Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-июлундагы № 231-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 5-ноябры № 484-б
1. Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөруү пункттары жөнүндө Макулдашууга толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына ушул Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтү, Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн эртосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 5 жана 8-беренелерине алайык, төмөнкүлөр жөнүнде макулдашты:
1-берене
Макулдашуунун тиркемесине төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункт "күндүз" деген сөздөн кийин ", мезгилдүү (май -октябрь)" деген сөздөр менен толукталсын;
2 жана 3-пункттардагы "эки тараптуу" деген сөздөр "коп тараптуу 5л аралык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пункттагы "Нововоскресеновка - автожол" деген сөздөр “Сыпатай - Батыр - автожол" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене
Бул протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана шын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Гараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы кат жүзүндөгү билдирүү шынган күндөн баштап күчүнө кирет.
Бул Протокол Макулдашуунун колдонулушу токтотулганга чейин солдонулат.
_______________шаарында 20_____-жылдын "___" эки нускада, арбири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер ийда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү үчүн | Казакстан РеспубликасынынӨкмөтү үчүн |