Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 3-декабры № 550-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбору актырылсын (расмий эмес котормо).
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
| Т.Сарпашев |
Расмий эмес котормо
Долбоор
Мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталуучу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтү
Чикаго шаарында 1944-жылдын 7-декабрында кол коюлган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын катышуучу тараптары болуп туруп, жогоруда аты аталган Конвенцияга кошумча өздөрүнүн мамлекеттеринин ортосунда жана алардын чегинен тышкарыда аба катнашын орнотуу максатында макулдашуу түзүүнү каалап,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктамалар
Контекст башканы талап кылбаса, бул Макулдашуунун максаты үчүн:
1. "Конвенция" термини 1944-жылдын 7-декабрында Чикаго шаарында кол коюлган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияны билдирет жана Конвенциянын 90-беренесине ылайык кабыл алынган бардык тиркемени, 90 жана 94-беренелерине ылайык тиркемелерге же Конвенцияга киргизилген бардык түзөтүүлөрдү Макулдашуучу эки тарап үчүн мындай тиркемелердин же түзөтүүлөрдүн алгылыктуулугуна жараша камтыйт.
2. "Макулдашуу" термини ушул Макулдашууну, ага кошумча тиркемени жана ушул Макулдашууга же анын тиркемесин өзгөрткөн ар кандай протоколдорду жана ошол сыяктуу документтерди билдирет.
3. "Авиациялык бийликтер" термини Кыргыз Республикасына карата - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигин жана Катар мамлекетине карата - Транспорт министрлигин билдирет жана эки учурда тең азыркы учурда көрсөтүлгөн органдар аткарып жаткан же ошол сыяктуу функцияларды аткарууга ыйгарым укуктуу ар кандай адамды же органды билдирет.
4. "Дайындалган авиакомпания" термини ушул Макулдашуунун 4-беренесине ылайык дайындалган жана ыйгарым укук берилген авиакомпанияны билдирет.
5. "Аба катнашы", "эл аралык аба катнашы", "авиакомпания" жана "коммерциялык эмес максаттарда токтоо" терминдери Конвенциянын 96-беренесинде аныкталган маанилерге ээ болушат.
6. Аба кемесине карата "сыйымдуулук" термини маршруттагы же маршруттун бир бөлүгүндөгү аба кемесинин сыйымдуулугун жана аталган аба линиясына карата бул аба линиясында пайдаланылган аба кемесинин маршруттагы же маршруттун бир бөлүгүндөгү белгилүү бир мезгилдин ичинде аба кемеси аткарган учуулардын тездигине көбөйтүлгөн аба кемесинин сыйымдуулугун билдирет.
7. "Макулдашуу линиялары" жана "аныкталган маршруттар" терминдери тийиштүүлүгүнө жараша туруктуу эл аралык аба линияларын жана ушул Макулдашуунун тиркемесинде көрсөтүлгөн маршруттарды билдирет.
8. "Тариф" термини жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктү ташууга акы төлөөнүн баасын жана мындай баалар колдонулган шарттарды, анын ичинде коштоону ташуунун сый акысын жана шарттарын кошпогондо, агенттик жана башка көмөкчү кызматтар үчүн бааларды жана шарттарды билдирет.
9. "Пайдалануучулар жыйымдары" термини аба кемелери пайдаланган аэропортторду, навигациялык каражаттарды мындай кызматтар менен байланышкан башка каражаттарды пайдалануу үчүн алынуучу жыйымдарды же ставкаларды билдирет.
10. "Аймак" термини мамлекеттерге карата Конвенциянын 2-беренесинде эскертилген мааниге ээ болот.
2-берене. Конвенцияны колдонуу
Ушул Макулдашуунун жоболору, мындай жоболор эл аралык аба катнаштарына карата колдонулгандыктан Конвенциянын жоболору менен жөнгө салынат.
3-берене. Укуктарды берүү
1. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка өзүнүн туруктуу эл аралык катнаштар боюнча төмөнкү укуктарды берет:
а) өзүнүн мамлекетинин аймагы аркылуу конбой учуп өтүү укугу,
б) коммерциялык эмес максаттарда өз мамлекетинин аймагында конуу укугу.
2. Макулдашуучу тараптын бири экинчи Макулдашуучу тарапка ушул Макулдашуунун тиркемесинде көрсөтүлгөн маршруттар боюнча туруктуу эл аралык аба катнаштарын орнотуу максатында ушул Макулдашууда каралган укукту берет. Мындай катнаштар жана маршруттар мындан ары "макулдашуу линиялары" жана "белгиленген маршруттар" деп аталат. Белгиленген маршрут боюнча Макулдашуу маршруттарын эксплуатациялоодо ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы ушул Макулдашуунун 1-пунктунда көрсөтүлгөн укуктарга кошумча экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында ушул Макулдашуунун тиркемесиндеги мындай маршрут үчүн аныкталган пункттарда конуу укугун жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү, анын ичинде почта менен кошо же өзүнчө бортко алууларды жана аларды түшүрүү максатында пайдаланат.
3. Ушул берененин 2-пунктунда эч нерсе бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында бортко жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү, анын ичинде бул экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында башка пунктка бара жаткан почтаны акыга же жалдануу боюнча кабыл алуу укугун берүүнү караштырбайт.
4-берене. Дайындоо жана уруксат берүүлөр
1. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка белгиленген маршруттар боюнча макулдашуучу линияларды эксплуатациялоо максатында бир же андан ашуун авиакомпанияны дайындоого кат жүзүндө укук берүүгө ээ болот.
2. Мындай дайындоону алгандан кийин экинчи Макулдашуучу тарап ушул берененин 3 жана 4-пункттарынын жоболоруна ылайык дайындалган авиакомпанияга(ларга) учууларды аткарууга тиешелүү эксплуатациялык уруксаттарды дароо берет.
3. Бир Макулдашуучу тараптын авиация бийликтери экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынан(ларынан) Конвенциянын жоболоруна ылайык бул авиация бийликтери эл аралык аба катнаштарын эксплуатациялоодо адатта жана акыл эстүүлүк менен колдонулуучу мыйзамдарда жана эрежелерде белгиленген шарттарга ылайыктыгынын далилин талап кыла алышат.
4. Макулдашуучу тараптын бири ушул берененин 2-пунктунда эскертилген учууларга уруксат берүүдөн баш тартуу укугуна ээ болот же ушул Макулдашуунун 3-беренесинде көрсөтүлгөн дайындалган авиакомпаниянын укуктарын колдонууга карата зарыл деп эсептеген шарттарды белгилөөгө укуктуу жана кандай учурда болсун эгерде бул Макулдашуучу тарап бул авиакомпанияны дайындаган Макулдашуучу тарапка же анын жарандарына дайындалган авиакомпанияны артыкчылыктуу ээлөөгө же чыныгы контролдоого канааттандырылбайт.
5. Дайындалган авиакомпания макулдашуу линияларындагы учууларды кандай учурда болбосун ушул Макулдашуунун 8-беренесинин жоболоруна ылайык белгиленген тарифти мындай учурлар боюнча күчкө ээ болгон шарттарда аткарууну башташы мүмкүн.
5-берене. Эксплуатациялык уруксат берүүлөрдү жокко чыгаруу же токтото туруу
1. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарап белгилеген авиакомпанияга ушул Макулдашуунун 3-беренесинде көрсөтүлгөн эксплуатациялоого уруксат берүүнү жокко чыгарууга же укуктарын колдонууну токтото турууга же мындай укуктарга карата зарыл деп эсептеген шарттарды коюуга укуктуу:
а) эгерде Макулдашуучу тарап дайындалган авиакомпанияны артыкчылыктуу ээлөө же чыныгы контролдоо бул авиакомпанияны дайындаган Макулдашуучу тарапка же мындай Макулдашуучу тараптын жарандарына таандык экендигине канааттанбаган бардык учурда; же
б) Дайындалган авиакомпания тарабынан мындай укуктарды берген Макулдашуучу тараптын мамлекетинин мыйзамдарын жана эрежелерин аткарбаган учурда; же
в) Эгерде дайындалган авиакомпания ушул Макулдашууда каралган шарттарга ылайык учурларды кандайдыр бир түрдө ишке ашырбаса.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарды дароо жокко чыгаруу, токтото туруу мыйзамдарды жана эрежелерди мындан ары бузууларды болтурбоо үчүн зарыл болуп эсептелсе, мындай укук экинчи Макулдашуучу тарап менен консультацияларды өткөрүүдөн кийин гана пайдаланылат.
6-берене. Бажы жана башка алымдардан бошотуу
1. Макулдашуучу тараптын бири дайындаган эл аралык аба катнашы үчүн авиакомпаниялар эксплуатациялаган аба кемелери, ошондой эле мындай аба кемелеринин бортундагы алардын штаттык мүлкү, отун жана майлоочу материалдардын запастары, алардын борттук запастары (анын ичинде тамак-аш азыктары, суусундуктар жана тамекилер) бардык бажы алымдарынан, инспектордук жыйымдардан жана башка ошондой жыйымдардан экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына келгенден кийин мындай жабдуулар жана запастар алар кайра алынып кеткенге же бул мамлекеттин аймагында аткарылган учуунун бөлүгүндө пайдаланылганга чейин аба кемесинин бортунда калган учурда бошотулат.
2. Ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтар үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотулат:
а) эскертилген Макулдашуучу тараптын авиация бийликтери белгилеген чектөөлөрдүн алкагында бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында бортко алынган, ошондой эле эл аралык аба катнашында экинчи Макулдашуучу тараптын учуп кетүүчү аба кемесинин бортунда пайдалануу үчүн борт тамак-ашы;
б) экинчи Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпания(лар) эл аралык катнаштары үчүн пайдаланган аба кемелерин техникалык тейлөө же ремонттоо үчүн ар кандай Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына алынып келинген запастык бөлүктөр жана штаттык мүлк;
в) бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында экинчи тараптын биринин аймагына экинчи Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпаниянын(лардын) учуп кетүүчү аба кемесине берилген отун жана майлоочу материалдар, мындай запастар алар бортко алынган Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында учууларды аткарууда пайдалануу үчүн арналган учурда да;
г) жарнамалык материалдар, формалуу кийим предметтери жана авиакомпаниянын коммерциялык баага ээ болбогон жана бир Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпаниянын экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында пайдаланылуучу документтери;
д) экинчи Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпаниянын(лардын) офистик жайларында пайдалануу үчүн ар кандай Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына алынып келинген офистик жабдуу, мындай жабдуу бул мамлекеттин аймагына алар алынып келинген датадан тартып 3 (үч) жыл бою мындай офистердин карамагында болгон шартта жана өз ара принцип колдонулат.
