Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 7-октябры № 429
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 "2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын милдеттерине ылайык Кыргыз Республикасында илим чөйрөсүн реформалоо жана илимий иштерди кайра жандандыруу максатында, Билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коомдук эксперттик кеңештин сунуштамаларын көңулгө алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алуу менен:
1. Жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында илим чөйрөсүн реформалоонун негизги багыттары жана илимий уюмдарды башкаруунун заманбап тутумун түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жумушчу топко жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди беришсин.
4. Жумушчу топко мамлекеттик органдардын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга укук берилсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
Жумушчу топтун курамы
Сариева Эльвира Кубанычбековна- | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси; |
Садыков Канат Жалилович- | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; |
Эркебаев Абдыганы-
| Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Муратов Абдиманнап Аттокурович-
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; |
Турганова Замира Казыбаевна-
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтунун Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Осмоналиев Каныбек- | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Акматалиев Абдылдажан Амантурович-
| Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Джаманкулов Марат Тургунбаевич-
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна-
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары |
Баяманова Зуура Эдуардовна-
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы |
Адамкулова Чинара Усенбековна-
| Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз-европа факультетинин деканы, Билим берүүнүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча Республикасынын Республикасынын Президентинин алдындагы Коомдук эксперттик кеңештин мүчөсү (макулдашуу боюнча)алдындагы Коомдук эксперттик кеңештин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Дербишева Замира Касымбековна-
| Кыргыз-Турк «Манас» университетинин профессору, Билим беруүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коомдук эксперттик кеңештин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Рыскельдиев Улан Асанович-
| Сорос-Кыргызстан» фондунун байкоочу кеңешинин төрагасы, Билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коомдук эксперттик кеңештин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Сирмбард Светлана Рустамовна-
| Бишкек финансылык экономикалык академиясынын ректору, Билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коомдук эксперттик кеңештин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Калмырзаев Болот Боромбаевич-
| ПРООНдун ЖИКС, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча долбоорунун саламаттык сактоо тутумун күчөтүү боюнча адиси (макулдашуу боюнча); |
Джураев Эмилбек Таирович-
| Борбордук Азиядагы Америка университетинин доценти (макулдашуу боюнча); |
Кулмырзаев Асылбек Атамырзаевич- | Кыргыз-Турк «Манас» университетинин биринчи проректору (макулдашуу боюнча); |
Омуралиев Усен Касымович- | И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин профессору (макулдашуу боюнча).
|