Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 16-декабры № 575-б
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 10-октябрындагы № 75 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык союзунун түзүлүшүн эске алуу менен Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралардын планын ("жол картасын") жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Евразия экономикалык союзунун түзүлүшүн эске алуу менен Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралардын планын ("жол картасын") (мындан ары - Иш чаралар планы) жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын жүзөгө ашырууга катышкан Кыргыз Республикасынын министрликтери жана администрациялык ведомстволору:
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө милдеттүү түрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;
- Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу боюнча ведомстволук пландарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте бекитишсин;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты ар айдын 25ине чейин жөнөтүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ар айдын 30уна чейинки мөөнөттө Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Дж.Оторбаев |
Тиркеме
№ | Иш-чаранын аталышы | Аткаруучу | Аткаруу мөөнөтү | ||||
I. Маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыздоо чөйрөсүндө (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимдин (мындан ары - Келишим) 23-беренеси жана ага № 3 тиркеме) | |||||||
1 | Евразия экономикалык союзунун интеграциялык маалыматтык тутумунун (мындан ары тиешелүү түрдө - Союз, интеграциялык тутум) улуттук сегментин түзүүгө ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органын аныктоо | ТКМ | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
2 | Электрондук өкмөттүн тутумун өнүктүрүүнүн, электрондук түрдөгү ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн абалы жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын алардын иштөөсү үчүн жооптуу жана аларды пайдаланууну, өнүктүрүүнү камсыз кылуучу мамлекеттик органдары жөнүндө маалыматтарды даярдоо жана Евразия экономикалык комиссиясына жана Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин (Союздун) мүчө мамлекеттерине (мындан ары - мүчө мамлекеттер) берүү | ТКМ ЭМ МКК МУКК ФМ | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
3 | Союздун алкагында жалпы процесстерди ишке ашырууда талаптары эске алынышы керек болгон ченемдик жана башка документтерди талдоо | ТКМ ЭМ МКК | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
4 | Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге Союздун алкагында жалпы процесстерди ишке ашырууда маалыматтык өз ара аракеттенүүгө катышуучу болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары жөнүндө, анын ичинде колдонулуучу маалыматтык тутумдар жана аларда пайдаланылган маалымдамалар жана классификаторлор жөнүндө маалыматтарды даярдоо жана берүү | ТКМ ЭМ МКК | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
5 | Союздун, ошондой эле интеграцияланган тутумдун Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин алкагында жалпы процесстерди ишке ашырууда маалыматтык өз ара аракеттенүүгө катышуучу болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын мамлекеттик маалыматтык ресурстарын жана маалымат тутумдарын түзүү, өнүктүрүү жана иштөөсүн камсыздоо боюнча иштерди каржылоону камсыз кылуу | ФМ ТКМ ЭМ МКК | 2015-жылдын 1-июлуна чейин | ||||
6 | Электрондук түрдө маалыматты документтөөнүн жалпы инфратүзүмүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик компонентинин операторун аныктоо | ТКМ ЭМ МКК | 2015-жылдын 1-январы | ||||
7 | Кыргыз Республикасынын ишеним берилген үчүнчү тарабынан операторду аныктоо | ТКМ ЭМ МКК | 2015-жылдын 1-январы | ||||
8 | Евразия экономикалык комиссиясы бекитүүчү пландарга ылайык интеграциялык тутумду түзүүгө, иштешин камсыз кылууга жана өнүктүрүүгө катышуу | ТКМ ЭМ МКК | 2015-жылдын 1-январы | ||||
II. Макроэкономика чөйрөсүндө (Келишимдин 62 жана 63-беренелери жана ага № 14 тиркеме) | |||||||
1. Мүчө мамлекеттерди социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү расмий божомолдоону иштеп чыгууда колдонулуучу тышкы параметрлердин аралыктык сандык маанилерин макулдашуунун тартибин ишке ашыруу (Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2012-жылдын 11-декабрындагы № 269 чечими) | |||||||
9 | Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге экономикалык өнүктүрүүнү расмий улуттук божомолдоону иштеп чыгууда колдонулуучу божомолдордун тышкы параметрлери жөнүндө маалыматтарды берүү | ЭМ ФМ КРУБ (макулдашуу боюнча) УСК (макулдашуу боюнча) | 2014-жылдын 10-ноябрына чейин | ||||
10 | Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн расмий орто мөөнөттүү божомолунун параметрлерин мүчө мамлекеттерди социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн божомолдорунун тышкы параметрлеринин кабыл алынган аралыктык сандык маанилерине шайкеш келтирүү | ЭМ ФМ КРУБ (макулдашуу боюнча) УСК (макулдашуу боюнча) | Кошулган күндөн 1 ай өткөндөн кийин | ||||
2. Макулдашылган макроэкономикалык саясатты жүргүзүү максатында мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен Евразия экономикалык комиссиясынын ортосундагы маалымат алмашуунун тартибин ишке ашыруу (Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2012-жылдын 11-декабрындагы № 270 чечими) | |||||||
11 | Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге орто мөөнөттүү мезгилге социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн божомолдору (программалары) жөнүндө жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү (5 жылдан жогору) программалары (пландары, стратегиялары, концепциялары), экономикалык өнүктүрүү жана макроэкономикалык саясат чөйрөсүндөгү аракеттердин жана чаралардын пландары (концепциялары, стратегиялары) жөнүндө маалыматтарды берүү | ЭМ ФМ КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2015-жылдын 1-апрелине чейин | ||||
