Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 18-апрели № 125-б
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 578-б буйругунун редакциясыны ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V, 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V, 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V токтомдорунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V токтомунун 6-пунктун ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V токтомунун 6-пунктун аткаруу боюнча иштерди уюштуруу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V токтомунун 6-пунктунан келип чыккан чараларды көрсүн жана тийиштүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен аталган пунктту аткаруу боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштурсун.
3. Жумушчу топко зарыл болгон учурда керектүү маалыматтарды сурап алууга, ошондой эле министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методологиялык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
Премьер-министри | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 125-б буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V токтомунун 6-пунктун аткаруу боюнча иштерди уюштуруу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 578-б буйругунун редакциясыны ылайык)
Маматалиев А.М. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Касымалиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Зилалиев Д.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Сабиров М.Э. | - | "Республика" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Дооталиев У.Т. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Азимова А.К. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Калыев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары; |
Кадыркулов М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Абдыкаимов О.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Пирназаров М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Муратбеков Ж.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) төрагасынын орун басары; |
Осмоналиев А.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы; |
Кадырбеков И.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ар-Намыс" парламенттик фракциясынан сунушталган эксперт (макулдашуу боюнча); |
Абдрасилов Г.К. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Мамбетов Б.Э. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |
Ирсалиев Д.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы. |