Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 6-ноябры № 487-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-июлундагы № 4-б буйругу менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык реформаларды колдоо жана Экономикалык өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык, 2015-жылдын түшүмү үчүн күзгү себүүгө күздүк буудайдын сертификатталган үрөнү менен камсыздоо боюнча республиканын үрөн чарба жана башка чарба субъекттерине практикалык жардам берүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Американын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (ЮСАИД) КАЕД долбоору тарабынан сатып алынган күздүк буудайдын 400 (төрт жүз) тонна үрөнүн бөлүштүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү катары аныкталсын.
2. Американын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (ЮСАИД) КАЕД долбоору тарабынан сатып алынган үрөнгө болгон баалардын негизинде күздүк буудайдын үрөнүн жеткирип берүүгө кеткен чыгымдарды кошуу менен сатуу баасы 1 килограмм үрөн үчүн төмөнкүдөй белгиленсин:
- элита репродукциясындагы үрөн үчүн - 32,00 сом;
- биринчи репродукциядагы үрөн үчүн - 25,00 сом.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду:
- республиканын чарба субъекттери - үрөн алуучулар менен Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык мамлекеттик комиссиясынын протоколдук чечиминин негизинде кредиттик-күрөөлүк документтерди тариздесин;
- товардык кредитти жоюу мөөнөтү 2015-жылдын 1-октябрына чейин жана 2016-жылдын 1-октябрына чейин бирдей үлүштөр менен белгилесин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 6-ноябры № 487-б
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-мартындагы № 80-б буйругунун редакциясына ылайык)

- 2017-2018-жылдардын түшүмү үчүн күздүк себүүгө үрөндү сатууда күздүк буудайдын сатылбай калган 90,8 тонна үрөнүнө кредиттик-күрөөлүк документтерди тариздеген үрөн алуучулар үчүн товардык кредитти жоюу мөөнөтүн 2017-жылдын 1-октябрына чейин жана 2018-жылдын 1-октябрына чейин бирдей үлүштө белгилесин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-мартындагы № 80-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |