-тиркемеге ылайык жумшалсын.
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2015-2017-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2016-2017-жылдарга республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:
1) 2016-жылга кирешелер боюнча болжол - 110094137,5 миң сом суммасында. 2017-жылга – 121691228,1 миң сом суммасында;
2) 2016-жылга чыгашалар боюнча болжол - 123906925,1 миң сом, 2017-жылга 134937244,4 миң сом суммасында;
3) Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу – 13812787,6 миң сом суммасында, 2017-жылга - 13246016,3 миң сом суммасында.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-2017-жылдарга жактырылган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аларды ар бир дайындуу мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджетинин 2016-2017-жылдарга болжолунун киреше бөлүгү 3 жана 3-1-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджетинин жана 2016-2017-жылдарга болжолунун чыгашаларын каржылоого каражаттар 4, 5, 5-1-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
5-берене.
1. 2015-2017-жылдарга Мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. 2015-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2100000,0 миң сом суммасында бекитилсин, алар 2015-жылга жана мурунку жылдарга түзүлгөн тизмеде бекитилген курулуш объектилерин алардын артыкчылыктарын эске алуу менен бүткөрүүгө багытталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 450000,0 миң сом багытталсын.
4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2015-жылы - 400000,0 миң сом суммасында, 2016-жылы - 250000,0 миң сом, 2017-жылы 600000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотацияларды алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктары белгиленсин.
6-берене.
1. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулдар, социалдык жөлөкпулдар, стипендиялар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелери боюнча жүргүзүлсүн.
2. Бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундардын түзүлгөндүгүнө жана алардын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик-укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
3. Ушул Мыйзамга ылайык корголгон беренелер боюнча жеке чыгашаларды толугу менен камсыздоо үчүн жоопкерчилик министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2015-2017-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызматтар боюнча ишке ашыруу сунушталсын.
7-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) эгер Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген сумманын чегинде ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
2) тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле түзүмдүк өзгөрүүлөрдөн, өндүрүштүн көлөмдөрүнүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептерине тактоолорду киргизүүгө укуктуу.
2. Зарылдыкка жараша бул өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитетинин макулдашуусу боюнча ушул Мыйзамга тийиштүү оңдоолорду киргизүү жөнүндө Мыйзам кабыл алынганга чейин аткарылышы мүмкүн.
8-берене.
2015-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 150000,0 миң сом суммасында белгиленсин.
9-берене.
1. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2015-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо 8-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
2. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2016-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо суммасынын болжолу 8-1, 8-2-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
10-берене.
1. 2015-жылга төмөнкүдөй чегерүүлөрдүн ченемдери белгиленсин:
1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөр: шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн салык агенти төлөөчү киреше салыгы жана сатуудан алынуучу салык - 50 пайыз өлчөмүндө;
2) ыктыярдуу патент негизинде салык, милдеттүү патенттөө негизинде салык, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөр - 100 пайыз өлчөмүндө шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджетинин карамагына;
3) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти, алтын, мунай, газ стратегиялык пайдалуу кендерин кошпогондо) алардын иштелип чыккан орду (жайгашкан орду) боюнча шаарлардын жана айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө чегерилсин;
4) административдик айыптардан өндүрүп алынган суммалар, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан салынган шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө, төмөндөгү учурларды кошпогондо:
а) жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин жана транспорттук каражаттарды эксплуатациялоого жол берген административдик укук бузууларды жасоодо салынуучу административдик айыптардын суммаларын;
б) бажы органдары өндүрүп алуучу административдик айыптардын суммаларын;
в) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан салынуучу административдик укук бузуу үчүн айыптардын суммаларын.
2. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча болжолун ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттер ортосунда бөлүштүрүүнү салыктардын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүү белгиленсин.
3. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга тийиш эмес.
11-берене.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин суммасынын жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтарылышы 9-тиркемеге ылайык 2015-жылы - 184872,5 миң сом, 2016-жылы - 89689,5 миң сом, 2017-жылы - 89453,3 миң сом суммасында камсыздалсын.
12-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңдөөчү гранттардын өлчөмү 10-тиркемеге ылайык чыгашалардын 1349203,4 миң сом жалпы суммасында бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2015-2016-жылдарга республикалык бюджетинен теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына теңдөөчү гранттар биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызматтар боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
4. Республикалык бюджеттен теңөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызматтар боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышат.
5. Жергиликтүү бюджеттердин коммуналдык кызматтарына чыгымдарды каржылоо өзгөчө дотациядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүргүзүлсүн.
13-берене.
Эң аз эмгек акынын өлчөмү 2015-жылга - 970,0 сом, 2016-жылга - 1060,0 сом, 2017-жылга - 1160,0 сом суммасында белгиленсин.
14-берене.
1. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максатсыз багыттар боюнча пайдаланылган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.
Кайтарып берүү негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз убагында кайтарбаган, ошондой эле аларды пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберген шартта мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрүн кыскартууга же токтотууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Мыйзамдын беренелерин аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылууга тийиш.
2. Бюджеттик мекемелерге, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө жайгашкан мекемелерин кошпогондо, казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Аталган тартип бузулганда атайын каражаттардын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынат.
15-берене.
Коомдук уюмдардын, чыгармачыл бирликтердин, өздүк көркөм чыгармачыл жамааттардын чыгашаларын каржылоого ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн чекте жол берилет.
16-берене.
Ушул жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар кийинки жылдагы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралсын.
17-берене.
Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке адамдарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү министрликтердин жана административдик ведомстволордун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылсын.
18-берене.
Пилоттук министрликтердин жана административдик ведомстволордун 2015-2017-жылдарга программалык бюджети 6-тиркемеге ылайык жактырылсын.
19-берене.
Бул Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти