Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2022-жылдын 27-сентябры № 515-т
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын, Социалдык фонду менен Азербайжан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлигинин ортосундагы Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө протоколдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 613-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Азербайжан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлигинин ортосундагы Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө протокол
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Азербайжан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлиги,
теңдиктин жана өз ара пайданын негизинде эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнү каалап,
бул кызматташуу эки өлкөнүн жалпы кызыкчылыктарына кызмат кыларын жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн деңгээлин жогорулатууга салым кошорун эске алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жана өз компетенцияларынын алкагында милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү макулдашты.
2-берене.
Тараптар өз компетенциясынын алкагында төмөнкү багыттар боюнча кызматташат:
- милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасында маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын пайдаланылышынын абалы жөнүндө маалымат алмашуу;
- Кыргыз Республикасындагы жана Азербайжан Республикасындагы пенсиялык реформалар жөнүндө маалымат алмашуу;
- Тараптардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тажрыйба алмашууга түрткү берген биргелешкен семинарларды же тегерек столдорду өткөрүү;
- милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча делегациялар жана эксперттер менен алмашуу;
- макулдашылган программалардын негизинде биргелешкен социалдык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- өз ара пайдалуу кызматташуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн биргелешкен жумушчу топторду түзүү;
- өз ара кызыкчылыктарды жараткан маселелер боюнча мезгилдүү талдоолорду жүргүзүүгө жана кызматташуу үчүн стратегиялык, жетектөөчү принциптерди иштеп чыгууга Тараптардын жетекчилеринин катышуусу.
Ушул Протокол Тараптарга өз ара макулдашууда кызматташуунун башка формаларын өнүктүрүүгө тоскоолдук кылбайт.
3-берене.
Тараптар ушул Протоколдун 2-беренесинде көрсөтүлгөн багыттар боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун жагымдуу шарттарын камсыз кылуу үчүн тажрыйба алмашат.
Ушул Протокол эки Тараптын финансылык жана уюштуруучулук мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык иштин биргелешкен иш программаларынын негизинде колдонулат.
Делегациялардын визитине байланыштуу эл аралык транспорттоо чыгымдары жана барган Тараптын аймагындагы транспорттоо, жашоо жана тамак-аш чыгымдары боюнча милдеттенмелерди жөнөтүүчү Тарап өзүнө алат. Тараптар кошумча жолугушууларды өткөрүү жөнүндө макулдашуусу мүмкүн.
4-берене.
Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда келип чыгышы мүмкүн болгон ар кандай пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү жолу менен жөнгө салынат.
5-берене.
Ушул Протокол Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу укуктарды жана милдеттенмелерди козгобойт.
6-берене.
Ушул Протоколго Тараптардын өз ара макулдугу менен анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, өзүнчө протоколдор менен таризделген, ушул Протоколдун 7-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кире турган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
7-берене.
Ушул Протокол кыргыз тарап анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө азербайжан тараптан жазуу жүзүндөгү кабарламаны дипломатиялык каналдар аркылуу алган датадан тартып күчүнө кирет.
Ушул Протокол 5 (беш) жылга түзүлөт жана эгерде Тараптардын бири жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин 6 (алты) айдан кечиктирбестен жазуу жүзүндө башка Тарапка ушул Протоколдун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу кабарлабаса, кийинки беш жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат.
Ушул беренеге ылайык бул Протоколдун колдонулушун токтотуу, эгерде Тараптар башка жөнүндө жазуу жүзүндө макулдашпаса, Протоколду колдонуу мөөнөтүнүн ичинде башталган долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга таасир этпейт.
20___-жылдын "____" ______________ ____________________ шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду үчүн |
| Азербайжан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлиги үчүн |
___________________________________________ |
| ___________________________________________ |