Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 10-октябры № 452-б
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош жана Өзгөн шаарларында 2014-жылдын 23-24-октябрында эл аралык күрүч фестивалын даярдоо жана өткөрүү, ошондой эле күрүч өстүргөн элдердин улуттук маданиятын жана салттарын өз ара жайылтуу жана тажрыйба алмашуу үчүн шарттарды түзүү максатында. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Эл аралык күрүч фестивалын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети үч күндүк мөөнөттө эл аралык күрүч фестивалын өткөрүү иш-чараларынын планын жана программасын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Уюштуруу комитетинин уюштуруучулук, методикалык жана башка иштерин камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине жүктөлсүн.
4. Эл аралык күрүч фестивалын өткөрүүгө байланышкан чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Тиркеме
Айдаралиев Таалайбек Алимбекович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Кадыралиева Ыргал Кармышаковна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, уюштуруу комитетинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча). |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Чодуев Эркинбек Ураимович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Бараканова Салтанат Нурдиновна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин эксперти (макулдашуу боюнча); |
Аманбай уулу Санжарбек | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн үчүнчү катчысы; |
Боромбаев Рыскул Мамбеткулович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданият борборунун башкы директору; |
Маматов Искандербек Баатыркулович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Түштүк региондор аралык башкармалыгынын начальниги; |
Мурзабаев Мамасабыр Кадыркулович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Түштүк региондор аралык башкармалыгынын Ош региондук бөлүмүнүн башчысы; |
Жээнбеков Мырзаибраим Мамасадыкович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттигинин региондор аралык бөлүмүнүн башчысы; |
Жолдошев Болот Сооронбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Тажибаев Аттокур Тургунбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким; |
Умралиева Анара Рустамовна | - | биология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биотехнологиялар институтунун өсүмдүктөрдүн биотехнологиялары лабораториясынын башчысы; |
Асаналиев Абдыбек Жекшеевич | - | айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин окумуштуу-катчысы; |
Жусупов Урматбек Токтомамбетович | - | техника илимдеринин кандидаты, доцент, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин "Тракторлор жана автомобилдер" кафедрасынын башчысы; |
Болотканов Кубат Болотканович | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Абдрахманов Султанбек Арстанбекович | - | Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун орун басары; |
Мурзубраимов Бектемир Мурзубраимович | - | "Кыргызстандын калкы ассамблеясы" коомдук бирикмелер ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Сарыбаев Адыл Сарыбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин Ош облустук кинодирекциясынын директору. |