Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 29-сентябры № 428-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарынын автомобиль жолдорун реабилитациялоо жана реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрине ушул буйруктун 1 -пунктунда аталган Протоколдун долбооруна принципттүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
2013-жылдын 11-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнун ортосундагы Техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга (мындан ары Макулдашуу деп аталуучу) ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү (мындан ары Тараптар деп аталуучу) Бишкек шаарынын автомобиль жолдорун реабилитациялоо жана реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча төмөнкүлөр тууралуу ушул Протоколду түзүштү:
1-берене
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун суроо-талабына ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Бишкек шаарынын автомобиль жолдорун реабилитациялоо жана реконструкциялоо долбоорун «локалдаштыруу» модели боюнча ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көмөк көрсөтүүгө макулдугун билдирет. Бул долбоордун негизги мазмунун Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун участокторун: Жукеев-Пудовкин, И.Ганди, М.Ауэзов көчөлөрүн, бардыгы болжол менен 7,44 км (анын ичинде жер катмары, жол каптоосу, суудан коргоочу курулмалар, жол белгилери, жол коопсуздугун камсыз кылган түзүлүштөр) реабилитациялоо жана реконструкциялоо түзөт.
2-берене
Кытай Тарап тышкы көзөмөлдү жүргүзүү жана каражаттарды башкаруу максатында жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн курулуш иштерин жүргүзүү жана долбоорду башкаруу боюнча кытай компаниясын жиберүүгө финансы каражаттарын берүү боюнча милдетти өзүнө алат. Долбоорду ишке ашыруу боюнча курулуш иштерин жүргүзүү үчүн кытай Тараптан берилген каражат 52,5 миллиондон ашпаган кытай юанын түзөт. Долбоорду башкаруу боюнча компаниянын тийиштуу чыгьшдары эки Тараптын тең кошумча дайындалган органдары тарабынан аныкталат. Жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча курулуш иштерин жүргүзүүгө чыгымдар жана кытай Тарап ишке ашыруучу долбоорду башкарууга чыгымдар Макулдашууда каралган бекер жардамдын каражаттарынан төлөнөт.
3-берене
Кыргыз Тарап ТЭНди жана долбоордук документтерди түзүү, тендер өткөрүү жолу менен кытай Тараптан сунушталуучу кытай ишканаларынын ичинен долбоорду ишке ашыруу үчүн компанияны тандоо, долбоорду ишке ашырууга көзөмөл жүргүзүү жана долбоорду ишке ашырууну уюштуруу үчүн уюмду өз алдынча жиберүү боюнча милдеттерди өзунө алат. ТЭНди жана долбоордук документтерди даярдоого, тендер уюштурууга, көзөмөл жүргүзүү үчүн уюмду жиберүүгө ж.б. тийиштүү чыгымдарды кыргыз Тарап өзүнө алат. Тендер аяктагандан кийин кыргыз Тарап тендерде уткан кытай компаниясы менен контракт тузөт. Долбоорду ишке ашыруу боюнча курулуш иштерин жүргүзүүгө чыгымдар контракттын жалпы суммасынан ашып кетсе жетишпеген сумма кыргыз Тараптан жабылат.
4-берене
Долбоорду башкаруу боюнча кытай компаниясы долбоор боюнча тендерди өткөрүү, курулуш иштерине, финансы каражаттарын которууга керектүү көзөмөл жүргүзүү милдеттерин өзүнө алат.
Кыргыз Тарап долбоордун графигинин негизинде долбоорду башкаруу боюнча кытай компаниясынын өтүнмөсү тастыкталгандан кийин каражаттарды которууга өтүнмө берет, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү сумманы кытай Тараптын компания-аткаруучусунун улуттук эсебине туздөн-туз которот. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү долбоорду башкаруу боюнча кытай компаниясынын тийиштүү чыгымдарына бир жолку төлөмдү жүргүзөт.
5-берене
Кыргыз Тарап кытай Тараптын аткаруу боюнча компаниясьш белгилүү сандагы керектүү техникага, жабдууга, материалдарга жана кытай персоналынын тиричиликтик багыттагы буюмдарына бажы, салык алымдарын жана башка жыйымдарды төлөөдөн бошотот. Эшондой эле долбоорду башкаруу боюнча кытай компаниясын долбоорду ишке ашырууга байланыштуу көчсе товарларын, автомашиналарды ж.б. сатып алууга Кыргыз Республикасында бажы, салык төлөмдөрүн жана башка жыйымдарды төлөөден бошотот жана кытай инженер-курулуш персоналына жана долбоорду башкаруу боюнча кытай компаниясынын кызматкерлерине кирүүчү-чыгуучу докуменгтерин тариздөөдө жана Кыргыз Республикасында каттоодо көмөк көрсөтөт.
6-берене
Жогоруда аталган долбоорду ишке ашырууга байланыштуу конкреттүү маселелер эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан дайындалган органдар ортосунда долбоорду ишке ашыруу жөнүндө кошумча кол коюлуучу Протоколдо же Контрактта макулдашылат.
7-берене
Бул Протокол Макулдашуунун курамдык бөлүгү болуп эсептелет жана ушул Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жузундөгү билдирүүнү алган күндөн баштап күчүнө кирет.
Бишкек шаарында 2014-жылдын «_» сентябрында ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
| Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн |