Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2014-жылдын 26-декабры № 263
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун башкаруу тутумун
оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 8-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун ишин изилдөө боюнча жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ:
- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун бюджеттик ссудалар, чет өлкөлүк насыялар боюнча мамлекеттик зайымына каражаттарды эске алуу, талдоо жана кайтарууну камсыз кылуу бөлүгүндөгү ишин изилдесин;
- иштин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруу боюнча комиссиянын кароосуна Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун башкаруу тутумун оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча сунуш киргизсин.
3. Жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди ишке тартуу укугу берилсин.
4. Жумушчу топтун ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жуктелсун.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вкметунун Аппаратынын финансы жана кредит саясаты белумуне жөктөлсүн.
Өмөттүн Аппарат жетекчиси-министр |
|
Тиркеме
Молдоканов Шамшыбек Имашович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси |
Орозбаева Лада Жантаевна | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Азимов Алмазбек Курбаналиевич | Кыргыз Республикасынын Финансы .министринин орун басары; |
Касымалиев Адылбек Алешович | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Айткулов Суйунбай Шанызакович | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр-жай министринин орун басары; |
Керималиев Жаныбек Калканович | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Абдыбеков Азамат Мелисбекович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Каракулов Рустам Тулегенович | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары; |
Тезекбаева Айнура Сарылбековна | "Айыл банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Сариева Эльнура Токталиевна | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти. |