12 | Макроэкономикалык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, анын ичинде бюджеттик, салык жана акча-насыялык саясат чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле экономикалык кырдаалды турукташтырууга жана экономикалык өнүктүрүүнүн туруктуулугун жогорулатууга багытталган ченемдик укуктук актылардын тизмегин аныктоо жана Евразия экономикалык комиссиясына берүү | ЭМ ФМ КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2015-жылдын 1-апрелине чейин | ||||
13 | Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге Келишимдин 5 жана 6-пункттарында жана № 14 тиркемеде каралган интеграциялык өз ара аракеттенүү даражасын, экономиканы өнүктүрүү деңгээлин жана динамикасын аныктаган макроэкономикалык көрсөткүчтөр жөнүндө маалыматтарды берүү (көрсөткүчтөр боюнча маалыматтар 2000-2014-жылдар үчүн берилет) | ЭМ ФМ КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
3. Мүчө мамлекеттерди экономикалык өнүктүрүүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү эсептөөнүн методикаларын ишке ашыруу (Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2013-жылдын 25-июнундагы № 144 чечими) | |||||||
14 | Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге бюджеттин жана мамлекеттик карыздын түзүмүн, ошондой эле инфляцияны эсептөөдө колдонулуучу керектөө себетинин түзүмүн баяндоону камтыган материалдарды берүү | ФМ ЭМ КРУБ (макулдашуу боюнча) УСК (макулдашуу боюнча) | 2015-жылдын 1-апрелине чейин | ||||
15 | Евразия экономикалык комиссиясына Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2013-жылдын 25-июнундагы № 144 чечими менен бекитилген Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттерди экономикалык өнүктүрүүнүн туруктуулугун аныктоочу Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү эсептөөнүн методикасына ылайык эсептелген экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөр жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле мамлекеттик башкаруу секторунун бириктирилген бюджетинин операцияларынын түзүмү, мамлекеттик башкаруу секторунун финансылык активдери менен операциялардын жана мамлекеттик башкаруу секторунун карызынын түзүмү жөнүндө маалыматтарды берүү (аталган маалыматтар 2012-2014-жылдар үчүн ар квартал жана жыл сайын берилет. Ички дүң продуктунун көлөмүн акыркы баалоо жок болгон учурда эсептөө алдын ала маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт) | ЭМ ФМ КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2015-жылдын 1-апрелине чейин | ||||
16 | Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге Келишимдин 63-беренесинде каралган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсептелген экономикалык өнүктүрүүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөр жөнүндө маалыматтарды берүү (аталган маалыматтар 2000-2014-жылдар үчүн ар квартал жана жыл сайын берилет. Ички дүң продуктунун көлөмүн акыркы баалоо болбогон учурда эсептөө алдын ала маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт) | ЭМ ФМ КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
17 | Экономикалык өнүктүрүүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн сандык маанилери Кыргыз Республикасы тарабынан жогорулатылган учурда экономикалык кырдаалды турукташтырууга багытталган чараларды ишке ашыруу (Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2014-жылдын 25-июнундагы № 93 чечими) | ЭМ ФМ КРУБ (макулдашуу боюнча) | Кошулгандан кийин | ||||
18 | 2014-2015-жылдарга Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарын Кыргыз Республикасынын ишке ашыруусу боюнча иш-чаралардын тизмегине сунуштарды даярдоо, Евразия экономикалык комиссиясы Кыргыз Республикасы менен биргеликте, иш-чаралардын тизмегин мүчө мамлекеттерге берүү | ЭМ ФМ КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2014-жылдын 10-ноябрына чейин | ||||
19 | Евразия экономикалык комиссиясына жалпысынан Бажы союзун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн ар жылдык божомолдору Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыгуусу үчүн колдонулуучу экономикалык көрсөткүчтөр жөнүндө маалыматтарды берүү (макулдашылган тизме боюнча) (аталган маалымат 2000-2014-жылдар үчүн берилет) | ЭМ ФМ КРУБ (макулдашуу боюнча) УСК (макулдашуу боюнча) | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
20 | Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын кошулуу жана Келишимдин XIII бөлүмүнүн жоболорун жана ага № 14 тиркемени, ошондой эле ушул планды макулдашылган макроэкономикалык саясатка тиешелүү бөлүгүндө ишке ашыруу маселелери боюнча консультацияларды өткөрүү | ЭМ ФМ КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
III. Валюта саясаты чөйрөсүндө (Келишимдин 64-беренеси жана ага № 15 тиркеме) | |||||||
21 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, валюталык саясат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын үчүнчү өлкөлөр менен түзүлгөн эл аралык келишимдеринин ченемдери Евразия экономикалык союзун түзүүнү эске алуу менен Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына алардын шайкеш келишине талдоо жүргүзүү жана Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктарын тиешелүү түрдө берүү | ФМ КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
22 | Валюталык саясат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына Союзду түзүүнү эске алуу менен Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына аларды шайкеш келтирүү үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү жана киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге маалымдоо | ФМ КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2015-жылдын 1-январы (зарылдыгына жараша) | ||||
23 | 2010-жылдын 9-декабрындагы Валюталык саясаттын макулдашылган принциптери жөнүндө макулдашуунун мүчө мамлекеттеринин 2011-жылдын 12-декабрында кол коюлган Макулдашылган валюталык саясат жөнүндө келишимге кошулуусу жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын аталган Келишимге шайкеш келтирүү | ФМ КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2015-жылдын 1-январы | ||||
