Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-октябры № 463-б
Кыргыз Республикасында «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун транспорттук-логистикалык борборун өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун транспорттук-логистикалык борборун өнүктүруүү боюнча координациялык кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасында «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун транспорттук-логистикалык борборун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
1 –тиркеме
Диль Валерий Исидорович | -Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы |
Султанов Калыкбек Иманалиевич | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; |
Сариев Темирбек Аргембаевич | - Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; |
Ибраимов Албек Сабырбекович | - «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун Башкармасыньш төрагасы, Координациялык кенештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Джолдошова Жылдызкан Айтибаевна | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин . «Ата-Журт» фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Кулов Феликс Шаршенбаевич | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ар-Намыс» фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Сабиров Максат Эсенович | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика» фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Текебаев Омурбек Черкешович | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата Мекен» фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Турсунбеков Чыныбай Акунович | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «КСДП» фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Исаев Жусупали Калматович
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Иманалиев Каныбек Капашович | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Самаков Карганбек Садыкович | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Ахметова Нурсулу Меирбековна | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Исаков Сапар Жумакадырович | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри; |
Лаврова Ольга Владимировна | - Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; |
Орозов Таалайбек Саратанбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Чуйков Николай Алексеевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Ирсалиев Дуйшөн Исмаилович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы; |
Исаков Эркин Абдыкасыевич | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору; |
Рахманов Улукбек Айтбаевич | - «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директору; |
Бектурганов Жолдош Токторбаевич | - «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча). |
2-тиркеме
1. Кыргыз Республикасында «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун транспорттук-логистикалык борборун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) Кыргыз Республикасында «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун транспорттук-логистикалык борборун (мындан ары - транспорттук-логистикалык борборун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдардын ортосундагы ведомстволор аралык иштиктүү өз ара аракеттенүүнү камсыздоо максатында түзүлгөн.
2. Координациялык кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.
3. Координациялык кеңештин өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдери аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн сунуштама мүнөзүнө ээ.
4. Координациялык кеңештин негизги максаты транспорттук логистикалык борборду өнүктүрүү боюнча ишти координациялоо жана мамлекеттик органдардын ортосундагы ведомстволор аралык иштиктүү өз ара аракеттөнүүнү камсыздоо болуп эсептелет.
5. Координациялык кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун транспорттук-логистикалык борборду өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык сунуштарын кароо;
2) транспорттук-логистикалык борборду өнүктүрүү боюнча иш-чараларды даярдоого жана жүзөгө ашырууга жооптуу адамдардын маалыматтарын жана отчётторун угуу;
3) транспорттук-логистикалык борборду өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
4) транспорттук-логистикалык борборду өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун кароо.
6. Координациялык кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
1) транспорттук-логистикалык борборду өнүктүрүү боюнча иш- чараларды даярдоого жана жүзөгө ашырууга жооптуу адамдардан зарыл болгон материалдарды белгиленген тартипте сурал алууга;.
2) транспорттук-логистикалык борборду өнүктүрүү ишинин процессинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн, илимий жана башка уюмдардын эксперттерин ишке тартууга, ошондой эле алардан Координациялык кеңештин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча маалымат алууга;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чечим кабыл алууну талап кылган маселелер боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө.
7. Координациялык кеңештин иши «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому тарабынан уюштурулат.
8. Транспорттук-логистикалык борборду өнүктүрүү боюнча иштин натыйжалуулугун камсыздоо максатында Координациялык кеңештин алдында тиешелүү жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн, алардын курамын Координациялык кеңеш бекитет.
9. Координациялык кеңеш ушул Жобого ылайык бардык маселелер боюнча чечимдерди коллегиялуу түрдө талкуулайт жана кабыл алат.
10. Координациялык кеңештин чечимдери добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төрага добуш берген чечим кабыл алынат.
11. Координациялык кеңештин жыйындары зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Координациялык кеңештин жыйындарын анын төрагасы жетектейт, ал жок учурда төраганын тапшырмасы боюнча - төраганын орун басарларынын бири жетектейт.
12. Координациялык кеңештин чечимдери Координациялык кеңештин протоколдору түрүндө таризделет жана «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунда сакталат.
13. Жыйындын күн тартиби жөнүндө, ошондой эле Координациялык кеңештин кароосуна киргизилүүчү маселелер боюнча маалымат Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө Координациялык кеңештин жыйынын өткөрүү күнүнө чейин 5 жумушчу күнден кечиктирилбестен берилет. Координациялык кеңештин жыйынынын протоколу жана чечимдери Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө жыйындан кийин 5 жумушчу күндөн кечиктирилбестен берилет.