Ушул пункттун а, б жана в пунктчаларында көрсөтүлгөн материалдар бажы көзөмөлүнө же контролуна алынышы мүмкүн.
3. Бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагы аркылуу түз транзит менен учкан жана мындай максаттар үчүн бөлүнгөн аэропорттун участогунан чыкпаган жүргүнчүлөр, багаж жана жүк өтө жөнөкөй контролго алынат. Түз транзит аркылуу алынып өткөн багаж жана жүк бажы алымдарынан жана ушул сыяктуу салыктардан бошотулат.
4. Штаттык борттук жабдуулар, ошондой эле ар кандай Макулдашуучу тараптын аба кемесинин бортундагы материалдар жана запастар Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында мындай Макулдашуучу тараптын мамлекетинин бажы органдарынын макулдугу менен гана түшүрүлүшү мүмкүн. Мындай учурда алар реэкспорттолбогонго чейин же бажы эрежелерине ылайык башкача сатылганга чейин эскертилген органдардын көзөмөлүндө болот.
7-берене. Авиакомпаниялардын ортосундагы атаандаштык
1. Макулдашуучу тараптардын экөө тең дайындаган авиакомпанияларга ушул Макулдашууда каралган эл аралык аба ташууларындагы атаандаштык үчүн адилеттүү жана тең мүмкүнчүлүктөр берилет.
2. Дайындалган авиакомпаниянын сунуштаган эл аралык аба транспортунун сыйымдуулугу алардын ар биринде эркин аныкталат.
3. Макулдашуучу тараптын бири дагы бир тараптуу түрдө трафиктин көлөмүн, тездигин жана тейлөөнүн туруктуулугун же экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы эксплуатациялаган аба кемесинин кептерин, Конвенциянын 15-беренесине ылайык бажы, техникалык, эксплуатациялык же экологиялык себептер боюнча талап кылынышы мүмкүн болгон учурлардан тышкары жана дайыма басмырлабаган негизде чек коюшу мүмкүн эмес.
4. Макулдашуучу тараптардын экөө тең басмырлоого же экинчи Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпаниянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө таасир берүүчү жазгырмалуу атаандаштыктын ар кандай формаларына жол бербөө үчүн өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде тиешелүү чараларды көрүшөт.
5. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпания үчүн жол-жоболорду жана ченемдерди аткаруунун администрациялык түйшүгүнүн деңгээлин минималдаштырууга жана мындай жол-жоболор басмырлабоо саясатына негизделген жол-жоболордун колдонулушун камсыздоого тийиш.
8-берене. Тарифтер
1. Ар бир Макулдашуучу рыноктогу коммерциялык ой-пикирлердин негизинде ар бир дайындалган компанияда белгиленген аба ташууларынын тарифтерине жол беришет. Макулдашуучу тараптардын бири дагы дайындалган авиакомпания башка авиакомпаниялар менен алар алган тарифтер жөнүндө кеңешүүнү талап кылууга же ушул Макулдашуу камтыган кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы алууну сунуштабоого тийиш.
2. Ар бир Макулдашуучу тарап өзү дайындаган авиакомпаниядан алынуучу акы төлөөнүн ар кандай тарифин кабарлоону же каттоону талап кыла алат. Макулдашуучу тараптын бири дагы экинчи Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпаниянын акы төлөөдөгү ар кандай тарифти кабарлоону же каттоону талап кылууга укугу жок. Эгер алар ушул берененин 5-пунктуна ылайык алынып салынбаса тарифтер күчүндө кала бериши мүмкүн.
3. Макулдашуучу тараптардын кийлигишүүлөрү төмөнкүлөр менен чектелүүгө тийиш:
а) рынок бийлигин өтө кыянаттык менен пайдалануу деп саналган тарифтерден керектөөчүлөрдү коргоо;
б) колдонулушу атаандаштыкка каршы аракетке жаткан, атаандаштыкты чектөө, жол бербөө же бурмалоо таасирине ээ болушу мүмкүн болгон же аларга ээ болгон же атаандаштарды маршруттан сүрүп чыгарган тарифтерге жол бербөө.
4. Ар бир Макулдашуучу тарап өзү дайындаган авиакомпания тарабынан берилген же алынуучу ар кандай тарифти колдонууну бир тараптуу тыюу салышы мүмкүн. Ошентсе да, эгерде мындай кийлигишүү бул Макулдашуучу тараптын авиация бийликтерине алынган же алууга сунушталган тариф ушул берененин 3-пунктунда баяндалган критерийлердин бирине жооп бере тургандыгы белгилүү болсо гана мындай Макулдашуу орун алышы мүмкүн.
5. Макулдашуучу тараптын бири дагы экинчи Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпаниядан алынуучу же алууга сунушталган тарифтердин күчүнө киришине тоскоолдук кылган же алардын колдонулушун узарткан бир тараптуу аракеттерди көрбөйт. Эгерде Макулдашуучу тараптардын бири дагы ушул Макулдашуунун 3-пунктунда баяндалган ой-пикирлерге мындай ар кандай тариф ылайык келбейт деп эсептесе, өзүнүн нааразылыгынын себептери жөнүндө экинчи тараптын консультация берүүсүн талап кылышы жана кабарлашы мүмкүн. Мындай консультациялар суроо-талап алынгандан кийин 14 (он төрт) күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш. Өз ара макулдашуусуз тариф күчүнө кирет же күчүндө калат.
9-берене. Расписаниелерди бекитүү
Макулдашуучу тараптардын бири дайындаган авиакомпания экинчи Макулдашуучу тараптын авиация бийликтерине пайдаланыла турган аба кемелеринин түрлөрүн, алардын сыйымдуулугун камтыган учуулардын расписаниесин бекитүүгө берет. Мындай расписание туруктуу учуулар ишке ашырыла баштаганга чейин кеминде 30 (отуз) күн мурда берилет. Мындай талап кийинки түзөтүүлөргө карата да колдонулат. Зарыл болгон өзгөчө учурларда көрсөтүлгөн мөөнөт авиация бийликтери ортосундагы консультациялардан кийин кыскартылышы мүмкүн.
10-берене. Статистиканы берүү
Макулдашуучу тараптардын биринин авиация бийлиги экинчи Макулдашуучу тараптын авиация бийлигине алардын суроосу боюнча мындай мезгилдүү же биринчи Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпаниялардын макулдашуу линияларында берилүүчү сыйымдуулуктарды кайра кароо үчүн негиздүү зарыл болушу мүмкүн болгон башка статистикалык маалыматтарды берет. Мындай маалыматтар макулдашуу линияларындагы дайындалган авиакомпаниялардын ташууларынын көлөмүн аныктоо, ошондой эле мындай ташуулардын пункттары боюнча үчүн чыгууларды жана баруучу жерлерин аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматты камтыйт.
11-берене. Акча каражаттарын которуу
1. Ар бир Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпания конвертирлөөнү жүргүзүүгө жана экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында авиакомпания алган, чыгашалардан кирешелердин ашкан суммасын өз мамлекетинин аймагында валюталарды алмашуунун колдонуудагы эрежелерине ылайык эркин конвертирленүүчү валютада которууну жүзөгө ашырууга тийиш. Валюталарды конвертирлөө жана которуу акча которулган күндө мындай которуулар үчүн колдонулуучу алмашуу курсу боюнча чектөөлөрсүз жүргүзүлүүгө тийиш. Иш жүзүндө которуу токтоосуз ишке ашырылууга тийиш жана мындай операциялар үчүн банктар алуучу тейлөө үчүн адаттагы жыйымдардан тышкары жыйымдар алынбайт.
2. Эгерде Макулдашуучу тараптын бири экинчи дайындаган авиакомпания биринчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында алган чыгашалардан кирешелердин ашкан суммасын которуусун чектесе, экинчи Макулдашуучу тарап да бул Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпанияга карата жооп берүүчү чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу.
3. Эгерде Макулдашуучу тараптардын ортосунда мындай акча каражаттарына карата атайын келишим бар болсо, бул келишим колдонулат.
12-берене. Авиация коопсуздугу
1. Эл аралык укукка ылайык өздөрүнүн мамлекеттеринин укуктарына жана милдеттерине жараша Макулдашуучу тараптар алардын бири-биринин алдындагы милдеттери жарандык авиациянын коопсуздугун мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоо ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзө тургандыгын ырасташат. Эл аралык укукка ылайык өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин чектебестен Макулдашуучу тараптар атап айтканда, 1963-жылдын 14-сентябрында Токиодо кол коюлган Аба кемесинин бортунда жасалган кылмыштар жана айрым башка актылар жөнүндө конвенциянын, 1970-жылдын 16-декабрында Гаагада кол коюлган Аба кемесин мыйзамсыз ээлеп алууга каршы күрөшүү жөнүндө Конвенциянын, 1971-жылдын 23-сентябрында Монреалда кол коюлган Жарандык авиациянын коопсуздугуна каршы багытталган мыйзамсыз актыларга каршы күрөшүү жөнүндө конвенциянын жана 1988-жылдын 24-февралында Монреалда кол коюлган Эл аралык жарандык авиацияны тейлеген аэропорттордогу мыйзамсыз зордук-зомбулукка каршы күрөшүү жөнүндө протоколдун жоболоруна, ошондой эле Макулдашуучу тараптардын экөөнө тең милдеттүү болгон ар кандай көп тараптуу макулдашуулардын жана протоколдун жоболоруна ылайык аракеттенишет.
2. Макулдашуучу тараптар жарандык аба кемелерин мыйзамсыз басып алуу актыларын жана мындай аба кемелеринин, алардын жүргүнчүлөрүнүн жана экипажынын, аэропорттордун жана аэронавигация каражаттарынын коопсуздугуна каршы багытталган башка мыйзамсыз актыларга, ошондой эле жарандык авиациянын коопсуздугуна ар кандай башка коркунучтарга жол бербөө боюнча бири-бирине зарыл жардамды көрсөтүшөт.
3. Макулдашуучу тараптар биргелешкен иштеринде Жарандык авиациянын эл аралык уюму тарабынан белгиленген жана эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын тиркемеси деп аталуучу жоболорго ылайык, коопсуздук боюнча мындай жоболор Макулдашуучу тараптардын экөөнө тең колдонуучу даражада аракеттенишет. Алар аба кемелерин эксплуатациялоочулар аларды каттоосун же аба кемелерин эксплуатациялоочулардын негизги иштеген жери же туруктуу болгон жери алардын аймагында катталышын, ошондой эле аэропортторду алардын аймагында эксплуатациялоочулар авиациялык коопсуздук боюнча ушундай жоболорго ылайык аракеттенүүсүн талап кылышат.
4. Ар бир Макулдашуучу тарап көрсөтүлгөн аба кемелерин эксплуатациялоочулардан экинчи Макулдашуучу тарап бул экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына келгенде, кеткенде же болгон убакта талап кылынуучу ушул берененин 3-пунктунда эскертилген авиациялык коопсуздук боюнча жобону сакташын талап кылышы мүмкүн.
5. Ар бир Макулдашуучу тарап аба кемелерин коргоо жана жүргүнчүлөрдү, экипажда, кол жүктөрүн, багажды, жүктөрдү жана аба кемесинин борттогу запастарын коргоо үчүн өз мамлекетинин аймагында адекваттуу чаралардын натыйжалуу колдонулушун камсыз кылат. Ар бир Макулдашуучу тарап конкреттүү коркунучка жараша коопсуздуктун атайын чараларын көрүү жөнүндө экинчи Макулдашуучу тараптын ар кандай суроосун оңдуу карайт.
6. Инцидент пайда болгон же жарандык аба кемелерин мыйзамсыз басып алуу инциденти коркунуч туудурган же мындай аба кемелеринин, алардын жүргүнчүлөрүнүн, экипажынын, аэропорттордун же аэронавигация каражаттарынын коопсуздугуна каршы мыйзамсыз актылар жасалган учурда Макулдашуучу тараптар байланыш түзүү жана мындай инцидентти же анын коркунучун тез жана коопсуз токтотууга багытталган башка тиешелүү чараларды көрүү аркылуу бири-бирине жардам көрсөтүшөт.
7. Эгерде бир Макулдашуучу тарап ушул беренедеги авиациялык коопсуздук жоболору боюнча проблемаларга кабылган учурда ар бир коопсуздукка тиешелүү проблема пайда болгон учурда ар кандай Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери менен токтоосуз консультацияларды өткөрүүнү талап кылышы мүмкүн.
13-берене. Учуулардын коопсуздугу
1. Ар бир Макулдашуучу тарап учуучу экипажга, аба кемелерине же аларды эксплуатациялоого тиешелүү экинчи Макулдашуучу тарап кабыл алган ар кандай тармактагы коопсуздук стандарттары боюнча консультацияларды өткөрүүнү ар кандай убакта талап кылышы мүмкүн. Мындай консультациялар бул суроо-талап берилген датадан кийин 30 (отуз) күндүн ичинде жүргүзүлөт.
2. Эгерде мындай консультациялардын натыйжасында Макулдашуучу тараптардын бири экинчи Макулдашуучу тарапты ошол учурда Конвенцияга ылайык белгиленген минималдык стандарттарга дал келген мындай тармактардын биринде учуулардын коопсуздугу боюнча стандарттарды тиешелүү түрдө сактаган жок же колдонгон жок деп эсептесе, анда биринчи Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка мындай жыйынтыктар жана ошол минималдык стандарттарга дал келтирүү максатында аткарышы керек болгон иш-аракеттер жөнүндө жана экинчи Макулдашуучу тарап тиешелүү чараларды колдонууга тийиш экендиги жөнүндө билдирүүгө тийиш, ал эми берки Макулдашуучу тарап абалды жөнгө салуу боюнча зарыл чараларды көрөт. Башка Макулдашуучу тараптын макулдашылышы мүмкүн болгон тийиштүү чараларды 15 (он беш) күндүн ичинде же андан узак мөөнөттө көрүүдөн баш тартышы ушул Макулдашуунун 5-беренесин колдонгонго негиз болот.
3. Конвенциянын 33-беренесинде көрсөтүлгөн милдеттенмелерге карабастан, Макулдашуучу экинчи тараптын аймагына же аймагынан учууларды аткаруу үчүн биринчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясынын же авиакомпанияларынын атынан пайдаланылган бардык аба кемеси экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында болгондо, рейсти себепсиз кармабастан, бул Макулдашуучу тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан борт документтеринин жарактуулугун, сырткы көрүнүшүн, экипажды жана анын шаймандарынын абалын (бул беренеде "рампалык инспекциялоо" деп аталат) текшерүү максатында аба кемесинин бортунда же анын жанында текшериши мүмкүн.
4. Эгерде мындай рампалык инспекциялоо же бир топ башка рампалык инспекциялоолор:
а) аба кемеси же аба кемесин пайдалануу Конвенцияга ылайык ошол учурда аныкталган минималдык стандарттарга ылайык келбеши жөнүндө олуттуу кабатырланууга, же
б) техникалык жактан жетиштүү тейленбегендиги жана Конвенцияга ылайык ошол учурда белгиленген коопсуздук стандарттарын аткарбагандыгы жөнүндө олуттуу кабатырланууга алып келсе,
анда инспекция жүргүзүп жаткан Макулдашуучу тарап Конвенциянын 33-беренесине ылайык аба кемесине же бул кеменин экипажына берилген же жарактуу деп таанылган сертификаттар же ырастамалар же бул аба кемесин пайдалануу талаптары Конвенцияга ылайык белгиленген минималдык стандарттарга ылайык эместиги жөнүндө бүтүм чыгарууга укуктуу болот.
5. Эгер ушул берененин 3-пунктуна ылайык Макулдашуучу тараптардын биринин авиакомпаниясы тарабынан же авиакомпаниясынын атынан пайдаланылган аба кемесин рампалык инспекциялоо максатында кирүүгө бул авиакомпаниянын же авиакомпанияларынын өкүлдөрү тыюу салса, башка Макулдашып жаткан тарап ушул берененин 4-пунктунда көрсөтүлгөн олуттуу кемчиликтер бар деп болжолдоого жана ошол пунктта айтылгандай бүтүм чыгарууга укуктуу болот.