IV. Кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу, инвестицияларды уюштуруу, иштөөсү жана жүзөгө ашыруу чөйрөсүндө (Келишимдин 65-69-беренелери жана ага № 16 тиркеме) | |||||||
24 | Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдеринин Келишимдин XV бөлүмүнө жана ага тиркелген № 16 тиркемеге шайкеш келүүсүнө талдоо жүргүзүү жана ушул талдоонун жыйынтыктарын Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге берүү | ЭМ ТКМ ФМ ССМ ЮМ ЭМЖМ АЧММ ММТМ БИМ ЭӨМ МБА МКК Кыргызпатент КРУБ (макулдашуу боюнча) УСК (макулдашуу боюнча) Ветинспекция | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
25 | Кыргыз Республикасы тарабынан үчүнчү тарап менен түзүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу, инвестицияларды уюштуруу, иштөөсү жана жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерге, ошондой эле Дүйнөлүк соода уюмунун (мындан ары - ДСУ) алкагындагы Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерине талдоо жүргүзүү жана ушул талдоонун жыйынтыктарын Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге берүү | ЭМ ТКМ ФМ ССМ ЭМЖМ АЧММ ММТМ БИМ ЭӨМ МБА МКК Кыргызпатент КРУБ (макулдашуу боюнча) УСК (макулдашуу боюнча) Ветинспекция | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
26 | Евразия экономикалык комиссиясына иштин бардык секторлоруна жана түрлөрүнө карата мүчө мамлекеттер сактаган "горизонталдык" чектөөлөрдүн тизмегине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын "горизонталдык" чектөөлөрүнүн тизмеги боюнча сунуштарды даярдоо жана берүү (Келишимдин № 16 тиркемесине № 2 тиркеме) | ЭМ ТКМ ФМ ССМ ЭМЖМ АЧММ ММТМ БИМ ЭӨМ МБА МКК Кыргызпатент КРУБ (макулдашуу боюнча) УСК (макулдашуу боюнча) Ветинспекция | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
27 | Консультацияларды өткөрүү жана аларды өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча иштин бардык секторлоруна жана түрлөрүнө карата Кыргыз Республикасы сактаган "горизонталдык" чектөөлөрдүн тизмегин аныктоо (Келишимдин № 16 тиркемесине № 2 тиркеме) | ЭМ ТКМ ФМ ССМ ЭМЖМ АЧММ ММТМ БИМ ЭӨМ МБА МКК Кыргызпатент КРУБ (макулдашуу боюнча) УСК (макулдашуу боюнча) Ветинспекция | 2015-жылдын 1-январы | ||||
28 | Келишимдин № 16 тиркемесинин 15-17, 23, 26, 28, 31, 33 жана 35-пункттарында каралган чектөөлөрдүн, алып коюулардын, кошумча талаптардын жана шарттардын жеке улуттук тизмегин түзүү боюнча сунуштарды даярдоо жана Евразия экономикалык комиссиясына берүү | ЭМ ТКМ ФМ ССМ ЮМ ЭМЖМ АЧММ ММТМ БИМ ЭӨМ МБА МКК Кыргызпатент КРУБ (макулдашуу боюнча) УСК (макулдашуу боюнча) Ветинспекция | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
29 | Консультацияларды өткөрүү жана аларды өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча Келишимдин № 16 тиркемесинин 15-17, 23, 26, 28, 31, 33 жана 35-пункттарында каралган чектөөлөрдүн, алып коюулардын, кошумча талаптардын жана шарттардын жеке улуттук тизмегин аныктоо | ЭМ ТКМ ФМ ССМ ЮМ ЭМЖМ АЧММ ММТМ БИМ ЭӨМ МБА МКК Кыргызпатент КРУБ (макулдашуу боюнча) УСК (макулдашуу боюнча) Ветинспекция | 2015-жылдын 1-январы | ||||
30 | Келишимге № 16 тиркеменин 40-пунктунда каралган кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун эрежелериндеги кызмат көрсөтүү секторлорунун тизмеги боюнча сунуштарды даярдоо жана Евразия экономикалык комиссиясына берүү | ЭМ ТКМ ФМ ССМ ЭМЖМ АЧММ ММТМ БИМ ЭӨМ МБА МКК Кыргызпатент КРУБ (макулдашуу боюнча) УСК (макулдашуу боюнча) Ветинспекция | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
31 | Консультацияларды өткөрүү жана аларды өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча Келишимдин № 16 тиркемесинин 40-пунктунда каралган кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун эрежелериндеги кызмат көрсөтүү секторлорунун тизмегин аныктоо | ЭМ ТКМ ФМ ССМ ЭМЖМ АЧММ ММТМ БИМ ЭӨМ МБА МКК Кыргызпатент КРУБ (макулдашуу боюнча) УСК (макулдашуу боюнча) Ветинспекция | Евразия экономикалык комиссиясы ушул Пландын 30-пунктунда аталган сунуштарды алган күндөн 2 ай өткөндөн кийин | ||||
32 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү либералдаштыруу пландарына ылайык жүзөгө ашырылуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн секторлорунун (чакан секторлорунун) тизмеги боюнча сунуштарды даярдоо жана Евразия экономикалык комиссиясына берүү (өткөөл мезгилдин ичинде) | ЭМ ТКМ ФМ ССМ ЭМЖМ АЧММ ММТМ БИМ ЭӨМ МБА МКК Кыргызпатент КРУБ (макулдашуу боюнча) УСК (макулдашуу боюнча) Ветинспекция | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
33 | Консультацияларды өткөрүү жана аларды өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча либералдаштыруу пландарына ылайык жүзөгө ашырылуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн секторлорунун (чакан секторлорунун) тизмегин аныктоо (өткөөл мезгил ичинде) | ЭМ ТКМ ФМ ССМ ЭМЖМ АЧММ ММТМ БИМ ЭӨМ МБА МКК Кыргызпатент КРУБ (макулдашуу боюнча) УСК (макулдашуу боюнча) Ветинспекция | Евразия экономикалык комиссиясы ушул Иш-чаралар планынын 32-пунктунда аталган сунуштарды алган күндөн 2 ай өткөндөн кийин | ||||
V. Финансы рынокторунун чөйрөсүндө (Келишимдин 70-беренеси жана ага № 17 тиркеме) | |||||||
34 | Кыргыз Республикасынын финансы рынокторунун чөйрөсүндөгү мыйзам ченемдеринин Келишимдин XVI бөлүмүнө жана ага тиркелген № 17 тиркемеге шайкеш келишин талдоо жана бул талдоолордун жыйынтыктарын мүчө мамлекеттерге берүү | МФК ФМ КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2014-жылдын 10-ноябрына чейин | ||||
35 | Кыргыз Республикасы тарабынан үчүнчү тарап менен түзүлгөн кызмат көрсөтүүлөр жана инвестициялар чөйрөсүндөгү эки тараптуу эл аралык келишимдерин, Кыргыз Республикасынын ДСУнун алкагындагы милдеттерин жана алардын Келишимдин XVI бөлүмүнө жана анын № 17 тиркемесине шайкеш келишин талдоо жана ушул талдоолордун жыйынтыктарын Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге берүү | МФК ФМ ЭМ КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2014-жылдын 10-ноябрына чейин | ||||
36 | Финансылык кызмат көрсөтүүлөр боюнча протоколдун (Келишимге № 17 тиркеме) 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан улуттук режим берилген жана 10-пунктуна ылайык (аталган Протоколго № 1 тиркеме) милдеттенмелер кабыл алынган секторлордун тизмеги боюнча сунуштарды даярдоо жана Евразия экономикалык комиссиясына берүү | МФК ФМ ЭМ КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2014-жылдын 10-ноябрына чейин | ||||
37 | Консультацияларды өткөрүү жана Финансылык кызмат көрсөтүүлөр боюнча протоколдун 4-пунктуна (Келишимге № 17 тиркеме) ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан улуттук режим берилген жана 10-пунктка (аталган Протоколдун) ылайык милдеттенмелер кабыл алынган секторлордун тизмеги боюнча милдеттер кабыл алынган секторлордун тизмегин аныктоо | МФК ФМ ЭМ КРУБ (макулдашуу боюнча) | Евразия экономикалык комиссиясы ушул Иш-чаралар планынын 36-пунктунда аталган сунуштарды алган күндөн 2 ай өткөндөн кийин | ||||
38 | Уюштурууга жана (же) ишине карата Кыргыз Республикасы сактаган чектөөлөрдүн тизмеги боюнча сунуштарды даярдоо жана Евразия экономикалык комиссиясына берүү (Финансылык кызмат көрсөтүүлөр боюнча протоколдун 6 жана 11-пункттары боюнча чектөөлөр (Келишимдин № 17 тиркемесине)) | МФК ФМ ЭМ КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2014-жылдын 10-ноябрына чейин | ||||
39 | Консультацияларды өткөрүү, уюштурууга жана (же) ишине карата Кыргыз Республикасы сактаган чектөөлөрдүн тизмегин аныктоо (Финансылык кызмат көрсөтүүлөр боюнча протоколдун 6 жана 11-пункттары боюнча чектөөлөр (Келишимдин № 17 тиркемесине)) | МФК ФМ ЭМ КРУБ (макулдашуу боюнча) | Евразия экономикалык комиссиясы ушул пландын 38-пунктунда аталган сунуштарды алган күндөн 2 ай өткөндөн кийин | ||||
VI. Атаандаштык саясат чөйрөсүндө (Келишимдин 74-77-беренелери жана ага № 19 тиркеме) | |||||||
40 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин атаандаштык (монополияга каршы) саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу жөнгө салуучу жана контролдоочу органдарын аныктоо | ЭМ МКЖА | 2014-жылдын 10-ноябрына чейин | ||||
41 | Союзду түзүүнү эске алуу менен Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына шайкеш келүүсүнө карата атаандаштык (монополияга каршы) саясат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин талдоо жана ушул талдоонун жыйынтыктарын Евразия экономикалык комиссиясына берүү | ТКМ МКЖА ТКМнын алдындагы ЖАА "ЭМА" ААК (макулдашуу боюнча) "Кыргыз темир жолу" Улуттук корпорациясы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "КТЖ" УК" МИ) ЭМ | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
42 | Кыргыз Республикасынын атаандаштык (монополияга каршы) саясат чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын өзгөртүү киргизүүнү талап кылуучу же болбосо аларды ушул чөйрөдөгү мыйзамдарга шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү чараларды жүзөгө ашыруунун ырааттуулугун жана этаптуулугун аныктоо менен Союзду түзүүнү эске алып, аларды Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү үчүн жоюу талап кылынган тизмегин аныктоо жана Евразия экономикалык комиссиясына берүү | ТКМ МКЖА "ЭМА" ААК (макулдашуу боюнча) "КТЖ" УК" МИ ЭМ | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
43 | Кыргыз Республикасынын атаандаштык (монополияга каршы) саясат чөйрөсүндөгү тиешелүү ченемдик укуктук актыларын Союзду түзүүнү эске алуу менен Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү жана өзгөртүлгөн киргизүүлөр жөнүндө Европа экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге маалымдоо | ТКМ МКЖА ТКМнын алдындагы ЖАА МЭ | 2015-жылдын 1-январы | ||||
44 | Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү менен атаандаштык (монополияга каршы) саясат чөйрөсүндө консультацияларды өткөрүү | ЭМ ТКМ МКЖА ТКМнын алдындагы ЖАА "ЭМА" ААК (макулдашуу боюнча) "КТЖ" УК" МИ | 2014-жылдын 10-ноябрына чейин | ||||
45 | Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2013-жылдын 24-октябрындагы № 50 чечими менен бекитилген "Атаандаштык жөнүндө" моделдик Мыйзамдын жоболорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында колдонуу жөнүндө маалыматты Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге берүү | МЭ ТКМ МКЖА | 2014-жылдын 10-ноябрына чейин | ||||
VII. Табигый монополиялар чөйрөсүндө (Келишимдин 78-беренеси жана ага № 20 тиркеме) | |||||||
46 | Табигый монополиялар чөйрөсүндө Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле табигый монополиянын субъекттеринин ишин жөнгө салууга жана (же) контролдоого ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органын аныктоо | МКЖА | 2014-жылдын 10-ноябрына чейин | ||||
47 | Табигый монополиялар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин Евразия экономикалык союзун түзүүнү эске алуу менен Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына шайкеш келүүсүнө карата талдоо жүргүзүү жана ушул талдоонун жыйынтыктарын мүчө мамлекеттерге берүү | ЭМ ТКМ МБА ЭӨМ МКЖА "ЭМА" ААК (макулдашуу боюнча) "КТЖ" УК" МИ | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
48 | Ушул чөйрөдөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү чараларды жүзөгө ашыруунун ырааттуулугун аныктоо менен Евразия экономикалык союзун түзүүнү эске алып, Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына аларды шайкеш келтирүү үчүн өзгөртүү киргизүүнү талап кылган табигый монополиялар субъекттеринин иштерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тизмегин аныктоо жана мүчө мамлекеттерге берүү | ЭМ ТКМ ЭӨМ МКЖА ТКМнын алдындагы ЖАА "ЭМА" ААК (макулдашуу боюнча) "КТЖ" УК" МИ | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
49 | Табигый монополиялар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына Евразия экономикалык союзун түзүүнү эске алуу менен Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына аларды шайкеш келтирүү үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү жана киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге маалымдоо | ЭМ ТКМ ЭӨМ МКЖА "ЭМА" ААК (макулдашуу боюнча) "КТЖ" УК" МИ | 2015-жылдын 1-январы | ||||
VIII. Энергетика чөйрөсүндө (Келишимдин 79-85-беренелери жана ага № 21-23 тиркемелер) | |||||||
50 | Энергетика чөйрөсүндө Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органын аныктоо | ЭӨМ | 2014-жылдын 1-ноябрына чейин | ||||
51 | Энергетика чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мүчө мамлекеттер менен түзүлгөн макулдашууларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин мүчө мамлекеттердин чарба жүргүзүүчү субъекттери менен түзгөн келишимдерин (контракттарын) жана алардын Кыргыз Республикасы кошулгандан кийин энергетика чөйрөсүнө тийгизген таасирин талдоо | ЭӨМ | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
52 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын үчүнчү мамлекеттер менен түзгөн энергетика чөйрөсүндөгү эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин үчүнчү өлкөлөрдүн чарба жүргүзүүчү субъекттери менен түзгөн келишимдеринин (контракттарынын) ченемдерин жана алардын Кыргыз Республикасы кошулгандан кийин энергетика чөйрөсүнө тийгизген таасирин талдоо | ЭӨМ | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
53 | Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу уюмдарынын электр энергетика чөйрөсүндөгү табигый монополиялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө жетишин камсыз кылуунун шарттарын талдоо | ЭӨМ МКЖА | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
54 | Мүчө мамлекеттердин ортосундагы электр энергиясын (кубаттуулукту) мамлекеттер аралык берүүнү жүзөгө ашыруу методологиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо (Келишимдин № 21 тиркемесине тиркеме) | ЭӨМ | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
55 | Ушул чөйрөдөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү чараларды жүзөгө ашыруунун ырааттуулугун жана этаптуулугун аныктоо менен Союзду түзүүнү эске алып, Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган Кыргыз Республикасынын энергетика чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын тизмегин аныктоо жана мүчө мамлекеттерге берүү | ЭӨМ | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
56 | Кыргыз Республикасынын энергетика чөйрөсүндөгү тиешелүү ченемдик укуктук актыларына Союзду түзүүнү эске алуу менен аларды Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү жана киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө Бирдиктүү экономикалык комиссияга жана мүчө мамлекеттерге маалымдоо | ЭӨМ | 2015-жылдын 1-январы | ||||
57 | Кыргыз Республикасынын кошулуусун эске алуу менен энергетика маселелери боюнча мүчө мамлекеттер жүзөгө ашыруучу иш-чараларды актуалдаштыруу боюнча сунуштарды аныктоо жана Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге берүү | ЭӨМ | 2015-жылдын 1-январы | ||||
58 | Энергетика чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрүү | ЭӨМ МКЖА | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
IX. Транспорт жана инфратүзүм чөйрөсүндө (Келишимдин 86-87-беренелери жана ага № 24 тиркеме) | |||||||
59 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын үчүнчү өлкөлөр менен түзүлгөн транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларынын ченемдерин талдоо жана Кыргыз Республикасы кошулгандан кийин транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүнө алардын тийгизген таасирин талдоо | ТКМ | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
60 | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын ушул чөйрөдөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү чараларды жүзөгө ашыруунун ырааттуулугун жана этаптуулугун аныктоо менен аларды Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган тизмегин аныктоо жана мүчө мамлекеттерге берүү | ТКМ ТКМнын алдындагы ЖАА "ЭМА" ААК (макулдашуу боюнча) "КТЖ" УК" МИ | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
61 | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү тиешелүү ченемдик укуктук актыларына Евразия экономикалык союзун түзүүнү эске алуу менен аларды Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү жана киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө Бирдиктүү экономикалык комиссияга жана мүчө мамлекеттерге маалымдоо | ТКМ | 2015-жылдын 1-январы | ||||
62 | Мүчө мамлекеттердин транспорттук (автомобилдик) контролдоо органдарынын жана Кыргыз Республикасынын маалыматтарды алмашуу боюнча иш-чараларын камсыз кылуу | ТКМ | 2015-жылдын 1-июлуна чейин | ||||
63 | Темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнө, тарифтик саясаттын негиздерин кошкондо жетүүнү жөнгө салуу тартибин ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу органды аныктоо (Келишимдин № 24 тиркемесине № 2 тиркеме) жана тиешелүү маселелер боюнча консультацияларды өткөрүү | ТКМ "КТЖ" УК" МИ МКЖА | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
64 | Каттамдардын түрлөрү менен жүктөрдү ташуу боюнча темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнө бир түргө келтирилген тарифтерди (экспорттук, импорттук жана ички мамлекеттик тарифтерди) этап менен колдонуу | ТКМ "КТЖ" УК" МИ МКЖА | 2017-жылдын 1-январына чейин | ||||
65 | Темир жол транспортунун уюмдарына баалардын чегинде жүктөрдү ташуу боюнча темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин деңгээлин өзгөртүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу укугун берүү | ТКМ "КТЖ" УК" МИ МКЖА | 2017-жылдын 1-январы | ||||
X. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө (Келишимдин 88-беренеси жана ага № 25 тиркеме) | |||||||
66 | Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар маселеси боюнча мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары жана Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органын аныктоо | ФМ | 2014-жылдын 10-ноябрына чейин | ||||
67 | Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар чөйрөсүндө Союзду түзүүнү эске алуу менен Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына төмөнкүлөрдүн шайкештигин талдоо: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алууларынын веб-порталынын иштөө шарттарынын, электрондук мамлекеттик сатып алууларды колдонуу эрежелеринин | ФМ | 2014-жылдын 10-декабрына чейин | ||||
68 | Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар чөйрөсүндө Союзду түзүүнү эске алуу менен Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү үчүн, анын ичинде мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар чөйрөсүндө улуттук режимди киргизүү үчүн өзгөртүү киргизүү же болбосо жоюуну талап кылган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тизмегин аныктоо | ФМ | 2014-жылдын 1-ноябрына чейин | ||||
69 | Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Союзду түзүүнү эске алуу менен Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү | ФМ | Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү зарыл болгон Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тизмегин аныктоо боюнча талдоо аяктагандан кийин 6 айдын ичинде | ||||
70 | Электрондук санариптик кол коюуну колдонуу менен электрондук мамлекеттик сатып алууларды практикага киргизүү | ФМ | 2017-жылдын 1-январына чейин | ||||
71 | Мүчө мамлекеттер үчүн мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүнө улуттук режимди киргизүү | ФМ | 2017-жылдын 1-январына чейин | ||||
XI. Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө | |||||||
1. 2010-жылдын 21-майындагы Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин интеллектуалдык менчик объекттеринин бирдиктүү бажы реестри жөнүндө макулдашууга кошулуу | |||||||
72 | Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин интеллектуалдык менчик объекттеринин бирдиктүү бажы реестрин киргизүү маселеси боюнча мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары жана Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органын аныктоо | МБК | 2014-жылдын 10-ноябры | ||||
73 | 2010-жылдын 21-майындагы Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин интеллектуалдык менчик объекттеринин бирдиктүү бажы реестри жөнүндө макулдашууга кошулуу үчүн бул чөйрөдөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү чараларды ишке ашыруунун ырааттуулугун жана этаптарын белгилөө менен өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тизмесин аныктоо жана Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге берүү | МБК | 2014-жылдын 10-декабры | ||||
74 | 2010-жылдын 21-майындагы Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин интеллектуалдык менчик объекттеринин бирдиктүү бажы реестри жөнүндө макулдашууга кошулуу үчүн интеллектуалдык менчикти коргоо жана сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге маалымдоо | МБК | 2015-жылдын 1-январы | ||||
75 | Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин интеллектуалдык менчик объекттеринин бирдиктүү бажы реестрин жүргүзүү боюнча өз ара аракеттенүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрүү | МБК | Зарылдыгына жараша | ||||
76 | Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин интеллектуалдык менчик объекттеринин бирдиктүү бажы реестрине интеллектуалдык менчик объекттерин киргизүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын бизнес-коомдоштугу менен консультацияларды өткөрүү | МБК | Зарылдыгына жараша | ||||
2. Интеллектуалдык менчик (Келишимдин 89-91-беренелери жана ага № 26 тиркеме) | |||||||
77 | Кыргыз Республикасы катышуучу болгон интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдердин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин талдоо жана бул талдоонун натыйжаларын Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге берүү | Кыргызпатент | 203 4-жылдын 10-ноябры | ||||
78 | Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимдин 90-беренесинде аталган интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө негиз болуучу эл аралык келишимдерге Кыргыз Республикасынын катышуусу тууралуу Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге маалымдоо | Кыргызпатент | 2014-жылдын 10-ноябры | ||||
79 | Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылына турган интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тизмегин, аларды Союздун түзүлүшүн эске алуу менен Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү үчүн бул чөйрөдөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү чараларды ишке ашыруунун ырааттуулугун, этаптуулугун аныктоо менен Евразия экономикалык комиссиясына, мүчө мамлекеттерге берүү | Кыргызпатент | 2014-жылдын 10-декабры | ||||
80 | Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларын Союзду түзүүнү эске алуу менен Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына ылайык келтирүү үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү жана киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу Евразия экономикалык комиссиясына маалымат берүү | Кыргызпатент | 2015-жылдын 1-январы | ||||
81 | Келишимди өнүктүрүүдө (Келишимдин XXIII бөлүмү жана ага № 26 тиркеме) иштелип чыккан төмөнкү эл аралык келишимдердин долбоорлорун талкуулоого Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн катышуусу: - Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттердин аймагында товардык белги, тейлөө белгилери жана товардын чыккан жеринин аталышы жөнүндө келишим; - Интеллектуалдык менчик объекттерге укуктарды коргоо боюнча иш-аракеттерди координациялоо жөнүндө келишим; - Жамааттык негизде автордук жана чектеш укуктарды башкаруунун бирдиктүү тартиби жөнүндө макулдашуу | Кыргызпатент | 2014-2015-жылдар | ||||
82 | Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө ДСУнун алкагында Кыргыз Республикасынын милдеттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын үчүнчү өлкөлөр менен (анын ичинде KMШ алкагында) түзүлгөн эл аралык келишимдеринде каралган Кыргыз Республикасынын милдеттерин талдоо жана Евразия экономикалык комиссиясына талдоонун жыйынтыктарын берүү | Кыргызпатент | 2014-жылдын 10-декабры | ||||
