Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 24-октябры № 474-б
Кыргыз Республикасынын жол каттамдарын өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. «Транспорттук коридор - 1 ЦАРЭС» (Бишкек-Торугарт жолу) үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо үчүн Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасына сүйлешүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия министрликтердин, административдик ведомстволордун кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Тиркеме
«Транспорттук коридор - 1 ЦАРЭС» (Бишкек-Торугарт жолу) үчүнчү долбоорун кошумча
каржылоо үчүн Азия өнүктүрүү банкы менен
сүйлешүүлердү жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык
комиссиянын курамы
Султанов Калыкбек Иманалиевич | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; | |
Алимбеков Нурбек Каарыевич | - «Республика» фракциясынан КыргызРеспубликасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); | |
Бадыкеева Нуржана Нуралиевна | - «Ар-Намыс» фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); | |
Досалиев Акуналы Атамырзаевич | - «Ата-Мекен» фракциясынан Республикасынын Жогорку депутаты (макулдашуу боюнча); Кыргыз Кеңешинин; | |
Сакебаев Эркин Абдышевич | - «КСДП» фракциясынан Республикасынын Жогорку депутаты (макулдашуу боюнча); Кыргыз Кеңешинин | |
Шаршеев Бакыт Октябрович | - «Ата-Журт» фракциясынанКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); | |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; | |
Касымалиев Адылбек Алешевич | - Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; | |
Рысбаев Равшан Рысбаевич | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; | |
Турганбаев Толон Самудинович | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер департаментинин директору; | |
Мамбетов Турдубек Мамбетович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; | |
Жыпаркул уулу Мырзабек | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары; | |
Садакбаев Талант Усенкеевич | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Коомдук байкоочу кенешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча). | |
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |