Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 515-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 26-декабры № 613-б

Кыргыз Республикасыным Социалдык фонду менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик социалдык коргоо фондунун ортосундагы Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө протоколдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мунөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик социалдык коргоо фондунун ортосундагы Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө протокол

 

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасыныи Социалдык фонду жана Азербайжан Республикасыныи Мамлекеттик социалдык коргоо фонду,

теңдик жана өз ара пайда табуунун негизинде эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнү каалап,

бул кызматташуу жалпы кызыкчылыктарга кызмат кылаарын жана эки өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин жогорулатууга салым кошоорун эске алып,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-берене

Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жана өз компетенциясынын алкагында өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө макулдашты.

2- берене

Тараптар өз компетенциясынын алкагында төмөнкү багыттар боюнча кызматташат:

- калкты социалдык жактан коргоо жана пенсиялык реформалар менен камсыз кылуу тутумунда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуунун абалы жөнүндө маалымат алмашуу;

- Кыргыз Республикасында жана  Азербайжан Республикасында пенсиялык реформалар жөнүндө маалымат алмашуу;

- Тараптардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тажрыйба алмашууга өбөлгө болуучу биргелешкен семинарларды жана/же тегерек столдорду өткөрүү;

- милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча делегацияларды жана эксеперттерди жиберишүү;

- макулдашылган программалардын негизинде биргелешкен социалдык изилдөөлөрдү жүргүзүү;

- өз ара пайдалуу кызматташтык боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишике ашыруу үчүн биргелешкен жумушчу топторду түзүү;

- өз ара кызыкчылыктарды билдирген маселелер боюнча мезгилдүү талдоолорду жүргүзүүгө жана кызматташуу үчүн стратегиялык жетектөөчү принциптерди иштеп чыгууга Тараптардын жетекчилерин катышуусу.

Ушул Протокол өз ара макулдашууда Тараптарга кьзматташуунун башка формаларын өнүктүүргө тоскоолдук кылбайт.

3- берене

Тараптар ушул Протоколдун 2-беренесинде көрсөтүлгөн багыттар боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун жагымдуу шарттарын камсыз кылуу үчүн тажрыйба алмашат.

Ушул Протокол эки Тараптын фипансылык жана уюштуруучулук мүмкүнчүлктөрүнө ылайык иштин жалпы программасынын негизинде колдонулат.

Транспорттук чыгымдарды жана жашап туруу чыгымдарын кошпогопдо иш-чараларды өгкөрүүгө байлапышкан чыгымдар тийиштүү жылга бул максатарга каралган финансылык каражаттардын алкагында бул иш чара өтүп жаткан мамлекеттин аймагындагы Тараптын эсебинен жүзөгө ашырылат

Тараптардын жетекчилери кошумча жолугушууларды өткөрүү тууралуу макулдашышы мүмкүн.

4- берене

Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөө же колдонуу боюнча Тараптардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон ар кандай кайчы пикирлер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана консультациялар аркылуу жөнгө салынат.

5- берене

Ушул Протокол Тараптардын мамлекеттери катышкан башка эл аралык келишимдерден келип чыккап укуктарга жана милдеттерге таасир этпейт.

6- берене

Ушул Протоколго Тараптардын өз ара макулдугу боюнча анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, өзүнчө протоколдор менен таризделе турган ушул Протоколдун 7-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кире турган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.

7- берене

Ушул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө акыркы билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул Протокол 5 (беш) жылдык мөөтнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири дагы жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө 3 (үч) ай калганга чейин жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка ушул Протоколдун иш-аракетин токтотуу ниетин билдирбесе, өзүнөн-өзу кийинки беш жылдык мөөнөткө узартылат.

Ушул беренеге ылайык Протоколду денонсациялоо, эгерде Тараптар башка жөнүндө келишпесе Протокол колдонулуп жаткан мөөнөттө башталган долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга таасир этпейт.

201__жылдын "___"________ _________ шаарында ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде эки түп нускада түзулдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.

Ушул Протоколдун жоболорун чечмөөлөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.

 

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фонду үчүн

Азербайдан Республикасынын Мамлекеттик

социалдык

коргоо фонду үчүн