Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 11-ноябры № 496-б
2014-жылдын 17-19-ноябрында Брюссель шаарында (Бельгия) өтө турган Кыргыз Республикасынын жана Европа Союзунун кызматташуусу боюнча кенештин 13-жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясынын Брюссель шаарына болгон сапарына байланыштуу чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзулсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
2014-жылдын 17-19-ноябрында Брюссель шаарында (Бельгия) өтө турган Кыргыз Республикасынын Европа Союзу менен кызматташуусу боюнча кенештин 13-жыйынынын ишине катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы
Абдылдаев Эрлан Бекешович | -Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри, делегациянын жетекчиси; |
Чуйков Николай Алексеевич
| -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынан Европа Союзу менен кызматташуу боюнча улуттук координатору;
|
Исаев Асеин Кусеинович
| -Бельгия Королдугундагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Европа Союзундагы Туруктуу өкүлү;
|
Джурабаева Гульнара Курашбековна
| -Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна
| -Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | -Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
|
Кадыркулов Мукай Асанович
| -Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
|
Мамбеталиев Искендер Султанович
| -Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
|
Шыйкымбаев Саламат Капанович
| -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары;
|
Таштаналиев Кокумбек Жумагулович
| -Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директору |