Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 11-декабры № 566-б
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктьн лауреаты Өскөн Даникеевдин туулган күнүнүн 80 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүңдө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамыньн 17-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Өскөн Даникеевдин туулган күнүнүн 80 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитета (мындан ары -уюштуруу комитета) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитета бир айлык меөнөттө мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Мааракелик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсун.
Премьер-министр |
|
Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Максутов Алтынбек Аскарович
| - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Рыскунов Акбар
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Карамушкина Ирина Юрьевна | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; |
Лаврова Ольга Владимировна | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Садыков Канат Жалилович | - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; |
Эркебаев Абдыганы | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президента; |
Исаев Канатбек Кедейканович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кенжебаев Аманкан Батырбекович | - Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким; |
Иманалиев Кайрат Олжобаевич | - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Саалаев Жедигер Ибраимович | - «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Слащева Тамара Михайловна | - «Слово Кыргызстана» басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Мансурова Наргиза Аскаровна | - «Эркин Тоо» гезитинин башкы редактору; |
Какеев Аскар Чукутаевич | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Кубатбеков Курманбек | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Осмонов Кыргызбай Арапбаевич | - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору; |
Жумабаев Калил Жумабаевич | - Чүй университетинин ректору (макулдашуу боюнча). |