Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2009-жылдын 3-ноябры № 332 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2008-жылдын 22-январы № 30
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премь-ер-министринин жана вице-премьер-министринин ортосунда милдеттер төмөнкүдөй бөлүштүрүлө тургандыгы белгиленсин:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракетине жалпы жетекчиликти жана контролдоону ишке ашырат, кадр маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат
Төмөнкү маселелерди координациялайт жана жүргүзөт: мамлекеттикэгемендикти, аймактык бүтүндүктү коргоо, конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча чараларды, ошондой эле коргоо жөндөмдүүлүгү, улуттук жана коомдук коопсуздукту жана укуктук тартип, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырууну камсыздоо; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасын делимитациялоо жапа демаркациялоо; мыйзамдуулукту, жарандардын эркиндигин жана укуктарын камсыздоо; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишмердиги жана укуктук камсыздоо; эл аралык мамилелер жана байланыштар, тышкы экономикалык иш-аракеттер жана өлкөнү экономикалык өнүктүрүү; мамлекеттик финансылык пландоо жана республикалык бюджетти иштеп чыгуу, финансылык, тарифтик, инвестициялык жана салыктык саясатты жүргүзүүнү камсыздоо, мамлекеттик мүлк объекттерин башкаруу, мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү; монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү; финансы рыногун техникалык жөнгө салуу жана өнүктүрүү, отун-энергетикалык тармактарды жана өнөр жай, транспорт, байланыш жана коммуникациялар тармактарын өнүктүрүү; мамлекеттик статистика Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши; Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту; Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору, Кыргыз Республикасынын Башкы про-куратурасы, Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттукбанкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы; Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз ара аракетин камсыз кылат.
Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишине жетекчилик кылат жана аны координаци- ялайт, өкмөт башчысынын деңгээлинде Евразия экономикалык коомдоштугунун, КМШ, ОДКБ, ШКУ, ОЭСтин алкагында, ошондой эле Борбордук Азияда суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын кызматташтыгын камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
Төмөнкү маселелерди координациялайт жана жүргүзөт:региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү; жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерин, алардын министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары менен өз ара аракетин координациялоо; мамлекеттик кызматты уюштуруу, администрациялык реформаларды жана мамлекеттик башкарууну децентралдаш- тырууну жүргүзүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү; рес- публикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышын контролдоо, жарандык коомчулук менен өз ара аракет, өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймак- тарда коргоо; мамлекеттик материалдык жана мобилизациялык резервдер, мамлекеттик сатып алуулар; агрардык саясат жана агроөнөржай комплексин өнүктүрүү; курчап турган чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук жана жаратылышты пайдалануу; жер ресурстарын башкаруу жана жерге карата ма- милени жөнгө салуу; айыл чарбасында жазгы-күзгү талаа иштерин даярдоо жана жүргүзүү; ишкердикти өнүктүрүү; күзгү-кышкы жылытуу сезонуна даяр дык көрүү жана өткөрүү; курулуш комплекси жана турак-жай-коммуналдык чарба; автомобиль жана темир жолдорун куруу, ремонттоо жана күтүү; эр- кин экономикалык зоналардын иштеши. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттик, Кыргыз Республикасынын жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (ЖӨИА), "Айыл Банк" ААКы, "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы" АКы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз ара аракетин камсыз кылат. Тейлеген маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши-нин комитеттери менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз ара аракетин камсыздайт.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин ишмердигине тийиштүү тармактар боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министрининин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кадрдык дайындоолорун макулдашат.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
Социалдык, демографиялык жана миграциялык саясат; калкты иш менен камсыздоо; социалдык камсыздандыруу, социалдык гарантиялар системасы; билим берүү, илим, саламаттык сактоо жана жарандарды социалдык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзүү; маданият, спортту өнүктүрүү; мамлекеттик жаштар саясаты; туристтик тармакты өнүктүрүү; жалпы коммуникациялар чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу; интеллектуалдык менчик; эл аралык маданий, билим берүү жана гуманитардык кызматташтык; пенитенци- ардык системаны реформалоо; гуманитардык жардамдарды жеткирүү боюнча маселелерди координациялайт жана жүргүзөт; Аралды сактоо боюнча Эл аралык фонддун алкагында кызматташтыкты камсыз кыла Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду,Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио-көрсөтүү компаниясы, "Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, профсоюз жана коомдук уюмдар, партиялар жана бирикмелер, жапыг маалымдоо каражаттары, диний уюмдар менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз ара аракетин камсыз кылат. Тейлеген маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз ара аракетин камсыздайт.
Тейлөөчү багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кадрдык дайындоолорун макулдашат.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри, вице-премьер-министри тейлөөчү жана координациялоочу ми- нистрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомствлордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин борбордук органдарынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 9-мар- тындагы N 82 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикас Премьер-министринин 2008-жылдын 22-январындагы № 30 буйругуна тиркеме
|
Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министри, биринчи вице-премьер-министри, вице-премьер-министри тейлөөчү жана координациялоочу министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин борбордук органдарынын ТИЗМЕСИ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракетине жалпы жетекчиликти жана контролдоону ишке ашырат.
Төмөнкүлөрдүн ишмердигин
координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети;
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция;
Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгын кызматы;
Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы;
Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы;
Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүлөр менен өз ара аракетин камсыз кылат:
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту;
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы;
Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы;
Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиги;
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
Төмөнкүлөрдүн ишмердигин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (тейлөөчү маселелер боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги (тейлөөчү маселелер боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги (тейлөөчү маселелер боюнча);
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети (тейлөөчү маселелер боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети (тейлөөчү маселелер боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик;
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүлөр менен өз ара аракетин камсыз кылат:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы;
Кыргыз Республикасынын Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (ЖӨИА);
"Айыл Банк" ААКы;
"Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы" АКы.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
Төмөнкүлөрдүн ишмердигин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы;
ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссия;
"Эркин Тоо", "Слово Кыргызстана" жана "Кыргыз Туусу" газеталарынын редакциялары, "ЭлТР - коомдук телекөрсөтүүсү" Кыргыз Республикасынын телерадиокөрсөтүү компаниясы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүлөр менен өз ара аракетин камсыз кылат:
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокөрсөтүү компаниясы;
"Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия.