Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 18-ноябры № 486
Бажы союзунун бирдиктүү бажы аймагында сырткы жана өз ара соодада электрондук документтер менен алмашууда маалыматтык технологияларды колдонуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, улуттук интеграциялык шлюзду түзүүнү караштыруучу зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды бекитүү иш-чараларын иштеп чыгуу максатында:
1.Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2.Ведомстволор аралык жумушчу топ:
-2014-жылдын 28-ноябрына чейин улуттук интеграциялык шлюзду түзүүнүн техникалык аспекттерин изилдөө үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрсүн;
2014-жылдын 1-декабрына чейин долбоордун катышуучуларынын жоопкерчилигин аныктоо менен улуттук интеграциялык шлюзду түзүү долбоорун ишке ашыруунун календардык планьш иштеп чыксын;
-2014-жылдын 22-декабрына чейин долбоорду ишке ашыруу үчүн финансы каражаттарынын көлөмүнүн зарыл болгон эсептөөлөрүн даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашсын.
3.Ведомстволор аралык жумушчу топтун белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын, мекемелердин адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга укуктуу экени белгиленсин.
4.Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2015-жылдын 16-январына чейин улуттук интеграциялык шлюзду түзүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
5.Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Транспорт, жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
6.Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Мамырканов Эрнис Турсункадырович | -Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Курманова Айдай Эркиновна | -Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
|
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Сманов Нурлан Марсович | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары; |
Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Думанаев Таалайбек Медетбекович | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматтык технологиялар башкармалыгынын начальниги; |
Бейшенкулов Руслан Фронтбекович | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Жусупов Аширбай Бапович | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Закордонцев Артем Валерьевич | -Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 3-кызматынын начальнигинин орун басары; |
Турсункул Сатар уулу | -Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмү (макулдашуу боюнча); |
Дыйканбаев Азамат Абдилмаликович | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти. |