83 | Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын, бизнес-коомдоштугунун өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрүү | Кыргызпатент | 2015-жылдын 1-январы (зарылдыгына жараша) | ||||
XII. Өнөр жай чөйрөсүндө (Келишимдин 92 жана 93-беренелери жана ага № 27 жана 28-тиркемелер) | |||||||
84 | Келишимдин 93-беренесинин жоболорун жана анын № 28 тиркемесин ишке ашырууга ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органын, ошондой эле Келишимдин 93-беренесинин жоболорунун жана анын № 28 тиркемесинин башка мүчө мамлекеттердин аймактарында берилүүчү субсидияларга шайкештигин иликтөөгө ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органын аныктоо | ЭӨМ ЭМ ФМ | 2014-жылдын 10-ноябры | ||||
85 | Өнөр жайдын өнүгүүсүнүн улуттук артыкчылыгын, Келишимдин 92-беренесинин жоболорун эске алуу менен өнөр жайдагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин иштеп чыгуу максатында экономикалык иштин артыкчылыктуу түрлөрүн аныктоо максатында өнөр жай чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын программалык документтерин жана колдонуудагы стратегияларын талдоо | ЭӨМ ФМ АЧММ МКЖА | 2015-жылдын 10-марты | ||||
86 | Кыргыз Республикасынын потенциалын эске алуу менен экономиканын айрым секторлорунда Кыргыз Республикасынын жана мүчө мамлекеттердин өнөр жай кызматташтыгынын өнүгүүсүнүн багыттарын аныктоо жана өнөр жай кооперациясын тереңдетүү максатында Кыргыз Республикасынын жана мүчө мамлекеттердин өнөр жай секторлорундагы кооперациялык байланыштарды талдоо | ЭӨМ ФМ АЧММ МКЖА | 2014-жылдын 10-декабры | ||||
87 | Өнөр жай чөйрөсүндөгү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрүү | ЭӨМ ФМ АЧММ МКЖА | 2015-жылдын 1-январы | ||||
88 | Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 15-апрелиндеги субсидиялар жана компенсациялык чаралар боюнча Дүйнөлүк соода уюмунун макулдашуусуна ылайык өнөр жай субсидияларына карата милдеттенмелерди ишке ашыруу жагындагы тажрыйбасы менен таанышуу | ЭӨМ ФМ АЧММ ЭМ МКЖА | 2014-жылдын 10-декабры | ||||
89 | Өнөр жайды субсидиялоо жагындагы Кыргыз Республикасынын программалык документтерин жана колдонуудагы стратегияларын талдоо, анын ичинде: - аларды ишке ашыруу эрежелери жана тартиби; - Кыргыз Республикасынын ДСУнун алкагындагы милдеттенмелерин Келишимдин 93-беренесинде жана анын № 28 тиркемесинде каралган мүчө мамлекеттердин милдеттенмелерине салыштыруу жана талдоонун жыйынтыктарын мүчө мамлекеттерге берүү | ЭӨМ ФМ АЧММ ЭМ МКЖА | 2015-жылдын 10-марты | ||||
90 | Союзду түзүүнү эске алуу менен Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү үчүн өзгөртүү киргизүү же болбосо жоюуну талап кылган Кыргыз Республикасынын өнөр жай чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын тизмегин аныктоо жана мүчө мамлекеттерге берүү | ЭӨМ МКЖА ФМ АЧММ | 2015-жылдын 10-марты | ||||
91 | Евразия экономикалык союзун түзүүнү эске алуу менен БС жана ЕЭМдин келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү үчүн өнөр жай чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө ЕЭМге жана мүчө мамлекеттерге маалымдоо | ЭӨМ ФМ АЧММ МКЖА | Кошулган учурда | ||||
92 | Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай, Кыргыз Республикасынын аймагындагы жеңил өнөр жай товарларынын ири базарларынын ("Дордой", "Кара-Суу", "Мадина") иштөөсү, Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча кабыл алынган чаралар чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелерди табуу боюнча кеңешмелерди өткөрүү | ЭӨМ ФМ АЧММ ЭМ МКЖА | Кошулганга чейин | ||||
93 | Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2014-жылдын 31-январындагы № 1 "Жеңил өнөр жай тармагындагы Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин кызматташуусун өнүктүрүү жөнүндө" сунуштоосун, анын ичинде Союздун бажы аймагында өндүрүмдүн айрым түрлөрүн маркалоо тутумун иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча консультацияларды өткөрүүнү эске алуу менен Евразия экономикалык союзунун бажы жеңил өнөр-жай чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мүчө мамлекеттер менен кызматташуусун өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо | ЭӨМ ФМ АЧММ ЭМ Кыргызпатент МКЖА | 2014-2016 жылдар | ||||
XIII. Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө (Келишимдин 94-95-беренелери жана ага № 29 тиркеме) | |||||||
94 | Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелери боюнча мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары жана Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органын аныктоо | АЧММ | 2014-жылдын 10-ноябры | ||||
95 | 2011-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин, айыл-чарба товарларынын жана азык-түлүктүн тышкы соода түзүмүнүн (анын ичинде мүчө мамлекеттер менен) өнүгүшүн талдоо жана бул талдоонун жыйынтыктарын Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге берүү | АЧММ ЭМ УСК (макулдашуу боюнча) | 2014-жылдын 10-декабры | ||||
96 | 2011-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү программалык документтерге талдоо жүргүзүүнүн негизинде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын мамлекеттик колдоо чараларын ишке ашыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатка сереп салуу жана серептин жыйынтыктарын Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге берүү | АЧММ ФМ | 2014-жылдын 10-декабры | ||||
97 | Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү, айыл чарба тармагындагы ДСУнун алкагындагы милдеттенмелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын үчүнчү өлкөлөр менен түзгөн эл аралык келишимдеринде каралган Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мүчө мамлекеттер менен кызматташуу маселелери боюнча консультацияларды өткөрүү | АЧММ ЭМ | 2014-2015-жылдар | ||||
