Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 20-октябры № 441
Мамлекеттик органдардын жана мекемелердин суу-энергетикалык маселелер боюнча ишин координациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Суу-энергетикалык маселелер боюнча ведомстволор аралык комиссия 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Суу-энергетикалык маселелер боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Комиссиянын ишин уюштуруучулук-методикалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмунө, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме 1
Ведомстволор аралык комиссиянын курамына кызматы боюнча төмөнкүлөр кирет:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри (коопсуздук, укуктук тартип жана чек ара маселелерин тейлеген), ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өзгөче кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Кыргызгидромет" гидрометеорология боюнча агенттиктин директору;
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору.
Тиркеме 2
Суу-энергетикалык маселелер боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия ) мамлекеттик органдардын жана мекемелердин суу-энергетикалык маселелер боюнча ишин координациялоого, ошондой эле алардын иши менен байланышкан уюштуруу маселелерин чечүүгө ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен түзүлөт.
Комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйруктарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик органдардын чектеш мамлекеттер менен суу-энергетикалык маселелер боюнча ишин координациялоо;
- чектеш мамлекеттер менен суу-энергетикалык мамилелерди жөнгө салуу;
- республиканын суу чарба объекттеринин жана энерготутумунун ишинин режимдерин, анын ичинде суунун аз болгон шарттарында да иштеп чыгуу.
4. Комиссия өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкулөргө укуктуу:
- бардык министрликтерден, мамлекеттик комитеттен, административдик ведомстволордон, уюмдардан, мекемелерден каралуучу маселелерди даярдоо үчүн маалыматтарды жана зарыл болгон материалдарды суроого;
өзүнүн жыйындарында суу-энергетикалык маселелери боюнча тиешелүү кызмат адамдарынын маалыматтарын угууга;
суу-энергетикалык көйгөйлөрдү жөнге салуу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн адистерди жана окумуштууларды тартууга.
5. Комиссиянын жыйындары Комиссиянын төрагасы, ал жок учурда - төраганын орун басары тарабынан өткөрүлөт.
Жыйын эгерде ага анын мучелерунун жарымынан кебу катышса мыйзамдуу болуп саналат. Комиссиянын чечими женекей кепчулук добуштар менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда терагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат.
6. Комиссиянын жыйындары зарылдыкка жараша өткөрүлөт.