Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 10-декабры № 564-б
Баткен облусунун чек ара аймактарын өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кьргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ак-Сай калктуу конушун айланып өтүүчү Исфара-Ворух автомобиль жолунун участкасын долбоорлоого жана курууга, Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык -Кишимиш автомобиль жолунун курулушун улантууга 40,0 млн (кырк миллион) сом суммасындагы кошумча каражатты издеп тапсын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн финансы каражатын максаттуу колдонууну камсыз кылсын;
- Ак-Сай калктуу конушун айланып өтүүчү Исфара-Ворух автомобиль жолунун участкасын долбоорлоону жана курууну, Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык - Кишимиш автомобиль жолунун курулушун улантууну камсыз кылсын;
- курулуш аяктагандан кийин аталган автомобиль жолдорун белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын жана андан ары күтүүнү камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|