Редакцияот 28.11.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 28-ноябры № 533-б

Стамбул шаарында (Туркия Республикасы) 2014-жылдын 29-ноябрынан 3-декабрына чейин өтө турган «CASA-1000» Электр энергиясын берүү долбоору боюнча өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отурумуна катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Делегациянын башчысына, эгерде ал жок болсо - делегация башчысынын орун басарына «CASA-ЮОО» Электр энергиясын беруу долбоору боюнча өкмөттөр аралык кеңештин отурумунун жыйынтыгында кабыл алынган чечимдерге кол коюуга укук берилсин.

3. Иш сапардын чыгымдары иш сапарга жиберген уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык төлөнсун.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

 

Тиркеме

«CASA-1000» Электр энергиясын берүү долбоору боюнча өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отурумуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы

 

Турдубаев К.А.

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри, делегациянын башчысы;

Калиев А.Р.

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, делегациянын башчысынын орун басары;

Мурзаев К.С.

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын начальниги;

Айткулов М.А.

- "Кыргызстан УЭС" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

Толубаев Т.М.

-"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).