98 | Келишимдин XXV бөлүмүнүн жана ага № 29 тиркеменин жоболоруна шайкештигин камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын мамлекеттик колдоо тууралуу кабарламаны даярдоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу | АЧММ ЭМ | Кошулгандан кийин | ||||
99 | Мүчө мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын ортосунда айыл чарба чөйрөсүндөгү аналитикалык жана статистикалык маалыматты алмашуу | АЧММ УСК (макулдашуу боюнча) | 2014-2015-жылдар | ||||
XIV. Эмгек миграциясы чөйрөсүндө | |||||||
1. 2010-жылдын 19-ноябрындагы Үчүнчү мамлекеттерден легалдуу эмес эмгек миграциясына каршы туруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кошулуу | |||||||
100 | Үчүнчү мамлекеттерден легалдуу эмес эмгек миграциясына каршы туруу боюнча кызматташуу маселелери боюнча мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары жана Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органын аныктоо | ЭМЖМ ИИМ ТИМ МКК МУКК МЧК | 2014-жылдын 10-ноябры | ||||
101 | 2010-жылдын 19-ноябрындагы Үчүнчү мамлекеттерден легалдуу эмес эмгек миграциясына каршы туруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулушуна байланыштуу өзгөртүү киргизүү талап кылынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тизмесин аныктоо жана Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге бул чөйрөдөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү чаралардын ырааттуулугун жана этаптуулугун аныктоо менен берүү | ЭМЖМ ИИМ ТИМ МКК МУКК МЧК | 2014-жылдын 10-декабры | ||||
102 | 2010-жылдын 19-ноябрындагы Үчүнчү мамлекеттерден легалдуу эмес эмгек миграциясына каршы туруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кошулуу үчүн эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге маалымат берүү | ЭМЖМ ИИМ ТИМ МКК МУКК МЧК | 2015-жылдын 1-январы | ||||
103 | Үчүнчү мамлекеттерден легалдуу эмес эмгек миграциясына каршы туруу боюнча кызматташуу маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы менен мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнө консультацияларды өткөрүү | ЭМЖМ ИИМ ТИМ МКК МУКК МЧК | Зарылчылыкка жараша | ||||
2. Эмгек миграциясы чөйрөсүндө (Келишимдин 96-98-беренелери жана ага № 30 тиркеме) | |||||||
104 | Эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук статусу маселелери боюнча мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары жана Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органын аныктоо | ЭМЖМ ТИМ | 2014-жылдын 10-ноябры | ||||
105 | Союзду түзүүнү эске алуу менен Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына шайкештигине карата миграция, социалдык, пенсиялык камсыздоо, билим берүү, саламаттык сактоо, медициналык камсыздандыруу (мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу ченемдерине талдоо жүргүзүү жана бул талдоонун жыйынтыктарын Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге берүү | ЭМЖМ СӨМ ССМ ТИМ БИМ СФ ММКФ | 2014-жылдын 10-декабры | ||||
106 | Кыргыз Республикасы менен үчүнчү мамлекеттердин ортосунда (анын ичинде КМШнын алкагында) түзүлгөн эл аралык келишимдерде каралган миграция, социалдык, пенсиялык камсыздоо, билим берүү, саламаттык сактоо, медициналык камсыздандыруу (мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын милдеттерине талдоо жүргүзүү жана бул талдоонун жыйынтыктарын Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге берүү | ЭМЖМ СӨМ ССМ ТИМ БИМ СФ ММКФ | 2014-жылдын 10-декабры | ||||
107 | Союзду түзүүнү эске алуу менен, бул чөйрөдөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү чаралардын ырааттуулугун жана этаптуулугун аныктоо менен, аларды Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган миграция, социалдык, пенсиялык камсыздоо, билим берүү, саламаттык сактоо, медициналык камсыздандыруу (мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тизмегин аныктоо жана Евразия экономикалык комиссиясына, мүчө мамлекеттерге берүү | ЭМЖМ СӨМ ССМ ТИМ БИМ СФ ММКФ | 2014-жылдын 10-декабры | ||||
108 | Союзду түзүүнү эске алуу менен эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларын Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү үчүн аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана киргизилген өзгөрүүлөр тууралуу Евразия экономикалык комиссиясына жана мүчө мамлекеттерге маалымдоо | ЭМЖМ СӨМ ССМ ТИМ СФ | 2015-жылдын 1-январы | ||||
109 | Миграция, социалдык, пенсиялык камсыздоо, билим берүү, саламаттык сактоо (мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрүнө консультацияларды өткөрүү | ЭМЖМ СӨМ ССМ ТИМ СФ ММКФ | Зарылчылыкка жараша | ||||
3. Кыргыз Республикасынын мүчө мамлекеттер менен эки тараптуу эл аралык келишимдерди түзүүсү | |||||||
110 | Беларусь Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссия жөнүндө макулдашуу | ИИМ ТИМ | Беларусь Республикасы жана Кыргыз Республикасы макулдашылган мөөнөттө кошулгандан кийин | ||||
111 | Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссия жөнүндө макулдашуу | ИИМ ТИМ | Казакстан Республикасы жана Кыргыз Республикасы макулдашылган мөөнөттө кошулгандан кийин | ||||
112 | Беларусь Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Беларусь Республикасынын аймагында жана Беларусь Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашуу | ЭМЖМ ТИМ МКК | Беларусь Республикасы жана Кыргыз Республикасы макулдашылган мөөнөттө кошулгандан кийин | ||||
113 | Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жана Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашуу | ЭМЖМ ТИМ МКК | Россия Федерациясы жана Кыргыз Республикасы макулдашылган мөөнөттө кошулгандан кийин | ||||
XV. Жалпы жоболор | |||||||
114 | Ушул Пландын I-XIV бөлүмдөрүндөгү иш-чаралардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана бул мониторингдин жыйынтыктарын мүчө мамлекеттерге квартал сайын кабарлоо | ЭМ | Ар квартал сайын | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
(*) Аткаруу мөөнөтү каржылоонун булактары жана зарыл болгон көлөмдөрү болгон учурда белгиленген