Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 22-декабры № 597-б
Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча программаны өз учурунда ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 80 млн сом суммасында жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 20 млн сом суммасында бюджеттик каражаттарды кошумча тапсын жана 2014-жылдын аягына чейин каржыласын;
- «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бөлүнгөн 80 млн сомду төмөнкүлөргө жумшасын:
- Социалдык пакетке кирген телекөрсөтүү уюмдарын техникалык модернизациялоого 45 млн сомду 1-тиркемеге ылайык;
- региондук берүүлөрдү өнүктүрүү максатында Социалдык пакетке кирген региондук телекөрсетүү уюмдарын техникалык модернизациялоого 35 млн сомду 2-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги эфирдик жер үстүндөгү берүүлөрдүн санариптик форматтагы телекөрсөтүү сигналдарын кабьш алуу үчүн приставкаларды (ресиверлерди) сатьш алууда мамлекеттик колдоого муктаж болгон Кыргыз Республикасынын чек ара жанындагы аймактарында жашаган социалдык аялуу үй-бүлөлөрдүн тизмесин даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жиберсин.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карашуу Мамлекеттик байланыш агенттиги менен бирге приставкалардын (ресиверлердин) техникалык мүнөздөмөсүнө карата талаптарды аныктасын;
- «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык приставкаларды (ресиверлерди) сатып алууга 20 млн сом жумшасын
- сатып алынган приставкалардын (ресиверлердин) Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин балансына, кийин Кыргыз Республикасынын чек ара жанындагы аймактарында жашаган социалдык аялуу үй-бүлөлөрдүн арасында бөлүштүрүү менен өткөрүлүп берилишин камсыздасын.
5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Кыргыз Республикасыньн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул буйруктун 2 жана 4-пункттарында аталган бюджеттик каражаттарды өздөштүрүү үчүн акцияларынын контролдук пакети мамлекетке таандык болгон банктардын биринде аккредитив ачышсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-октябрындагы № 454-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 11 -пункт менен толукталсын:
«11. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү үчүн бөлүнгөн каражаттарды которууга акцияларынын контролдук пакети мамлекетке таандык болгон банктардын биринде аккредитив ачсын.».
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратыньш региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|
1-тиркеме
№ | Социалдык пакеттин телеканалдарын ээлеген телерадиоуюмдары | Социалдык пакеттин телеканал-дарынын тематикалык багыты | Бөлүнүучү сумма, млн сом |
1 | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) | Коомдук-маалыматтык | 6,43 |
2 | Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү-ЭлТР» телерадиоберуү компаниясы | Коомдук-маалыматтык | 6,43 |
3 | Мамлекеттер аральык «МИР» телерадиокомпаниясынын улуттук филиалы | Коомдук-маалыматтык | 6,43 |
4 | «5-канал» жабык акционердик коому | Коомдук-маалыматтык | 6,43 |
5 | Кыргыз Республикасыньш Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) | Балдар-өспүрүмдөр телеканалы (Баластан) | 6,43 |
6 | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) | Маданий-агартуу телеканалы (Маданият) | 6,43 |
7 | «Медиа-холдинг Пирамида» жоопкерчилиги чектелген коому | Социалдык телеканал | 6,43 |
|
| БАРДЫГЫ | 45 |
2-тиркеме
№ | Социалдык пакетке киргизилген облустук жана облустар аралык маанидеги телерадиоуюмдарынын аталышы | Социалдык пакеттин телеканалынын тематикалык багыты | Бөлүнүүчү сумма, млн сом |
1 | Баткен облустук телерадиокомпаниясы | Региондук коомдук-маалыматтык телеканал (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | 5 |
2 | Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясы | 5 | |
3 | Ысык-Көл облустук телерадиокомпаниясы | 5 | |
4 | Нарын облустук телерадиокомпаниясы | 5 | |
5 | Талас облустук телерадиокомпаниясы | 5 | |
6 | Чүй облустук «Сары-Өзөн» телерадиокомпаниясы | 5 | |
7 | Коомдук региондук «Ынтымак» телерадиокомпаниясы | 5 | |
|
| БАРДЫГЫ | 35 |