Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 2-июлу № 231-б
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан үчүнчү мамлекеттердин жарандарынын өтүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө тиркелген Протоколдун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына ушул Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-ноябрындагы № 484-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтү,
2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашуунун 5-беренесин жетекчиликке алып (мындан ары - Макулдашуу),
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Макулдашуунун тиркемесинин (мындан ары - Тиркеме) 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
2 | Токмок - автожол | Чүй облусу Чүй району | Сартөбө - автожол | Жамбыл облусу, Курдай району | көп тараптуу эл аралык | күнү-түнү |
3 | Кеңбулуң - автожол | Чүй облусу Ысык-Ата району | Аухатты - автожол | Жамбыл облусу, Курдай району | көп тараптуу эл аралык | күнү-түнү |
";
Тиркеменин 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
7 | Чалдыбар - автожол | Чүй облусу Панфилов району | Сыпатай батыр - автожол | Жамбыл облусу, Мерке району | көп тараптуу эл аралык | күнү-түнү |
".
2-берене.
Ушул Протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы кат жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ушул Протокол Макулдашуунун колдонулушу токтотулганга чейин колдонулат.
_______________ шаарында 20__-жылдын "__" _______________ эки нускада, ар бири казак, кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
_________________________________ |
| _________________________________ |