Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 18-декабры № 589-б
"Кыргыз Республикасындагы энергетика сектору үчүн өнүктүрүү саясатын колдоо боюнча операциялар (ӨСКО)" программасынын алкагында Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, ''Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрине "Кыргыз Республикасындагы энергетика сектору үчүн өнүктүрүү саясатын колдоо боюнча операциялар (ӨСКО)" программасынын алкагында Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Дж.Оторбаев |
|
Тиркеме
Турдубаев Кубанычбек Апышевич | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри, делегация башчысы; |
Дыйканбаев Курманбек Сапарович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Кадыров Бахтияр Сабиржанович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Бадыкеева Нуржан Нуралиевна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Элебаев Нурбек Беккулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин директору; |
Байгончоков Мирлан Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Жакыпов Кылычбек Жумадилович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Күйкеев Эрик Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; |
Калиев Айбек Рыспекович | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Абдыбеков Азаматбек Мелисбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Турганбаев Төлөн Самутдинович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер департаментинин директорунун орун басары; |
Толубаев Таалайбек Матмусаевич | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча). |