6. Эгерде биринчи Макулдашуучу тарап рампалык инспекциялоонун, консультациянын натыйжасында жана башка себеп боюнча авиакомпаниялардын учууларды коопсуздукта аткарышы үчүн маанилүү болгон шашылыш чараларды колдонуу зарылчылыгы жөнүндө бүтүм чыгарса, ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясына же авиакомпанияларына берилген пайдалануу уруксатын тезинен токтото турууга же өзгөртүүгө укуктуу болот.
7. Макулдашуучу тараптын биринин ушул берененин 2 же 6-пункттарына ылайык ар кандай иш-аракеттери мындай чараларды колдонууга негиздин жок болушу менен дароо токтотулат.
14-берене. Пайдалануучулардын жыйымдары
Биринчи Макулдашуучу тараптын аймагында аба кемелер аэропортторду, аэронавигациялык жана башка жабдууларды пайдаланганы үчүн экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынан алынуучу жыйымдар ушундай эл аралык катнаштарды аткарып жаткан улуттук аба кемелеринен алынуучу жыйымдардан ашпоого тийиш.
15-берене. Улуттук мыйзамдарды колдонуу
1. Макулдашуучу тараптын анын аймагына аба кемесинин бортундагы жүргүнчүлөрдүн, экипаждын же жүктүн киришин же чыгышын жөнгө салуучу эрежелер сыяктуу кирүүнү, иммиграциялык режимди, паспорттук режимди, бажылык режимди санитардык жана карантиндик режимди жөнгө салуучу мыйзамдары жана эрежелери жүргүнчүлөр, экипаж же жүк тарабынан ушул Макулдашуучу тараптын аймагына кирип жатканда, чыгаарда же ошол аймакта жүргөн учурларда аткарылыш керек.
2. Макулдашуучу тараптын аймагынан эл аралык аэронавигацияда иштеп жүргөн аба кемелерин кабыл алуу же аны учурууга же мындай учактарды иштетүү жана навигациялоого тиешелүү мыйзамдары жана эрежелери бул аба кемелери биринчи Макулдашуучу тараптын аймагында жүргөндө экинчи Макулдашуучу тарап дайындаган аба кемеси тарабынан сакталышы керек.
3. Бир Макулдашуучу тараптын тиешелүү бийлиги Конвенцияда жазылгандай экинчи Макулдашуучу тараптын аба кемелерин негизсиз кармабастан алар конгондо же учуп кетээрде сертификаттарын жана башка документтерин текшерүүгө укугу бар.
16-берене. Коммерциялык иш
1. Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы башка Макулдашуучу тараптын аймагында аба каттамынын кызмат көрсөтүүсүн ишке ашыруу жана сатуу үчүн бөлүмдөрдү (офистерди) ачууга укугу бар.
2. Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы экинчи Макулдашуучу тараптын келүүгө, болууга жана жумушка орношууга тиешелүү мыйзамдарына, эрежелерине жана нормаларына ылайык экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында авиациялык кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон башкаруучу, техникалык, эксплуатациялоо жана башка адистерди жана персоналдарды алып келүүгө жана кармоого укугу бар.
3. Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында авиакомпаниянын каалоосу боюнча өзү же өзүнүн агенттери аркылуу аба ташууларында кызмат көрсөтүүнү сатуу боюнча иштей алат. Ар бир авиакомпания мындай аба ташууларынын түрүн сатууга укуктуу, жана ар бир эле жак ушундай ташууну ушул мамлекеттин валютасында же эркин жүгүртүлүүчү валютада эркин сатып алууга укугу бар.
4. Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында жергиликтүү валютада чыгымдарды төлөөгө, анын ичинде күйүүчү майды сатып алууга уруксат берилет. Өз каалоосу менен ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында улуттук валюталык жөнгө салууга ылайык, эркин жүгүртүлүүчү валютада мындай чыгымдарды төлөй алат.
5. Ушул берененин кандайдыр бир жоболорунан көз карандысыз, беренеде каралган укукту ишке ашыруу колдонулуп жаткан ички мыйзамдарга, жоболорго жана эрежелерге ылайык болушу керек, жана Макулдашуучу тараптардын мыйзамдары, нормалары жана эрежелери Макулдашуунун максаттарына ылайык дискриминациясыз негизде кириши керек.
6. Ар бир дайындалган авиакомпания башка макулдашуучу тараптын аймагында өзүнүн жердеги кызмат көрсөтүүсүн пайдаланууга (өз алдынча тейлөө), же өзү каалагандай атаандаштыкка катышкан агенттерди мындан кызмат көрсөтүү үчүн толугу менен же жарым-жартылай пайдаланууга укугу бар. Бул укуктар аэропорттун коопсуздук маселесинен келип чыккан физикалык чектөөлөргө гана тийиштүү. Мындай маселелер алдынча тейлөөнү четке какканда, жердеги кызматтар бардык дайындалган авиакомпаниялар үчүн бирдей негизде жеткиликтүү болушу керек; жыйымдар кызмат көрсөтүү менен байланышкан чыгымдарга негизделиши керек; жана мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү жана сапаты жагынан мындай кызмат көрсөтүүлөр өздөрү аткаргандай эле окшош болуусу зарыл.
7. Ушул Макулдашуунун башка бардык жоболоруна карабастан, Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпаниялары жана жүк ташуу боюнча кыйыр кызмат көрсөтүүчүлөр абадагы эл аралык ташууларга байланыштуу тийиштүү учурларда Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин аймактарында кайсы жеринде болсо да, анын ичинде бардык аэропорттордон, бажы объектилеринен жүктөрдү ташуу үчүн ар кандай жер үстүндөгү транспортту Макулдашуучу тараптардын колдонуудагы мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык чектөөсүз пайдалануу укугуна ээ болот. Мындай жүктөрдү мейли жерде, мейли абада ташуу бажы документтерин тариздөөгө жана аэропорттун ыңгайлуулуктарына жеткиликтүү болушу керек. Дайындалган авиакомпаниялар өзүнүн жердеги менчик транспортун пайдаланууга тандап ала алышат же жердеги башка жүк ташуучулар менен макулдашуунун негизинде башка авиакомпаниялар жана авиаташуулардын кыйыр кызмат көрсөтүүчүлөрү иштетип жаткан жер транспорттору менен ташууну камсыздашат. Мындай интермодалдык жүк ташуу кызматтары жүк жибергендер мындай жүк каттамына тиешелүү фактыларга карата жаңылыштыкка жол бербеген шартта аба жана жердеги транспортторду айкалыштырып пайдалануу менен көрсөтүлөт.
17-берене. Консультациялар
1. Тыгыз кызматташуу маанайында Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтери ушул Макулдашуунун жана Тиркемесинин жоболорун аткаруу жана тийиштүү түрдө сактоо максатында мезгил-мезгили менен консультацияларды өткөрүп турушат жана зарыл болгондо өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн консультация өткөрүшөт.
2. Макулдашуучу тараптардын кимиси болсо да консультацияларды өткөрүүнү жазуу жүзүндө сурай алат. Эгерде Макулдашуучу тараптар мөөнөттү узартуу тууралуу макулдашпаса, мындай консультациялар экинчи Макулдашуучу тарап суроо жиберген күндөн тартып 60 (алтымыш) күндүн ичинде башталууга тийиш.
18-берене. Талаштарды чечүү
1. Тараптардын ортосунда ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу талаш маселе чыккан учурда, Тараптар аларды адегенде сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө умтулушат.
2. Эгерде Тараптар сүйлөшүү жолу менен талашты чече алышпаса, чечим кабыл алуу үчүн талаш Тараптардын макулдашуусуна жараша кандайдыр бир жактын же органдын кароосуна берилиши мүмкүн. Эгерде алар келише албаса, Тараптардын биринин өтүнүчү боюнча талаш чечүү үчүн 3 (үч) арбитрдин сотуна берилиши мүмкүн. Мындай арбитрдик сотту ар бир Тарап бирден дайындайт, ал эми үчүнчүсүн дайындалган эки арбитр дайындашат. Мындай арбитрлерди Тараптардын ар бири талашты арбитраждык сотко кароого берүүнү каалагандыгы тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тараптан билдирүү алган күндөн тартып 60 (алтымыш) күндүн ичинде, ал эми үчүнчү арбитр андан кийинки 60 (алтымыш) күндүн ичинде дайындалууга тийиш. Эгер Макулдашуучу тараптардын эч бири арбитрди көргөзүлгөн мөөнөттө дайындабаса, же үчүнчү арбитр көргөзүлгөн мөөнөттүн ичинде дайындалбаса, Эл аралык жарандык авиация уюмунун кеңешинин Төрагасы Макулдашуучу тараптын бирөөсүнүн өтүнүчү менен арбитрди же жагдайга жараша арбитрлерди дайындай алат. Мындай учурларда үчүнчү арбитр үчүнчү мамлекеттин жараны болот жана арбитраждык соттун Президенти катары чыгат.
3. Арбитраждык сот боюнча чыгымдарды жана башка бардык чыгымдарды Макулдашып жаткан тараптар бирдей көтөрүшөт.
4. Макулдашуучу тараптар ушул берененин 2-пунктуна ылайык кабыл алынган бардык чечимдерди аткарышат.
19-берене. Оңдоолор
1. Эгерде Макулдашуучу тараптардын бири ушул Макулдашуунун кайсы бир жобосуна оңдоолорду киргизүүнү кааласа, эгер мындай оңдоолор Макулдашуучу тараптардын ортосунда Протокол түзүү жолу менен макулдашылса, зарыл болсо ушул Макулдашуунун 17-беренесине ылайык кеңешүүдөн кийин алар дипломатиялык ноталарды алмашуу жолу менен ырасталгандан кийип күчүнө кирет.
2. Эгерде оңдоолор ушул Макулдашуунун тиркемесиндегиден башка жоболорго тиешелүү болсо оңдоо ар бир Тараптын өзүнүн мыйзамдык жол-жоболоруна ылайык бекитилет.
3. Эгерде оңдоолор ушул Келишимдин Тиркемесинин жоболоруна гана тиешелүү болсо, ал Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтери тарабынан макулдашылат.
20-берене. Эл аралык жарандык авиация уюмунда каттоо
Ушул Макулдашуу жана анын бардык кийинки оңдоолору Эл аралык жарандык авиация уюмунда кол коюу жол-жобосу жүргөн мамлекет тарабынан катталууга тийиш.
