Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 2-октябры № 435-б
2013-жылдын 21-майында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрындагы № 676 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Швейцария Конфедерация Өкмөтүнүн жана "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун ортосундагы "Ат-Башы гидроэлектрстанциясын реконструкциялоо" долбоору боюнча финансылык жардам берүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында:
"Ат-Башы гидроэлектрстанциясын реконструкциялоо" долбоору боюнча тендердик комиссия төмөндөгү курамда түзүлсүн:
Исраилов Тилек Абдылдаевич | -"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүндө долбоорлорду ишке ашыруу тобунун менеджери, комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча). |
Комиссиянын мүчөлөрү
Матиев Ырысмат Шералиевич
| -Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин тышкы байланыштар жана долбоорлорду жүзөгө ашыруу бөлүмүнүн башкы адиси;
| |
Сыдыгалиев Азамат Маратович
| -Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар программасы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; | |
Шамырканов Темиркул Абдыласанович | -Ат-Башы гидроэлектростанциясынын башкы инженери (макулдашуу боюнча) | |
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев | |