Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 28-ноябры № 503
Россиянын мамлекеттик аскердик-тарых архивинен жана Россия Федерациясынын мамлекеттик архивинен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоого тийиштүү архивдик материалдарды издөө максатында:
1. 2014-жылдын 30-ноябрынан 13-декабрына чейин Россия Федерациясынын Москва шаарына кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобу ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда жиберилсин.
2. Архивдик документтердин жана пландык-картографиялык материалдардын көчүрмөлөрүн алуу боюнча Россия Федерациясынын мамлекеттик архивдеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы "Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо" чыгымдар сметасы боюнча каралган каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчьлыгына 30000 (отуз миц) сом бөлүп берсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Тиркеме
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун курамы
Искандаров Курбанбай Алибаевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү; |
Ботобаев Каныбек Калбаевич
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Мурзаев Абдималик Мурзаевич
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картофафия-геодезия кызматынын директорунун орун басары; |
Романова Елена Анатольевна
| - Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин директорунун орун басары; |
Абдураимов Бекназар Элмуратович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Урманбетов Бакыт Джээналиевич
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чектеш өлкөлөр департаментинин биринчи катчысы. |
Премьер-министр |
|