Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 23-декабры № 601-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 505-б буйругу менен жактырылган жана 2014-жылдын 20-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыздоо департаментине Ош шаарында төмөнкү даректер боюнча жайгашкан: Ишматов көч. 2Б жана Ишматов көч. номерсиз 3-участогундагы жалпы 3847,8 кв.м аянтты түзгөн, турак эмес эки жайды коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүн жана эксплуатациялык чыгымдарын төлөө менен 2 жыл 11 айга акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында өткөрүп берсин.
2. "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыздоо департаментине төмөнкү дарек боюнча жайгашкан: Бишкек шаары, Чолпон-Ата көч. 15/1 дарегиндеги, 852 кв.м аянтты түзгөн турак эмес жайды коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүн жана эксплуатациялык чыгымдарын төлөө менен 2 жыл 11 айга акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги тиешелүү жылга бекитилген каражаттын чегинде төмөнкүлөрдү аткаруу менен ушул буйрукту ишке ашырууну камсыз кылсын:
- ушул буйруктун 1 жана 2-пункттарында каралган кампа жайларын күтүүнү;
- Бишкек жана Ош шаарларындагы кампалардагы ун жана өсүмдүк майын жүктөө жана түшүрүү кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнү;
- Бишкек жана Ош шаарларындагы кампалардан ун жана өсүмдүк майын республиканын региондоруна чейин ташуу боюнча транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыздоо департаменти Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жардамы менен төмөнкү даректердеги: Бишкек шаары - Чолпон-Ата көч. 15/1 жана Ош шаары - Ишматов көч, 2Б, Ишматов көч, номерсиз 3-участогундагы кампа жайларды оңдоп-түзөө иштерин жүргүзсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Дж.Оторбаев |
|