Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2009-жылдын 3-ноябры № 332 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 16-апрели № 141
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-статьясына ылайык:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри, вице-премьер-министри иштерин тейлөөчү жана координациялоочу Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана мамлекеттик бийлигинин борбордук органдарынын тизмеси.
2. «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 22-январындагы № 30 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2009-жылдын 16-апрелиндеги
№ 141 буйругу менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракетине жалпы жетекчиликти жана контролдоону ишке ашырат.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин компетенциясына кирүүчү кадр маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ортосундагы өз ара мамилелердин тартибин аныктайт.
Төмөнкү маселелерди координациялайт жана жүргүзөт: мамлекеттер аралык, улуттук, региондук жана тармактык стратегияларды жана өнүктүрүү программаларын даярдоо, жана ишке ашыруу, экономикалык жана социалдык реформаларды жүргүзүү, мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү коргоо, конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча чараларды, ошондой эле коргоо жөндөмдүүлүгү, улуттук жана коомдук коопсуздукту жана укуктук тартип, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырууну камсыздоо; пенитенциардык системаны реформалоо; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасын делимитациялоо жана демаркациялоо; мыйзамдуулукту, жарандардын эркиндигин жана укуктарын камсыздоо; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишмердиги жана укуктук камсыздоо; эл аралык мамилелер жана байланыштар; тышкы экономикалык ишмердик жана өлкөнү экономикалык өнүктүрүү; мамлекеттик экономикалык жана финансылык божомолдоо, республикалык бюджетти пландоо жана иштеп чыгуу, финансылык, тарифтик, инвестициялык жана салыктык саясатты жүргүзүүнү камсыздоо; мамлекеттик мүлк объекттерин башкаруу, мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү; отун-энергетикалык тармактарды жана өнөр жай, транспорт, байланыш жана коммуникациялар тармактарын өнүктүрүү; мамлекеттик статистика; жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин координациялоо, мамлекеттик кызматты уюштуруу, администрациялык реформаны, мамлекеттик башкарууну децентралдаштырууну жүргүзүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы, Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясы, «Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык коомчулугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз ара аракетин камсыз кылат.
Борбордук Азияда суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу боюнча өкмөт башчыларынын деңгээлинде Евразия экономикалык коомдоштугунун, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин, Шанхай кызматташуу уюмунун, Экономикалык кызматташуу уюмунун мүчө-мамлекеттери менен, ошондой эле башка өлкөлөр, донорлор, Эл аралык финансы институттары, Эл аралык өнүктүрүү агенттиги менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгын камсыз кылат.
Соода-экономикалык жана илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык Кыргыз-Россия комиссиясына жана кыргыз-казакстан Өкмөттөр аралык кеңешинин кыргыз бөлүгүнө жетекчилик кылат жана ишин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
Төмөнкү маселелерди координациялайт жана жүргүзөт: экономика жана мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарынын ортосундагы өз ара байланышты камсыздоо, мамлекеттер аралык, улуттук, региондук жана тармактык стратегияларды жана өнүктүрүү программаларын даярдоо жана ишке ашыруу, иштердин тейлөөчү чөйрөлөрүндө экономикалык реформа жүргүзүү, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышын контролдоо, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо, мамлекеттик материалдык жана мобилизациялык резервдер, мамлекеттик сатып алуулар; мамлекеттик экономикалык жана агрардык саясат жүргүзүү жана агроөнөржай комплексин өнүктүрүү; курчап турган чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук жана жаратылышты пайдалануу; жер ресурстарын башкаруу жана жер мамилелерин жөнгө салуу; айыл чарбасында жазгы-күзгү талаа иштерине даярдык көрүү жана жүргүзүү; ишкердикти өнүктүрүү; монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү; күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү; курулуш комплекси жана турак-жай-коммуналдык чарба; автомобиль жана темир жолдорун куруу, ремонттоо жана күтүү; финансы рыногун техникалык жөнгө салуу жана өнүктүрүү; эркин экономикалык зоналардын иштеши, стандартташтыруу жана метрология.
«Айыл Банк» ачык акционердик коому, «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясы» акционердик коому, Кыргыз Республикасынын жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (ЖӨИА), «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы, ошондой эле тейлеген маселелери боюнча жеке сектор жана Кыргыз Республикасынын жарандык коомчулугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз ара аракетин камсыз кылат.
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-азербайжан комиссиясынын, Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-москва биргелешкен комиссиясынын, Соода экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын, Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясынын, Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Москва облусунун Өкмөтүнүн (Россия Федерациясы) ортосундагы макулдашууну аткаруунун жүрүшүн координациялоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү тобунун ишин жетектейт жана координациялайт.
Тейлеген маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз ара аракетин камсыздайт.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин ишмердигине тийиштүү тармактар боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кадрдык дайындоолорун белгиленген тартипте макулдашат.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
Төмөнкү маселелерди координациялайт жана жүргүзөт: тейлеген багыттары боюнча мамлекеттер аралык, улуттук, региондук жана тармактык стратегияларды жана өнүктүрүү программаларын даярдоо жана ишке ашыруу, социалдык, демографиялык жана миграциялык саясат жана реформаларды жүргүзүү, калкты иш менен камсыздоо; социалдык камсыздандыруу, социалдык гарантиялар системасы; билим берүү, илим, саламаттык сактоо жана жарандарды социалдык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзүү; маданият, спортту өнүктүрүү; мамлекеттик жаштар саясаты; туристтик тармакты өнүктүрүү; жалпы коммуникациялар чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу; интеллектуалдык менчик; эл аралык маданий, билим берүү жана гуманитардык кызматташтык; гуманитардык жардамдарды жеткирүү; Аралды сактоо боюнча Эл аралык фонддун алкагында кызматташтыкты камсыздайт.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясы, «Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, профсоюз жана коомдук уюмдар, партиялар жана бирикмелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, диний уюмдар, жарандык коом менен тейлеген маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз ара аракетин камсыз кылат.
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин жетектейт жана координациялайт.
Тейлеген маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз ара аракетин камсыздайт.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин ишмердигине тийиштүү тармактар боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кадрдык дайындоолорун белгиленген тартипте макулдашат.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2009-жылдын 16-апрелиндеги
№ 141 буйругу менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракетине жалпы жетекчиликти жана контролдоону ишке ашырат.
Төмөнкүлөрдүн иштерин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети;
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы;
Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгын кызматы;
Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы;
Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттиги;
жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
Төмөнкүлөрдүн иштерин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги (тейлөөчү маселелер боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги (тейлөөчү маселелер боюнча);
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (тейлөөчү маселелер боюнча);
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (тейлөөчү маселелер боюнча);
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети (тейлөөчү маселелер боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети (тейлөөчү маселелер боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы (тейлөөчү маселелер боюнча).
Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту.
Төмөнкүлөрдүн иштерин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы;
ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссия;
«Эркин Тоо», «Слово Кыргызстана» жана «Кыргыз Туусу» газеталарынын редакциялары;
«ЭлТР - коомдук телекөрсөтүүсү» Кыргыз Республикасынын телерадио компаниясы.