Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 9-октябры № 451-б
2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына киргизилүүчү документтердин расмий тилде тиркелген төмөнкү долбоорлору принциптүү эмес мунөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын:
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекетгердин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугунун коркунучуна тез чара көрүү үчүн чек ара ведомстволорунун адистеринин (эксперттеринин) биргелешкен топторун түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- 2012-жылдын 5-декабрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн Жетекчилер кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору;
- 1995-жылдын 10-февралында кол коюлган 1993-жьшдын 24-сентябрындагы качкындарга жана аргасыз көчүп келгендерге жардам жөнүндө макулдашууга карата Протоколдун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколдун долбоору.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |