КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-декабры № 578-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 125-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V токтомунун 6-пунктун аткаруу боюнча иштерди уюштуруу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына төмөнкү адамдар киргизилсин:
Дооталиев У.Т., Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү;
Азимов А.К., Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү;
Калыев С.А., Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директорунун орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү;
Ирсалиев Д.И., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы, ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү;
- ведомстволор аралык жумушчу топтун курамынан Кутманов Н.О., Таткулов Т.Дж.,. Сыдыгалиев Б.К жана Осмоналиев А.Ш. чыгарылсын.
Премьер-министр |
|