21-берене. Сертификаттарды жана күбөлүктөрдү таануу
1. Макулдашуучу тараптардын бири берген же жарактуу деп таанылган, күчүндөгү учууга жарамдуулук сертификаттары, квалификациялык ырастамалар жана күбөлүктөр, ошол ырастамаларды жана күбөлүктөрдү бергендеги талаптар Конвенцияга ылайык белгиленген же белгилениши мүмкүн болгон минималдуу стандарттарга шайкеш келген же ашкан шартта, экинчи Макулдашуучу тарап ушул Макулдашууда каралган учууларды аткаруу үчүн жарактуу деп тааныйт. Ошондой болсо да, Макулдашуучу тараптардын ар бири анын өзүнүн жарандарына берилген же Макулдашуучу башка тарапта же кайсы болбосун башка бир мамлекет тарабынан жарактуу деп таанылган квалификация жөнүндө күбөлүктөрдү жана ырастамаларды өз мамлекетинин үстүнөн учууларды аткаруу үчүн таануудан баш тартуу укугун сактап калышат.
2. Эгер жогоруда ушул берененин 1-пунктунда айтылып жаткан, бир Тараптын авиациялык бийликтери белгилеген маршруттар боюнча келишимдик катнаштарды аткарууга дайындалган ар кандай жакка же авиакомпанияга берген укуктар жана күбөлүктөр же күбөлүктөрдүн шарттары Конвенцияга ылайык аныкталган стандарттардан айырмалуу болсо жана андай айырма Жарандык авиациянын эл аралык уюмунда катталса, анда башка Тараптын авиациялык бийликтери айтылып жаткан практика алар үчүн алгылыктуу экенин ырастоо максатында ушул Макулдашуунун 17-беренесине ылайык ал Тараптын авиациялык бийликтери менен консультация сурай алышат. Эгер канааттанарлык макулдашууга жетишүү мүмкүн болбосо, ал ушул Макулдашуунун 5-беренесин колдонууга негиз болот.
22-берене. Көп тараптуу конвенцияларга ылайыктуулук
Макулдашуучу тараптар кошулган аба ташууларына тиешелүү Көп тараптуу конвенциялар же Макулдашуулар күчүнө кирген учурда бул Макулдашуу ошондой конвенциянын же Макулдашуунун максаттарына ылайык өзгөртүлөт.
23-берене. Тиркемелер
Ушул Макулдашууга тиркемелер ушул Макулдашуунун бөлүгү катары саналат, жана эгерде башка жөнүндө атайын айтылбаса, бардык шилтемелер Тиркемелерге шилтемелерди өзүнө камтыйт.
24-берене. Токтотуу
Макулдашуучу тараптардын кимиси болсо да ушул Макулдашуунун аракетин токтотуу ниети жөнүндө экинчи Макулдашуучу тарапка каалаган убакта жазуу жүзүндө билдирүү жибере алат. Мындай билдирүү ошол эле учурда Эл аралык граждандык авиация уюмуна берилет. Мындай учурда, эгерде бул мөөнөт бүткөнгө чейин эки Макулдашуучу тараптын келишүүсү менен мындай билдирүү кайрадан артка алынбаса, Макулдашуунун колдонулушу экинчи Макулдашуучу тарап билдирүүнү алган күндөн тартып 12 (он эки) айдын ичинде токтотулат. Экинчи Макулдашуучу тараптын билдирүүнү алгандыгы тууралуу ырастоосу болбосо, аны Эл аралык граждандык авиация уюму алгандан кийин 14 (он төрт) күн өткөндө билдирүү алынды деп эсептелет.
25-берене. Күчүнө кирүү
Бул Макулдашуу ар бир Макулдашуучу тараптын ички процесстик нормаларына ылайык, анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Макулдашуучу тараптардын жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүсү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Муну тастыкташ үчүн төмөндө кол койгондор - өз Өкмөттөрү тарабынан ыйгарым укук берилгендер ушул макулдашууга кол коюшту.
___________________ шаарында _____-жылдын "___" _____________ эки түп нускада, кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Макулдашуучу тараптар англис тилиндеги текстке таянышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Катар Мамлекетинин Өкмөтү үчүн |
Тиркеме
Маршруттардын расписаниеси
1. Кыргыз Республикасы тарабынан дайындалган авиакомпания (авиакомпаниялар) абадагы ташууларды аткаруучу маршруттар:
Кайдан | Ортодогу пункттар | Кайда | Чектерден тышкары пункттар |
Каалаган пункттар | Каалаган пункттар | Каалаган пункттар | Каалаган пункттар |
2. Катар Мамлекети тарабынан дайындалган авиакомпания (авиакомпаниялар) абадагы ташууларды аткаруучу маршруттар:
Кайдан | Ортодогу пункттар | Кайда | Чектерден тышкары пункттар |
Каалаган пункттар | Каалаган пункттар | Каалаган пункттар | Каалаган пункттар |
3. Биринчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниясынын экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагындагы пункттарынын жана үчүнчү өлкөлөрдөгү пункттардын ортосунда жүргүнчүлөрдү, жүктү жана почтаны ташуу укугу Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтеринин ортосундагы макулдашуунун предмети болот.
4. Ар кандай же бардык учууларды аткарууда ошол ар кандай ташуу авиакомпанияны дайындаган Макулдашуучу тараптын аймагында башталуучу же аякталуучу шартта, белгиленген маршруттардагы ортодогу пункттарга жана чектерден тышкары пункттарга дайындалган авиакомпаниянын (авиакомпаниялардын) каалоосу боюнча конбой өтүп кетүүгө мүмкүн.