Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 12-ноябры № 477
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 7-июлундагы № 292 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында көмүрдү газга айлантуу мүмкүндүгүн изилдөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында көмүрдү газга айлантуу мүмкүндүгүн изилдөө боюнча жумушчу топ ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ Кыргыз Республикасында көмүрдү газга айлантуу мүмкүндүгүн тез арада изилдесин жана корутунду берсин.
3. Жумушчу топтун мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин жана көз каранды эмес эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруу-техникалык жактан жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине тапшырылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Дж.Оторбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында көмүрдү газга айлантуу мүмкүндүгүн изилдөө боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 7-июлундагы № 292 буйругунун редакциясына ылайык)
Диль Валерий Исидорович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси; |
Ахметова Нурсулу Меирбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча); |
Калиев Айбек Рыспекович | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Дооталиев Улан Тимурович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Кайкиев Эмиль Абдыкалыевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-секретарынын милдетин аткаруучу; |
Рустамов Абдыкалык Алибекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Рыскулов Уланбек Дуулатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Джунушалиев Туратбек Шаршенкулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы; |
Естебесов Адыл Жээнбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кодификация секторунун башчысы; |
Эралиева Назгуль Жоробековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Давлеталиева Надежда Степановна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн эксперти; |
Садабаев Тулеген Дюшеевич | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин отун, газ жана жылуулук менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Орленко Евгений Васильевич | - | "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Мавлянбеков Шавкат Урунбекович | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Кыргызстандын "Энергия" илимий-техникалык борборунун жетекчиси; |
Абдиев Арстанбек Раимбекович | - | "Комурчу" көмүр казуучу ишканалар ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча). |
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 7-июлундагы № 292 буйругунун редакциясына ылайык)